Казак тили
Расмий аталышы: |
Қазақ тілі, Қазақша |
---|---|
Өлкөлөр: | |
Расмий статусу: | |
Колдонгондордун жалпы саны: |
17,741 млн (2024) |
Классификациясы | |
Түрмөгү: | |
| |
Жазылышы: |
кириллица жана араб жазуусу |
Тилдер коду | |
ISO 639-1: |
kk |
ISO 639-2: |
kaz |
ISO 639-3: |
kaz |
Казак тили (каз. қазақ тілі, қазақша) — казактардын тили. Казакстан Республикасынын мамлекеттик тили. Түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. Адабий казак тили түндүк-чыгыш диалектинин негизинде калыптанган. Жазма эстеликтери 19-кылымдан башталган.
Казак тилинин негизги өзгөчөлүктөрү: жалпы түрк тилдеринен «ч» тыбышынын ордуна «ш» тыбышы (мисалы, кач-каш), «ш» тыбыштын ордуна «с» тыбышы (мисалы, кыш-кыс ж. б.); «й», «дж», «с», «ч» тыбыштарынын ордуна «ж» тыбышы (йок - жок) колдонулганы менен айырмаланат. Казак тили адегенде араб, кийин латын алфавитинде болгон. 1940-жылдан орус графикасындагы алфавитке өткөн. Казак тили Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Россия мамлекеттеринин айрым аймактарына жана Кытай, Моңголия, Иран, Афганстан, Пакистан, Түркия сыяктуу чет өлкөлөргө тараган. Казак тилинде сүйлөгөндөрдүн жалпы саны 23 млнго жакын. Морфологиялык жагынан кыргыз тилине окшош. Синтаксистик өзгөчөлүгү боюнча Казак тилинде атоочтук жана чакчыл түрмөктөрдүн негизинде уюшулган сүйлөм конструкциялары кеңири колдонулат. Жөнөкөй жана татаал сүйлөмдүн компоненттеринин ортосундагы байланыш чектелген. Казак тилинин лексикалык тутумун жалпы түрк сөздөрүнүн катмары жана аз сандагы араб тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр түзөт. Советтик мезгилде орус жана европалык тилдерден көп сөз кирген. Адабий тили 15-19-кылымда калыптанып, адабий тилинин негиздөөчүсү Абай Кунанбаев болгон. Жаңы Казак алфавити: Казак алфавити (Январь 2021)[1]
A a (А а) |
Ä ä (Ә ә) |
B b (Б б) |
D d (Д д) |
E e (Е е) |
F f (Ф ф) |
G g (Г г) |
Ğ ğ (Ғ ғ) |
H h (Х х, Һ һ) |
I ı (І і) |
İ i (Й й, И и) |
J j (Ж ж) |
K k (К к) |
L l (Л л) |
M m (М м) |
N n (Н н) |
Ŋ ŋ (Ң ң) |
O o (О о) |
Ö ö (Ө ө) |
P p (П п) |
Q q (Қ қ) |
R r (Р р) |
S s (С с) |
Ş ş (Ш ш) |
T t (Т т) |
U u (У у) |
Ū ū (Ұ ұ) |
Ü ü (Ү ү) |
V v (В в) |
Y y (Ы ы) |
Z z (З з) |
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5