Мазмунга өтүү

Качканак тукуму

Википедия дан

Качканак тукумусаяк тобундагы каба уруусунан тараган урук, XVIII-XIX кылымдар бою Кетмен-Төбө өрөөнүн башкарган клан.

Бул топтун тарыхы саяк уруусунан XVII кылымда жашаган Сакай уулу Качканак бий менен жедигер уруусунан чыккан Зуура экөөнүн үйлөнүүсүнөн башталат. Уламыштарда Качканак бийге караганда, Зуура энеге көбүрөөк көңүл бурулгандыгы кызыгуу туудурат. Айтууларга караганда, кыз кезинде Зуура бир түш көрүп, түшүн жорутканда, болочокто төрт баатыр төрөй тургандыгы болжолдонот. Бир күнү Сакай уулу Качканак бий өзүнүн Молдо (Сокучу) деген тун уулу үчүн Зуурага жуучу түшүп келет. Бирок, Зуура ошондо Качканак бийдин өзүнө гана турмушка чыгууну каалаганын ачык айтып, натыйжада экөө үйлөнүшкөн. Ошентип, Качканакка экинчи болуп тийген Зуура кийинд Асан, Арзымат, Көкүмбай жана Жорукту деген төрт уулду төрөгөн. Эл арасында Зуура эненин өз уулдары жөнүндө айткан төмөнкүдөй сөздөрү сакталып келет:

Асанды ашка туудум,

Арзыматты башка туудум.

Көкүмбайды доого туудум,

Жоруктуну жоого туудум.

Бул саптарда төрт баатырга психологиялык мүнөздөмө берилип, аларга бата айтылгандай сыяктуу. Чынында эле, Асан байлыкка, Арзымат бийликке жетсе, Көкүмбай калыс бий, ал эми Жорукту баатыр болгон.

Жуңгарлар тарабынан түштүккө сүрүлгөн кыргыздар кайра Кетмен-Төбө өрөөнүнө топтолушуп,18-кылымдын орто ченинде ата-журт үчүн согуш башташкан. Согуштан кийин ар кайсы уруулар ата-бабаларына тиешелүү өрөөндөрдү издешип, кээ бирлери жаңы конуштарга ээ болушкан. Ошондо каба-саяк уруусунун Актериден тарагандары Тогуз-Торого, Алагөз менен Шыкмаматтан тарагандары Ысык-Көлгө жана башка жерлерге чейин жетишип, ал эми качканак, кутунай, бегет ж.б. уруктары илгерки Кетмен-Төбөгө, азыркы Токтогул аймагына жайланышкан.

Качканак менен Зууранын уулу Арзымат ошондо кетментөбөлүктөрдүн башын бириктирген жана ошол себептен качканак тукуму бул өрөөндө башкаруучу үй-бүлө катары тааныла баштаган. Арзымат бий кыргыз мамлектинин тагдырына кайдыгер карабаган инсандардан болгон. Тарыхта 1760-жылы кокондук Ирдана бий Ош шаарын каратып алганда, аны менен согушкан адыгине уруусунан Ажы бийге жардамга баруу үчүн аркалыктардан Арзымат бий жалпы кыргыз элин биригүүгө үндөгөн, бирок Цин империясы тоскоол болгон.

Качканак менен Зуура эненин небереси, башкача айтканда Арзыматтын уулу Садыр баатыр жаштайынан жуңгарларга каршы согуштарга катышып, Эр Солтонойдон таалим алып, көптөгөн эрдиктерди көрсөткөн. Арзымат бийдин Садыр, Сейит жана Бекболот деген үч уулу болгон. Садыр баатыр атасынан Кетмен-Төбөдөгү бийликти мурастап калып, кийин кыргыз-казак чегарасындагы кагылышууларга да катыша баштаган. Ал кыргыз аскерлеринин кол башчысы катары Эр Садыр аталып, 1774-жылдагы "Жайыл кыргынынан" кийин чыгыш кыргыздарын башкарууну өзү колго алган. Эр Садыр биринчи иретте өзүн "хан" деп жарыялап, мамлекеттеги чачыранды бийликти борборлоштурууну каалаган жана Таласка "Садыр-Коргон" деген борбордук чепти курдура баштаган. Ошол эле убакта Хан Садыр экинчи жагынан Абылай ханга каршы согуш жүргүзүп турган. Бирок, анын бийлиги Талас, Кетмен-Төбө, Тогуз-Торого чейин гана тарап, калган аймактардын бийлерин өзүнө тартууга, алардан колдоого алууга жетишпей калгандай. Анткени, 1779-жылдагы салгылашта Хан Садыр өзүнүн Доскул деген уулу менен кошо туткунга түшүп, Аблай хандын буйругу боюнча өлтүрүлгөн. Хан Садырдын Солотонкелди, Малай, Бердикожо, Доскул деген уулдары болгондугу айтылат.

1785-жылы Атаке бийдин тушунда Кетмен-Төбө өрөөнүн Арзымат уулу Сейит баатыр башкарып тургандыгы маалым.

Сейит бийден кийин Көкүмбайдын уулу Кыдырсейит «Бокбасар бий» деген аты менен таанылып, кетменбөлүктөрдү башкара баштаган. Жазуучу Аман Карымшаковдун санжырачы Кадыр Молдомусаевдин изилдөөсүнө таянуу менен берген кабарларына караганда, кетментөбөлүк Жаңгарач деген баатыр, аксылык Сатыкей баатыр жана башкалар ушул Бокбасар бий менен үзөңгүлөш, замандаш болушуп, кокондуктарга каршы күрөшүшкөн.

19-кылымдын башында Бокбасар бий ак-талаалык чоро-саяк уруусу менен жакын мамиледе болгондугун нарындык санжырачылар да айтышат. Кытай жазма булактарында болсо, ал 1825-32-жылдары Тайлак баатырдын саясатын колдоп-коштоп тургандыктан, Чыгыш Түркстандагы саясий окуяларга да катышкандыгы эскерилет.

Сейит баатырдын Нарбото, Багышбек деген уулдары болгон. Ушул Нарбото бийдин тушунда кетментөбөлүк кыргыздар Кокон хандыгына карашкан. Кокон хандыгынын тушунда деле кыргыз бийлери датка же манап катары өз өрөөнүндө өз алдынча бийлик жүргүзө беришкен. Нарботодон Ырыскулбек, Карагул, Түлөгул, Батырбек, Бектен деген уулдар чыгышкан. Ырыскулбек манаптын тушунда болсо, 1865-жылы башка кыргыз уруулары менен бирге кетмен-төбөлүк саяктар да Орусия империясынын бийлигин таанышкан. Орустар башкарган тушта да кыргыздардын автономдуулугу сакталып, бирок болуштуктарга шайлоо системасы киргизилген болчу. Ошондуктан, Ырыскулбектин уулдары: Актан, Дыйканбай, Атакан, Миңбай, Бактиярлар 20-кылымга чейин болуш катары башчылыкка шайланып турушкан. Ушул Ырыскулбектин уулдарынын Токтогул акын тарабынан «беш каман» деген атакка конушу тарыхтын табышмактарынан болуп келүүдө. Акыркы изилдөөлөргө караганда, бай-манаптарды адам катарынан чийдирген коммунисттик идеялогиянын таасириндеги советтик жазуучулар Токтогул айтпаган сөздөрдү айтты кылып жазышкандыгы, "Беш каман" темасын ойдон чыгарышкандыгы аныкталууда. Акыйкатта, Атакандын уулу Керимбай болуш өзүнүн Аалы деген бир тууганы менен Кетмен-Төбөнү басмачылардан коргосо, ошол эле Керимбай болуш менен Токтогул акын жакын мамиледе болгондугу да эл оозунда айтылып жүрөт.

20-кылымдын 20-жылдарында совет бийлиги кыргыз элинин бий тукумунан тараган бай-манаптарына карата саясий куугунтугун уюштурганда, буга Кетмен-Төбө өрөөнүнөн качканак тукуму да урпактары да учураган. Бул уруктан Маткерим бий сыяктуу жана башка аттуу-баштуу, таасирлүү адамдары сүргүнгө айдалган. Бул Маткерим бий Садыр хандын иниси Бекболоттун баласы. Маткерим бий азыркы Токтогул районундагы (Кетмен-Төбө өрөөнү) Арым болуштугун (Арым деген кенен жайлоо бар) башкарып турган. Ал кийин орус бийлиги тарабынан кулакка тартылып, күлүк аты менен Таласка качкан (Таласта берендер деген уруу бар. Ошолор менен карым-катнашта болуп, ошолорго качкан). Маткерим бийдин артында Самаган (улуу баласы) жана Самидин (кичүү баласы) деген уулдары калган. Маткерим бийдин кичүү баласы Самидин (Самидин Изамбаев) Токтогул районунда көп жылдар англис тилчи мугалим болуп иштеп, пенсияга чыккан. Маткерим бийдин урпактары Токтогул шаарында турат.

Жазуучу Арслан Койчиев качканактардан сейит тукуму ошол тушта Фергана өрөөнүнө качып жашырынышкандыгын изилдегени бар.