Атабек Азисбеков
| Атабек Азисбеков | |
| Жынысы |
эркек |
|---|---|
| Жарандыгы | |
| Чеберчилиги | |
| Клубу |
РУОР (Бишкек) |
| Төрөлгөн датасы | |
| Төрөлгөн жери | |
| Спорттук карьерасы |
2008 — а. у |
| Машыктыруучу |
Уран Калилов |
| Бою |
175 см |
| Салмагы |
82—87 кг |
| Спорттук чини |
Кыргыз Республикасынын Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери |
Атабек Азисбеков (төр. 15-июль, 1995; Арал, Талас району, Талас облусу, Кыргызстан) — Кыргызстандык спортчу жана грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери, Азия оюндарынын жана дүйнө чемпиондугунун байге ээси, Кыргыз Республикасынын күрөш боюнча көп жолку чемпиону жана эл аралык деңгээлдеги спорт чебери. Олимпиада оюндарынын катышуучусу (2020)[1] .
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Атабек Азисбеков 1995-жылы 15-июлда Талас облусундагы Талас районунун Арал айылында туулган. Атасы Азисбек Көчөрбаев 1969-жылы туулган, дыйкан чарбачылыгы менен алектенет. Апасы Жылдыз Курманалиева 1969-жылы туулган, башталгыч класстын мугалими. Төрт бир туугандын улуусу. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин экономика факультетин аяктаган.
Карьерасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2011 — Таиландда өткөн кадеттер арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль;
- 2011 — Москвада өткөн эл аралык турнирде алтын медаль;
- 2012 — Бишкекте өткөн кадеттер арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль;
- 2014 — Бакуда өткөн жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинде коло медаль;
- 2014 — Казакстанда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль;
- 2015 — Дохада өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш медаль;
- 2016 — Астанада өткөн Азия чемпионатынын лицензиялык мелдешинде коло медаль;
- 2017 — Ашхабадда өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында күмүш медаль;
- 2018 — Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда күмүш медаль;
- 2019 — Алма-Атада өткөн дүйнө чемпиондугунда бешинчи орун.
Жыйынтыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Жылы | Мелдештер | Өткөргөн шаар/өлкө | Жыйынтыгы | Категориясы |
|---|---|---|---|---|
| 2013 | Универсиада | 19 | —74 кг | |
| 2015 | Азия чемпиондугу | 2 | —75 кг | |
| Дүйнө чемпиондугу | 11 | —75 кг | ||
| 2016 | Дүйнө чемпиондугу | 21 | —80 кг | |
| 2017 | Ислам оюндары | 5 | — 80 кг | |
| Жабык имараттагы Азия оюндары | 2 | — 80 кг | ||
| 2018 | Азия чемпиондугу | 2 | — 82 кг | |
| Дүйнө чемпиондугу | 5 | — 82 кг | ||
| 2019 | Азия чемпиондугу | 8 | —87 кг | |
| Дүйнө чемпиондугу | 5 | —87 кг | ||
| 2021 | Азия чемпиондугу | 2 | —87 кг | |
| 2021 | Олимпиада оюндары | — | —87 кг |
Эскермелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Атабек Азисбеков — International Wrestling Database сайтындагы профили (англ.)
- Азисбеков Атабек Азисбекович