Эпидемиология
Эпидемиология (бай. грекче ἐπιδημία – элге; λόγος – окуу) – бул эпидемиялар жөнүндө илим; ал эпидемиялардын келип чыгуу себептерин, алардын өнүгүү мыйзамченемдүүлүгүн, басаңдоо шарттарын изилдейт жана эпидемиялык ооруларга каршы күрөшүү чараларын иштеп чыгат.
Эпидемиология объективдүү мыйзам ченемдүүлүктөрдү аныктап, жугуштуу оорулардын пайда болушуна жана жайылышына алып келиши ыктымал айрым байланыштарды ачып берет. Ошондой эле жугуштуу оорулардын жайылышына бөгөт коюу жана алардын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн толугу менен жоюу жолдорун иштеп чыгат.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Байыркы грек дарыгери жана философу Гиппократ эпидемиология илиминин негиздөөчүсү деп эсептелет. Гиппократтын мезгилинен бери "эпидемия" сөзү адамдар арасындагы жугуштуу жана жугуштуу эмес мүнөздөгү жалпы ооруларды түшүндүрүп келген.
Байыркы жана орто кылымдарда эпидемияларга негизинен вирус ооруларынын жайылышы себеп болгон, бирок вирус деген эмне жана ал организмге кандайча кирет деген ар кандай түшүнүктөр жашаган.
Гиппократ айткан биринчи теория эпидемияларга адамдын денесине айрым заттардын – миазмалардын кириши себепчи деп болжолдогон. Алар мейкиндикте, топуракта же саздак жерлерде болот. Гиппократтын аталган теориясына ылайык, ошол миазмаларды дем алуу жапатырмак ооруга алып келет.
Грек философу Аристотель айткан экинчи теория, биринчиге окшош. Ал адамдар арасында тирүү оору козгогучтун жайылышы эпидемиянын оожалышынын себеп болот деп айткан.
Максаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эпидемиология илими калктын саламаттыгын сактоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат жана анын милдеттери:
- Коомдогу негизги саламаттык маселелерин аныктоо;
- Жугуштуу оорунун жугуу коркунучун күчөтүүчү факторлорду аныктоо;
- Оорунун оожалышын болжолдоо;
- Жугуштуу оорулардын оожалышын алдын алуу же көзөмөлдөө жолдорун издөө
- Илдеттерди көзөмөлдөөнүн эң ылайыктуу стратегиясын аныктоо;
- Ылайыктуу ыкмалар менен эпидемияга алып келүүчү жугуштуу ооруларды жок кылуу.
Эпидемиология усулу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эпидемиологиядагы илимий изилдөөнүн негизги усулу болуп эпидемиологиялык усул эсептелет. Эпидемиологдор коомдо жугуштуу оорулардын пайда болушуна жана жайылышына байланыштуу болуп жаткан кубулуштарга байкоо салып турушат.
Эпидемиологиялык усул төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- Келип чыгуу себептерин жана вирустун жайылышына түрткү болуучу шарттарды аныктоо максатында илдетти иликтөөнү;
- Диагнозду тактоо максатында ар кандай микробиологиялык анализдерди;
- Калктын иммунитетин аныктоо үчүн серологиялык усулдарды.
Эндемия, эпидемия жана пандемия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эпидемиологиянын илим катары изилдөө предмети жугуштуу оорулардын жүрүшүн жалгыз-жарым учурда да жана жапырт кесел түрүндө да изилдөө болуп саналат. Өз кезегинде жапырт кеселдер төмөнкү формаларга бөлүнөт:
- Эндемиялык илдет – белгилүү бир аймакка мүнөздүү илдет. Көбүнчө чөйрөдөгү кандайдыр бир химиялык элементтин курамынын кескин жетишсиздиги же ашып кетиши менен байланышкан. Өсүмдүктөрдө, жаныбарларда жана адамдарда оожалышы мүмкүн. Калк арасында сасык тумоонун вирусу пайда кылган оорулардын белгилүү бир үлүшү кадыресе тараган, эгерде аталган үлүштөн ашып кетсе, анда эпидемия жөнүндө сөз болот.
- Эпидемия – бул жугуштуу оорунун кыска мезгил аралыгында адамдарга тез жайылышы. Кеселдердин өтө көбөйүп кетиши кайсы өлкөдө болбосун өзгөчө кырдаалды жарата алат.
- Пандемия – өлкөлөрдүн жана континенттердин басымдуу бөлүгүн камтыган эпидемиянын эң кооптуу түрү. Эпидемиялык процесстин оожалышынын эң жогорку даражасы.
Дагы караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Калтыратма
- С витамини
- Өзүнчө обочолонуу
- КР Саламаттыкты сактоо министрлиги
- COVID-19 пандемиясы
- COVID-19 пандемиясынын кутум теориялары
- Эмдөөгө каршы болуу
- Социалдык аралык
- Иммундоо
- COVID-19ду алдын алуу
- Сасык тумоо
- Элдик медицина