Фенноскандия

Википедия дан

Фенноскандия - Түндүк Европадагы табигый аймак.

Фенноскандияны Балтика, Түндүк, Норвег, Баренц, Ак деңиздер чулгайт. Скандинав, Кола жарым аралдарынын жана чектеш аймактарды (Финн булуңу, Ладога жана Онега көлдөрүн жана Ак денизди туташтырган шарттуу сызыктын түндүк-батыш тарабын) камтыйт. Аянты 1,5 млн км2дей. Рельефинде пенеплендешкен тайпак тоолор басымдуу. Ирилери: Скандинавия (эң бийик жери 2469 м, Гальхёпигген чокусу), Хибин, Норланд. Фенноскандиянын көп бөлүгүнүн климаты мелүүн (батышында деңиздик, чыгышында континенттик). Скандинавия тоосунун батыш капталдарында жаан-чачын 2000-3000 ммте чейин жааса, чыгышында 400-500 мм. Дарыяларынын суусу мол, босоголуу. Көлдөр жана саздар арбын. Аймагынын У2 бөлүгүнөн көбүн токой (тайга, түштүгүндө ара лаш жана жазы жалбырактуу токой) ээлейт. Түндүгүндө жана тоолорунда тундра өсүмдүктөрү өсөт. Темир (Швеция, Норвегия), жез, никель, апатит (РФ), хромит (Финляндия), полиметалл кендери бар. Фенноскандиянын аймагында Швеция, Норвегия, Финляндия мамлекеттери, Россиянын (Кола ж. а., Карелия) бир бөлүгү жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4