Дональд Лу

Википедия дан
Доналд Лу
англ. Donald Lu
Доналд Лу
Желек
Желек
АКШнынКыргызстандагы элчиси
желек
желек
 12-октябрь, 2018
Президент: Дональд Трамп
Жо Байден
Андан мурунку: Шейла Гволтни
Желек
Желек
АКШнынАлбаниядагы элчиси
желек
желек
13-январь, 2015 — 24-июль, 2018
Президент: Барак Обама
Дональд Трамп
Андан мурунку: Александер Арвизу
Андан кийинки: Юрий Ким
 
Жарандыгы:  АКШ
Туулган жылы: 1966 жыл(1966)
Туулган жери: Хантингтон-Бич, Калифорния, АКШ
Жубайы: Ариэль Ахарт
Балдары: Кип, Алия
Билими: Принстон университети
Ишмердүүлүгү: дипломат

Дональд Лу (англ. Donald Lu) — АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси (2018-жылдан тарата). АКШнын Албаниядагы элчиси (2015-2018).

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дональд Лу Калифорниянын Хантингтон-Бич аттуу жеринин тургуну. Ал Принстон университетинде эл аралык мамилелер адистиги боюнча магистр жана бакалавр даражаларын жактап билим алган. Анын жубайы Ариэль Ахарт, алардын эки баласы бар: 16 жаштагы Кип жана 13 жаштагы Алия. Ал албан, орус, грузин, азербайжан, урду, хинди жана батыш африкалык крио тилдеринде сүйлөйт. Велосипед минип сейилдөөнү, кино тасмаларды көрүүнү, саякатка чыгууну жана бош убактысын үй-бүлөсү менен өткөрүүнү жактырат.

Лу ммамлекеттик кызматтагы 28 жылдык тажрыйбасы бар дипломаттык кызматкер. Ал Пакистан, Индия , Грузия, Кыргызстан, Азербайжан жана Вашингтондо иш аткарып келген, ошондой эле, 1988-1990-жылдары Батыш Африкадагы Сьерра Леонеде Тынчтык Корпусунун ыктыярчысы болуп, колго казылган кудуктарды калыбына келтирүүгө көмөктөшүп, саламаттыкты сактоо жана тазалык боюнча билимди жайылтууга жардамдашкан.

12-октябрь, 2018-жылдан тарта АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси, 2018 жылдын 18-сентябрында ант берген. Бул дайындоого чейин ал АКШнын Албания Республикасындагы элчиси катары кызмат кылган. Анын чет жердеги алып барган иштери Индия, Азербайжан жана Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиялардын жетекчилеринин орун басарынын кызматтарын камтыган, ошондой эле, АКШнын Азербайжандагы элчилигинде Убактылуу ишенимдүү өкүл катары бир жыл кызмат өтөгөн. Элчи Лу Батыш Африкадагы Эбола безгегинин жайылуусун токтотуу боюнча Мамлекеттик департаменттин Эбола эпидемиясына каршы күрөш боюнча координаторунун орун басары болуп да эмгектенген.