Кислоттук жаан

Wikipedia дан
Кислоттук жаандан жабыркаган айкел

Кислоттук (же кычкыл) жаандар – абанын кислоталык оксиддер (көбүнчө күкүрттүн оксиддери, азоттун оксиддери) менен кирдөөсүнөн метеорологиялык жаан- чачындардын баардык түрлөрү – жаан, кар, мөндүр, туман, рН төмөндөшү.

Бул кубулуштун пайда болушу ар түрдүү күйүүчү отундарды пайдаланууда ар түрдүү газдардын өйдө көтөрүлүштөрүнө байланыштуу. Атмосферада жамгыр өзүнүн жаратылышында начар кислоттуулугу менен мүнөздөлөт (5,6 Ph жакын). Себеби, абада көмүр кислотасы эрийт. Металлургиялык заводдордон жана башка өнөр жайлардан атмосферага көп сандаган күкүрт газы бөлүп чыгарылат, ал эми нымдуу абага кошулуп иондук күкүрттүн кычкыл тузуна (сулңфаттарга) SO3 2 - айланышат, анан ал күкүрт кислотасына айланат. Бул кислота абада каныгат да суунун буусуна, жаанды пайда кылуучу булуттарга кошулуп кислоталык жаан жерге түшөт.

Кислоттук жаандан кийинки токой

Дагы бир зат - азоттун кычкылы NO, кислоттук жаанды пайда кылуучулардан болуп эсептелет. Азоттун кычкылынын пайда болуулары, жылуулукту пайда кылуучу электростанцияларга жана ичинен күймө кыймылдаткычтарга байланыштуу. Абадагы кычкылтек менен кычкылданып, суу менен байланышууда, азоттун оксидасы NO, азоттун кислотасына -HNO3 айланып кетет.
Азыркы кездеги малыматтарга караганда, кислоттук жаандын көбүрөөк жааган жерлери байкалган: Португалиянын, Ирландиянын үстүндө, анын кислоттук өлчөмү ph=4,9 жеткен. Деңиз океандар менен курчалган Европалык өлкөлөрдө ph=4,1. Ал эми кээ бир өнөр жайлуу өлкөлөрдө ph=3,0 жакындап барат. Германияда 1970-ж. кислоттук жаан чачындан бир топ токойлордун аянттары ысырапка учураган. Континенталдык Европада кислоттук жаандан дарактар бүлүнгөн.

Күкүрттүн диоксидинин кычкыл жаандарды пайда кылуудагы үлүшү 70%.

Шаарларда атмосферанын кирдүүлүгүнө, о.э. кычкыл жаандардын пайда болушунун 70- 90% автоунаа камсыздайт.

Кесепеттери[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Топурактагы минералдардын эригичтүүлүгү жогорулайт;
  • Топурактагы редуценттердин, азотфиксаторлордун ж.б. организмдердин активдүүлүгү төмөндөйт;
  • Көлмөлөрдө оор металлдардын кыймылдуулугун жогорулатат;
  • Ферменттердин, гормондордун, ж.б. биологиялык активдүү заттардын активдүүлугун басаңдатат;
  • Суу экосистемаларына түшүп, суунун туздуулугун, кебердүүлүгүн жогорулатат.

Натыйжада[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Көлмөлөрдөгү олиготрофтуу жана мезотрофтуу фауна өлүмгө учурайт;
  • Ийне жалбыратуу токойлор жабыркайт, жаңы өнүмдөр өлүмгө учурайт;
  • Неврологиялык мүнөздөгү оорулардын себепчиси;
  • Адамдардын бат чарчап, башы айланып, жалпы абалынын начарлашы;
  • Токойлордун деградациясы.

Чечүү жолдору[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Таштандыларды зыянзыдандырууда жаңы технологияларды колдонуу;
  • Альтернативдүү энергия булактарын колдонуу;
  • «Жашыл» унааларды ишке киргизүү.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4
  • EKOLOJİ ÇEV-150. 7. Hafta: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi / Dr. Nurzat Totubayeva