Мазмунга өтүү

Жет Ли

Википедия — ачык энциклопедия
Жет Ли
кыт. 李連杰 англ. Jet Li

Жет Ли «Коркуусуз» тасманын бет ача ача ачаарында. (2006-жыл)
Төрөлгөндөгү ысымы:

Ли Ляньцзе

Туулган датасы:

26 -апрель 1963(1963-04-26) (62 жаш)

Туулган жери:

Пекин , Кытай

Жарандыгы:

 Кытай
 Сингапур[1]
 АКШ

Кесиби:

актёр , ырчы

Карьерасы:

1982 — а. у.

IMDb:

ID 0001472

jetli.com

Жет Ли жана ошондой эле Ли Лианжи ысымы менен да белгилүү (кыт. улут. 李連杰, жең. 李连杰, пиньинь: Lǐ Liánjié
англ. Jet Li, Li Lian Jie; 1963-жылы, 26-апрелде туулган) - сахнадагы Жет Ли деген аты менен белгилүү. Кытайлык актер, продюсер, урушуу чебери жана Вушу боюнча чемпион атыккан - Жет Ли Пекин шаарында туулган. Ал Сингапур жарандыгын кабыл алган.

Ву Бин менен 3 жыл машыгуудан кийин ал Пекин Вушу командасына алгачкы жолу улуттук чемпионатты утуп жеңишти тартуулаган. Вушуну 19 жашында токтоткондон кийин ал "[[Шаолин ибадатканасы" (анг. Shaolin Temple, 1982) тасмасында дебюттук түрдө тартылуу менен Кытайда чоң мактоолорго арзыган. Андан соң ал көптөгөн алкыштарга ээ болгон эпикалык уруш тасмаларда тартыла баштаган. Алардын эң көрүнүктүүлөрү Жаң Йимоу тарткан "Баатыр" (анг. Hero, 2002) тасмасы, ошондой эле Rotten Tomatoes тарабынан мыкты деген баа берилген "Легенданын муштуму" (анг. Fist of Legend ) тасмасы жана "Бир жолу Кытайда" аттуу сериалда салттуу каарман Воң Фей-уңдун ролун аткарган.

Ал алгачкы жолу чет тилдеги "Өлтүрүүчү курал 4" (анг. Lethal Weapon 4 , 1998) тасмасында тартылып, анда терс каармандын ролун аткарган. Ал эми 2000-жылы "Ромео өлүшү керек" (анг. Romeo Must Die, 2000) тасмасында алгачкы жолу Голливуд тасмасында башкы ролду аткарган. Андан кийин ал көптөгөн экшн тасмаларда тартыла баштаган. Алардын ичинде Люк Бессондун "Ажыдаардын өбүүсү" (анг. Kiss of the Dragon) жана "Бошотуу" (анг. Unleashed) аттуу француз тасмалары бар. Ал ошондой эле "Бирөө" (анг. The One, 2001), Жеки Чан менен биргеликте "Тыюу салынган королдук" (анг. The Forbidden Kingdom, 2008), Силвестер Сталлоненин 3 бөлүмдүү "Карматкыстар" тасмаларында тартылып , "Апа: Ажыдаар падышанын күмбөзү" (анг. The Mummy: Tomb of the Dragon Emperor, 2008) тасмасында терс каармандын ролун аткарган.

Тасмаграфиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жылы Кыргызча аталышы Түпнуска аталышы Каармандык ролу
1982 т Шаолин ибадатканасы 少林寺Цзюэ Юань
1983 т Шаолиндин балдары 少林小子Сань Лун
1985 т Шаолиндин кунг-фусу 龍行天下Жет (о.э режиссёр)
1986 т Тубаса коргоочу 中華英雄Сяо Цзе
1986 т Шаолиндин күжүрмөн өнөрү 南北少林Линь Чжимин
1989 т ~ 龍在天涯Жимми Ли
1991 т Бир жолу Кытайда 黃飛鴻Вон Фэйхун
1992 т Бир жолу Кытайда 2 黃飛鴻之二男兒當自强Вон Фэйхун
1992 т Мастер 黃飛鴻'92之龍行天下Кит
1992 т ~ 笑傲江湖II東方不敗Лин Вучхун
1993 т Эки жоокер 太極張三豐Чжан Саньфэн
1993 т Легенда 方世玉Фон Сайюк
1993 т Легенда 2 方世玉續集Фон Сайюк
1993 т Бир жолу Кытайда 3 黃飛鴻之三:獅王争霸Вон Фэйхун
1993 т Жиндин кызматчысы 倚天屠龍記之魔教教主Чён Моукэй
1993 т Стальные когти 黃飛鴻之鐵雞斗蜈蚣Вон Фэйхун
1994 т Пекинден келген жансакчы 中南海保鑣Аллан Хёй Ченъён
1994 т Полиция академиясы 7: Москвадагы миссия Police Academy: Mission to MoscowНиколай Боярский
1994 т Легенданын муштуму 精武英雄Чэнь Чжэнь
1994 т Кызыл ажыдаардын легендасы 洪熙官之少林五祖Калып:Translation
1995 т Степень риска 鼠胆龍威Кит Ли
1995 т Тайный агент 給爸爸的信Кун Вай
1996 т Король приключений 冒險王Чау Сикит
1996 т Чёрная маска 黑俠Чхёй Чик / «Чёрная маска»
1997 т Однажды в Китае и Америке 黃飛鴻之西域雄獅Вон Фэйхун
1998 т Наёмный убийца 殺手之王Фу
1998 т Смертельное оружие 4 Lethal Weapon 4Ва Синь Ку
2000 т Ромео должен умереть Romeo Must DieХан Синь
2001 т Противостояние The OneГэйб Лоу/Габлиэль Юлоу / Лоулесс
2001 т Ажыдаардын өбүүсү Kiss of the dragon«Джонни» Лю Сюцзянь (также сценарист и продюсер)
2002 т Герой 英雄Безымянный
2003 т От колыбели до могилы Cradle 2 the GraveСу
2005 т Дэнни цепной пёс Danny the DogДэнни
2006 т Бесстрашный 霍元甲Хо Юаньцзя
2007 т Война WarУбийца Роуг
2007 т Полководцы 投名狀генерал Пан Цин-Юнь
2008 т Запретное царство The Forbidden KingdomКороль обезьян / Молчаливый Монах
2008 т Мумия: Гробница императора драконов The Mummy: Tomb of the Dragon EmperorИмператор Цинь Ши Хуан
2009 т Спецагент Арчер ArcherКапитан пират
2009 т Основание Китая 建國大業]]адмирал Чэнь Шаокуан
2010 т Неудержимые The ExpendablesИнь Ян
2010 т Океан небес 海洋天堂Сэм Вонг
2011 т Врата дракона 龍門飛甲Чжао Хуайань
2011 т Чародей и белая змея 白蛇傳說之法海монах-чародей
2012 т Неудержимые 2 The Expendables 2Инь Ян
2013 т Жетоны ярости 不二神探Хуанг Фей
2014 т Неудержимые 3 The Expendables 3Инь Ян
2016 т Лига Богов 封神榜Цзян Цзыя
  1. Джет Ли получил гражданство Сингапура