Далбаев, Сатыбалды

Википедия дан
Далбаев, Сатыбалды
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Далбаев Сатыбалды
Туулган жылы: 1934-жыл
Туулган жери: Ооган-Талаа кыштагы, Ачы району, Жалал-Абад облусу, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр жана кино артисти
Наамдары: Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1957-жылдан баштап ушул кезге чейин
Театр: Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры

Сатыбалды Далбаев (1934-жылы туулган) – кыргыздын даңазалуу театр жана кино артисти.

Кыскача өмүр баяны жана чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сатыбалды Далбаев 1934-жылы Кыргызстандын азыркы Жалал-Абат облусуна караштуу мурдагы АчыЮ азыркы Базар-Коргон районундагы ажайып Арстанбап жергесинде, Ооган-Талаа кыштагында туулган.

Ал орто мектепти аяктагандан кийин 1952-жылы Москва шаарындагы мамлекеттик театр өнөрү институтуна (ГИТИС) кирет.

Студенттик мезгилден тартып эле Сатыбалды Далбаев чыгармачылык дареметинин күчтүү экенин айгинелеп, курсташтарынын ичинен дароо алдыңкы катарга суурулуп чыгып, ГИТИСте окуган кыргыз студиясы койгон дипломдук спектаклдерде башкы ролдорду ийгиликтүү ойноп келген.

Сатыбалды Далбаев Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик жогорку театралдык институттан 5 жыл билим алып, профессор Михаил Петрович Чистьяков сыяктуу советтик театр чөйрөсүнөгү мыкты окутуучулардан таалим-тарбия алган.

Аталган институтту 1957-жылы аяктап келип, курсташтары Асанбек(Арсен) Өмүралиев, Болот Шалтаев, Зоя Молдобаева, Жанузак Молдобаев ж.б. менен чогуу Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына артист болуп кабыл алынат.

Ошол кезден ушул убакка чейин ушул театрда үзүрлүү эмгектенип келе жатат.

Театр өнөрүнө салымдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Театрда эмгектенген жарым кылымдан ашуун мезгилдин ичинде С.Далбаев дүйнөлүк жана кыргыз драматургиясы боюнча коюлган ондогон спектаклдерде башкы жана борбордук ролдорду ийгиликтүү ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнө аттын кашкасындай таанылган.

С.Далбаевдин ысымы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Сыдыкбек Жаманов, Насыр Кытаев ж.б. у. сыяктуу, алгачкы карылгачтарынан кийинки муундан чыккан атактуу артисттери Советбек Жумадылов, Асанбек Кыдырназаров, Асанбек Өмүралиев, Гүлшара Дулатова, Зоя Молдобаева, Жамал Сейдакматова, Болот Шалтаевдердин катарында турат.

С.Далбаевдин актердук табиятын театр иликтөөчү А.Жунушов минтип мүнөздөгөн: “Сатыбалды Далбаевди башка актерлордон айырмалап турган бирден-бир сапат анын интеллектуалдык ажары, ийкемдүү, элпек мүнөзү болуп эсептелет. Актердун кубакай жүзү, мүнөзүнө чечкиндүүлүк берген жазы маңдайы, ишенчээк мээримдүү көзү, анын сахнада ойной турган каармандарын күн мурунутан эле белгилүү кылып тургандай таасир калтырат”.

С.Далбаевдин ар бир ойногон ролу нукура реалисттик манерада ишке ашкан. Эмоциялары театралдуу эмес, кудум турмуштагыдай. Ошон үчүн С.Далбаевдин түзгөн образдары көрүүчүнү толук бойдон ынандырат. Бул анан актердук табиятынын өзгөчөлүгү.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Манас» ордени, «Даңк» медалы менен сыйланган.

«КР эл артисти» наамына, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка арзыган.

Кыргыз мамлекети С.Далбаевдин кыргыз улуттук сахна өнөрүнө сиңирген эмгегин жогору баалап ага башка да республиканын жогорку наамдарын ыйгарган жана орден, медалдар менен сыйлаган.

Азыр Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа кыштагында жайгашкан № 17 орто мектеп Сатыбалды Далбаевдин ысымын алып жүрөт.

Базар-Коргон районунун ардактуу атуулу (2014).

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өмүрлүк жубайы Мираида Далбаеваны (1939-жылы туулган) дагы театрдан жолуктурган.

Экөө 1958-жылы 5-январда үйлөнүп, 20-январда үйлөнүү үлпөтүн өткөрөт.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Мираида Далбаева кыргыз драма театрынын сахнасында А.П.Чеховдун «Алчалуу бак» пьесасында Раневскаяны, Ш. Садыбакасовдун «Ак боз ат» драмасында Эркайымды, Чыңгыз Айтматовдун “Жамиласында” Жамиланы, Аалы Токомбаевдин “Өлбөстүн үрөөнү” трагедиясында Айганышты, Островскийдин Добулунда Катеринаны, Шекспирдин "Король Лиринде" Регананы ойноп, Жалил Садыковдун "Манас" эпосу боюнча үчилтигинде Каныкей, Чачыкей баш болгон ондогон кайталангыс образдарды жаратты.

Балдары, небере-чөбөрөлөрү бар.

Театрда ойногон негизги ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Незнамов(А.Н.Островский, “Күнөөсүз күнөөлүлөр”)
  • Лао-Си (Дже-Дзинь-Джи, Динь-Ни, “Ак чач кыз”)
  • Темир (К.Жантөшев, “Каныбек”)
  • Мичман (Б.Лавренов, “Кыйроо”)
  • Чун-Эр (Цао-Юй, “Тайфун”)
  • Бектемир, Ленин (К.Маликов, “Бийик жерде”)
  • Кычан (Ш. Бейшеналиев, “Кычан”)
  • Акмат (А.Көбөгөнов, “Карагай булак”)
  • Cелим (В.Эйранов, А.Левинский, “Кара алмаз”)
  • Акылбек (А. Куттубаев, К. Маликов, “Жаңыл-Мырза”)
  • Жылдыз (А.Мирзагитов, “Бечера энемдин ак чачы”)
  • Арман (А.Тажибаев, “Жалгыз дарак токой болбойт”)
  • Алагуш (К.Маликов, “Бир көчөнүн кыздары”)
  • Жакыпбек (Б.Өмүралиев, “Ата сөзү – ар-намыс”)
  • Жайнак (Ч.Айтматов, “Саманчынын жолу”)
  • Cейит (Ч.Айтматов, “Жамийла”)
  • Маке, Теңдик (М. Байжиев, “Балдар бойго жеткенде”)
  • Володя Ульянов (И.Попов, “Үй-бүлө”)
  • Миңжашар (Б. Жакиев, “Алтын аяк”)
  • Качыке (А.Токомбаев, “Өлбөстүн үрөнү”)
  • Чир (К.Тренев, “Любовь Яровая”)
  • Кырбаш (А.Дыйканбаев, “Мүрөктүн суусу”)
  • Лоренцо (У.Шекспир, “Ромео менен Жульетта”)
  • Немец коменданты (А.Макаенок, “Трибунал”)
  • Эйдзи (М.Каору, “Уурдалган өмүр”)
  • Фан (Т.Абдумомунов, “Таалай гүлдесетси”)
  • Аскар (Т.Абдумомунов, “Бюро жүрүп жатат”)
  • Аскар Тазабеков (Э.Турсунов, “Замандаш”)
  • Чоро (Ч.Айтматов, “Жаныбарым, Гүлсары”)
  • Жакып (Ж.Садыков, “Манастын уулу Семетей”)
  • Сагадеев (А.Абдуллин, “Он үчүнчү башкарма”)
  • Казьмин (В.Дозорцев, “Акыркы кирген адам”)
  • Казангап (Ч.Айтматов, “Кылым карыткан күн”)
  • Карыя (Б.Жакиев, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”)
  • Фотограф, Доктор (Н.Хихмет, “Унутулган адам”)

Тартылган кинолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Алыскы тоолордо”

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет энциклопедиясы. Фрунзе, 1977-жыл, 2-том.
  • А.Жунушов, Сахна чеберлери. Фрунзе, “Кыргызстан”, 1988.
  • Ж.Кулмамбетов, “Театр дүйнөсүндө”.Фрунзе, “Кыргызстан”, 1987.
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4

Интернет шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]