Мазмунга өтүү

Астрономиялык приборлор жана аспаптар

Википедия — ачык энциклопедия

Астрономиялык приборлор жана аспаптар - астрономиялык байкоолорду жүргүзүүгө арналган куралдар. Буларга байкоо жүргүзүүчү (телескоптор) ж-а жарыкты анализдөөчү аппараттар, убакытты өлчөөчү приборлор, эсептеп чыгаруучу машиналар кирет. Оптикалык телескоптор асман объектилеринин жарыгын топтоп, алардын сүрөттөлүшүн түзөт. Алар оптика схемалары б-ча, күзгүлүү система - рефлекторлор, линзалуу система-рефракторлор ж-а күзгүлүү-линзалуу система (Шмидт, Максутов телескоптору ж. б.) болуп бөлүнөт. Телескоптор колдонулушуна жараша жылдызды, тумандуулукту, галактиканы, планеталарды ж-а Айды изилдөөчү болуп айырмаланат. Колдонулуучу аспаптарга: кассеталар, спектрографтар, электрофотометрлер м-н жабдылган ири рефлекторлор, бир эле мезгилде асмандын чоң бөлүгүн сүрөткө түшүрүүчү аспаптар - Максутовдун же Шмидттин кең бурчтуу астрографтары; асман объектилеринин координаталарын ж-а алардын меридиан аркылуу өтүү убактысын өтө так ченөөчү аспаптар кирет. Мурдагы убакыт приборлору: күн сааты, гномон ж-а квадранттардын ордуна азыркы кварцтуу ж-а молекулалык (же атомдук) сааттар колдонулат. Байкоодо алынган сүрөттөр: блинккомпаратор, микрофотометр ж-а жылдыздык микрофотометр сыяктуу лабораториялык приборлордо изилденип, байкоо натыйжалары эсептөөчү машинада эсептелет. Планетарийлердеги аппараттар, Күн системасынын модели да астрологиялык приборго кирет. Радиоастрономияда радиотелескоптор ж. б. изилдөөлөрдө телескоптун түрлөрү (күн телескобу, нейтрондук телескоп) колдонулат. Мындан тышкары астрономияда телескоптун фокусунда жайгашкан ар түрдүү нурланууну кабылдагычтар да приборлордун катарына кирет.


АтыКыскача маалыматСүрөтү
1Квадрантбурч өлчөөчү астрономиялык эски курал
2Дүрбүалыскы нерселерди жакын кылып көрсөтүүчү оптикалык курал
3Коронографмонохромат жарыгында Күн таажысын жана хромосфераны байкоо үчүн жасалган телескопno photo
4Компасмейкиндикти аныктоо үчүн колдонулган жабдык
5Кварц саатысааттын жүрүшү кварц генераторунун термелүүсү менен аныкталып, убакытты так эсептөөчү курал
6Саатубакытты эсептөөчү курал
7Астрономиялык саатөтө жогорку тактыктагы саат, термелүү маятниги убакыттын бир калыптагы шкаласын берет
8Телескопасман телолоруна байкоо жүргүзүүчү астрономиялык оптикалык аспап

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1