Кекеева Жаӊылай Сабырбековна

Википедия дан
Кекеева Жаӊылай Сабырбековна
Ишмердүүлүк тармагы:

Акын, фотограф, кол өнөрчү

Туулган датасы:

9 -июль 1989(1989-07-09) (34 жаш)

Туулган жери:

Аксы районунун Кербен шаары

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Кекеева Жаӊылай Сабырбековнаакын, көл өнөрчү (“JK brand’дин” ээси), фотограф.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаӊылай Кекеева 1989-жылы 9-июлда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында туулган. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын үчүнчүсү. 1995-жылы Сыны айыл өкмөтүнүн Алишер Молдокеев атындагы орто мектебинин 1-классына барып, 2007-жылы Кубатбек Өмүрлиев атындагы (Жардуу Колот) орто мектепти аяктаган. 2014-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Аксы филиалынын Финансы кредит бөлүмүн бүтүргөн.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кекееванын фото эмгеги

2009-жылы “Кыз жигит”, “Кыргыз караван”, “Шамбала” гезиттеринде штаттан сырткары кабарчы болуп эмгек жолун баштаган.

2010-жылы Кубатбек Өмүрлиев атындагы орто мектепте иш-кагаздарын жүргүзүүчү болуп эмгек жолун уланткан.

2010-жылдын декабрь айынан баштап Аксы аймактык оорукананын иш-кагаздарын жүргүзүүчү катары эмгектенген.

2012-жылдын ноябрь айынан 2019-жылдын июль айына чейин “Супер-Инфо” гезитинин “Super.kg” порталында медиа-редактор, модератор болуп иштеген.

2019-жылдан баштап жеке ишкер катары ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жанылай Кекеева 15 жашынан тартып ыр жазып баштаган. Чоӊ чоӊ атасы Кекей куйкум сөздү сүйлөгөн, комузда кол ойноткон киши болгон жана атасы Сабырбек Кекеев да ыр саптарды жаратканы белгилүү. Кандан өткөн талант Жаӊылай Кекееваны чыгармачылыкка алып келди. Анын ырларына алгачкылардан болуп 2009-жылы ырчы, обончу Эрлан Андашев обон жаратат. Ал белгилүү “Сүйүп калдым кантейин?” ыры. Ал чыгарма Эрлан Андашевди популярдуулукка жеткирген алгачкы ырларынын бири болгон. Бир катар хит ырлардын сөзүн жараткан Кекееванын чыгармачылык куржунунда:

1)   Эрлан Андашев – “Сүйүп калдым кантейин?”;

2)   Нурлан Насип“Мени унут”;

3)   Нурлан Насип менен Айгерим Расул кызы“Эки жүрөк” дуэти;

4)   Нурлан Насип менен Асель Кадырбекова“Бактымсыӊ” дуэти;

5)   Асель Кадырбекова – “Бактылуумун”;

6)   Ильз Абдыразаков – “Мени аяп кой”, “Коштошуу”, “Бар бол апакем”, “Ал менин сүйгөнүм”, “Сүйүүдө эмне күнөө”, “Кечир мени”, “Периштем”;

7)  Аваз Акимов – “Сезим сыры”;

8)  Айдана Дека – “Шекер экен” (авторлош);

9)  Бактыгүл Бадиева – “Бакытым”, “Кыздарым менин бактым”, “Кусалык”;

10) Айганыш Абдиева – “Жаным ай”;

11) Мыктыбек Нурланбеков – “Сени сүйдүм”;

12) Кызсайкал Кабылова – “Бактыма сен барсыӊ”;

13) KG Элмурат – “Эки жашка”, “Унут мени”, “Башканы издебе”, “Бакытым ал менин”;

14) Жайнагүл Тантиева – “Жарыӊ болоюн”;

15) Сардар Түркменов – “Жаӊы жыл”;

16) Айгерим Эшим – “Жаӊы жыл”;

17) Автандил – “Кара жаным”;

18) Эмил Жусупбеков – “Көргүм келет”;

19) Санжар Айтиев – “Сезесиӊби?” ырлары бар.

Ырлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Сүйүп калдым кантейин?”

Сөзү: Жаӊылай Кекеева

Обону: Эрлан Андашев


Ошол күнү толкунданып олтурдум,

Күндөр өттү жалгыз сени ойлоймун.

Жан дүйнөмө жарык берип бир өзүң,

Ак сүйүүнү жүрөгүмө орноттуң.

Көрдүм сени, көңүлүмө сен жактың,

Сага арнап чын жүрөктөн ыр жаздым,

Көрүшкөндө тик карабай көзүңө,

Уялдым, көздөрүңдү алып качтың.


Кайырма:

Сүйүп калдым кантейин?

Сүйүп калдым мен кантейин?

Сүйүп калдым кантейин?

Сүйүп калдым мен кантейин?


Пайда болуп түшүнүксүз бир сезим,

Сени жактырып калганымды сездим.

Кантем, айтчы, сүйүп калган окшоймун?

Көргүм келип сени гана издеймин.

Менин сүйүүм эмне үчүн кайгылуу?

Неге сүйүүдөн боло албаймын бактылуу?

Сүйүп калдым, бирок жетпешимди билемин,

Деги айтчы, эмнеге бүтпөйт сагынуу.


Кайырма:

Түн уйкумду сага арнап уктабай,

Жөнөкөй мүнөзүңө мен суктанып.

Сүйүп туруп каламынбы жете албай?

Кетесиңби жаш жүрөктү ыйлатып?

Эгер сүйсөм кантип айтпайм жашырып,

Жүрөгүмдө ошол сезим жашаса.

Көргүм келип жүрөм сени сагынып,

Бирге бассак кол кармашып жанаша.

“Мени унут”

Сөзү: Жаӊылай Кекеева

Обону: Эдил Маматов

Аткаруучу: Нурлан Насип


Сөздөрүм ырларымда угуп кой,

Жетинип айта албаган.

Келечек күнгө болбо сен тоскоол,

Өткөнгө кайтып бара албайм.

Алгачки махабатты берген деп

Өзүңдү эч жашыра албайм.

Ашыктар болгонбуз биз ээрчишкен,

Ал күндөр эми кайтпаган.


Кайырма:

Мени унут, сен менсиз жаша, өкүнбө,

Мени унут, сүйөм деп эстеп, өксүбө.

Мени унут, ыйлаба, көз жашың төкпө,

Мени унут, убакыт дары күндөргө.


Сезимдер сага деген муздады,

Көңүлүм жүрөт тартпай.

Мендеги жашаган сүйүү бүттү,

Эми кайра ал жаралбайт

Жүрөктө жылуулук калды өчүп,

Сагынбай калдым сагынбай.

Себебин билесиң ичтен туюп

Ал күндөр кетти, кайрылбай.

“Эки жүрөк”

Сөзү: Жаӊылай Кекеева

Обону: Нурлан Насип

Аткаруучулар: Нурлан Насип менен Айгерим Расул кызы


Жаным, мөлтүрөгөн көздөрүнө зармын,

Сени менен кол кармашып дайым.

Жаным, жүрөгүмдө өзүң болчу дайым,

Сездим окшойт мен бакыттын даамын.


Кайырма:

Эки жүрөк бирге болсочу,

Экөөбүзгө бакыт консочу,

Бекем болуп өзүң кооздочу,

Менин дүйнөмдү Эки жүрөк бирге болсочу,

Оротобузга сүйүү орносун

Кел жашоомду өзүң кооздочу,

Менин дүйнөмдү.

Жаным, түбөлүкө жаным болчу дайым

Сени менен бир болойун жаным,

Жаным, бул сыноолор өтөт кетет баары,

Сага гана эркелейин дайым.

“Мени аяп кой”

Сөзү: Жаӊылай Кекеева

Обону: Ильз Абдыразаков

Аткаруучу: Ильз Абдыразаков


Кетким келип турат бул азаптардан,

Күчүм жетпейт мен учууга талпынсам.

Айласыздан жүрөк жипсиз байланган,

Күттүрбөчү, келчи, куткар кайгыдан.


Кайырма:

Жүрөк толо арман, кайгыга салган,

Жүзүң бир көрсөм арылам азаптан.

Мени аяп кой, сен жанымда бол,

Жүрөгүмдөсүң, кетсең да тоттпой.

Кучагыма кыссам болом армансыз,

Болбосунчу биздин арабыз алыс.

Жалгыздыкта санаа тартып жашаймын,

Сен арначы, айтчы, сүйүү ырларын...


Кайырма:

Эркеси, ээси жүрөктүн,

Өзүңсүз канча күн өттү,

Ээледиң, эзип жүрөктү-ү...

Кол өнөрчүлүгү жана фотография[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акын, фотограф Жаӊылай Кекееванын чеберчилик шыгы бала кезинен апасы Дилбар Кекеевага жанашып жүрүп кызыгуусу арткан. Кийин Асель Далбаеванын автордук “Модельер конструктор” курсун окуган. Учурда “JK brand’дин” ээси катары буйрутмага түрдүү кийимдерди, униформаларды тигет.

Мындан сырткары ал фотограф. Жергиликтүү басылмаларга фото-репортаж жасап келет. Көбүнесе жаратылыштын кооздугун тарткан Кекеева бүгүнкү күндө профессионал сүрөтчү болуп үй-бүлөлүк, жеке адамдардын жана предметтик фотолорду тартат.

Андан башка кыска метраждуу кинолордо жана жарнамалык видеороликтерде актриса катары роль жаратып келет.


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://www.youtube.com/watch?v=Dre-UA4-xb8

https://www.youtube.com/watch?v=MQ-QUpPWihk

https://www.youtube.com/watch?v=01ZzL-dqCbA

https://aimak.kg/chygarmachylyk/poeziya-duynosu/17065-adamzatka-kajryluu.html

https://www.super.kg/article/show/55669

https://www.super.kg/kabar/news/232159

https://www.super.kg/kabar/news/260863

https://www.super.kg/mobile/kabar/news/263525

https://super.kg/index.php/kabar/news/264322

https://www.super.kg/kabar/news/267749

https://www.instagram.com/p/Ce6MtmbrFf6/