Мазмунга өтүү

Айжигитов Султанбай Абдрашитович

Википедия дан
Айжигитов Султанбай
Айжигитов Султанбай Абдрашитович
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаты
желек
желек
 29-декабрь, 2021
 
Жарандыгы: СССР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Дини: Ислам
Туулган жери: Ош облусу, Ноокат району, Караван айылы
Балдары: 5 баласы бар
Партиясы: Ыйман Нуру саясий партиясы.
Билими: Ички иштер министрлигинин Академиясы
Кесиби: юрист

Айжигитов Султанбай Абдрашитович (27-май, 1958-жылы : Караван, Ноокат району, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР) — Кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

«Ыйман Нуру» саясий партиясы, «Ыйман Нуру» фракциясы.

1958-жылдын 27-майында Ош облусунун Ноокат районунун Караван айылында туулган.
1975-жылы Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепти аяктаган.
Улуту - Кыргыз.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешининнин VI чакырылышынын депутаты.
«Ыйман Нуру» саясий партиясынан шайланып келген. «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын мүчөсү.
Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетиин мүчөсү.

Үй-бүлөлүү, 5 баланын сүйүктүү атасы.

Билими жогорку

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Класстык чени

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ишмердүүлүгү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • 1983-1987-жылдары – Манас аэропортуна караштуу Фрунзе биргелешкен авиаотрядынын Авиа техникалык базасында инженер.
  • 1987-1993-жылдары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде оперативдик кызматкер, ага оперативдик кызматкер жана бөлүмдүн башчысы.
  • 1993-1994-жылдары – «Кыргызстан аба жолдору» Улуттук авиакомпаниясынын Президентинин жардамчысы, авиациялык коопсуздук болумунун башчысы.
  • 1995-1997-жылдары – «Кыргыз Жер» акционердик коммерциялык банкынын төрагасынын кеңешчиси.
  • 1997-1998-жылдары – «Кыргызстан аба жолдору» Улуттук авикомпаниясынын Президентинин жардамчысы.
  • 2000-2000-жылдары – Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатордун кеңешчиси, пресс-катчысы.
  • 2000-2001-жылдары – Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын өнөр жай, курулуш жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы.
  • 2001-2004-жылдары – «Баткен» авиаишканасынын генералдык директору.
  • 2004-2004-жылдары – Баткен облустук суу чарба башкармалыгынын начальнигинин финансы-экономикалык маселелер боюнча орун басары.
  • 2005-2008-жылдары – Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор.
  • 2008-2010-жылдары–Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси.
  • 2010-2010-жылдары – Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатордун орун басары.
  • 2010-2011-жылдары – Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор.
  • 2011-жылдын январь айынан 2011-жылдын ноябрь айына чейин –Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси.


http://www.kenesh.kg/ky/deputy/show-from/214/committee/3 https://sputnik.kg/20211102/ajzhigitov-sultanbaj-abdrashitovich-omur-bayan-1054435350.htmlhttps://www.youtube.com/@user-yg1rs9vn1c(жеткиликсиз шилтеме)