Мазмунга өтүү

Кубанычбек Өмүралиев

Википедия — ачык энциклопедия
Кубанычбек Өмүралиев
Кубанычбек Өмүралиев
Кубанычбек Өмүралиев
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Израиль мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
желек
желек
июль 2021  ноябрь 2022
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
желек
желек
март 2019  ноябрь 2022
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Эстония, Латвия, Литва Республикаларындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
апрель 2016  март 2019
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
желек
желек
Май 2015  Март 2019
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын КМШ уюмунда Ченемдик укуктук жана башка органдарындагы туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлү
желек
желек
июль 2015  Март 2019
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Башкы консулу
желек
желек
январь 2012  Май 2015
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчилигинде Кеңешчи элчи
желек
желек
1999  2003
 
Кесиби: дипломат

Кубанычбек Касымович Өмүралиев (15-сентябрь 1960, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кыргыз Республикасы) – дипломат, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

1984-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин Айыл чарбаны механизациялоо факультетин бүтүргөн. Ал эми 1994-жылы Бүткүл Россиялык жетекчи кызматкерлердин жана адистердин билимин жогорулатуу институтунун «Экономика; эл чарбасын жана анын тармактарын пландаштыруу жана башкарууну уюштуруу» адистиги боюнча аспирантурасын аяктаган.

1993-1995-жылдары АКШнын университеттеринде («Texas A&M» Университетинде, Небраска штатынын Университетинде, Вашингтон штатынын Университетинде), ал эми 1996-жылы Түштүк Кореянын Улуттук университетинде стажировкадан өткөн.

1998-жылы дипломатиялык стажировкаларды Бельгия, Франция, Люксембург, АКШ, Египет мамлекеттеринде өткөн.

2003-жылдан 2006-жылга чейин коррупцияга каршы күрөшүү үчүн мыйзамдык-укуктук жана институттук базанын маселелерин иликтөө боюнча Норвегия, Сингапур, Гонконг, Словения, Литва ж.б. мамлекеттерде билимин тереңдеткен.

Кыргыз, орус, англис жана түрк тилдерин билет.

2022- жылдын ноябрь айынан бери Түрк Мамлекеттеринин Уюмунун Башкы Катчысы

2021-2022 - Кыргыз Республикасынын Израиль мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

2019-2022- Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

2016 апрель – 2019 март – Кыргыз Республикасынын Эстония, Латвия жана Литва Республикаларында Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

2015 июль - 2019 март – Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги уюмунда Ченемдик укуктук жана башка органдарындагы өкүлү.

2015 май - 2019 март – Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

2012 январь - 2015 май – Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмиратындагы Башкы Консулу.

2006-2011 ж. - «Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” Коомдук бирикмесинин Аткаруучу директору.

2004-2006 ж. - Өткөөл экономикасы бар өлкөлөр үчүн коррупцияга каршы катчылыгынын консультациялык тобунун Улуттук координатору, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму.

2003-2006 ж. - Кыргыз Республикасынын Акыйкат башкаруу боюнча консультациялык кеңешинин катчылыгынын Жетекчиси (АБКК).

1999–2003 ж. - Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчисинин орунбасары, Кеңешчи-элчи.

1998-1999 ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Экономикалык саясат департаментинин Директорунун орунбасары – Эки тараптуу экономикалык программалар башкармалыгынын Жетекчиси.

1997-1998 ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Батыш өлкөлөрү башкармалыгынын Кеңешчиси.

1992-1995 ж. - «Кыргызагропромимпэкс» АКнын Башкы директору.

1990–1992 ж. - Айыл-чарба министрлигинин Тышкы экономикалык байланыштар башкармалыгынын Жетекчиси.

1986 - 1990 ж. - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу “Ысык-Көл” Агрофирмасында Башкы инженер жана Төраганын орунбасары.

1984 – 1986 ж. - Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Карл Маркс атындагы колхоздо Улук инженер.

Коомдук ишмердүүлүгү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011-2012 ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Байкоочу кенештин мүчөсү.

2008 - 2011 ж. - «АКИpress» журналынын Редакциялык кеңешинин Төрагасы.

2008 ж. - Улуттук телерадио корпорациясында эл аралык окуялар тууралуу «Аалам» телевизиондук программасынын автору жана жетекчиси.

1995 -1997 ж. - Кыргызстандын ишкер чөйрөлөрү федерациясынын Вице-президенти.

1995 -1997 ж. - Кыргыз-Америка ишкердик кеңешинин мүчөсү

• ТҮРКСОЙдун (Эл аралык түрк маданияты уюму) «Чынгыз Айтматов» медалы (2020 ж.)

• «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 75 жыл» медалы (2019 ж.)

• «Эл аралык Ч.Айтматов Клубунун» атайын төш белгиси (2018 ж.)

• КМШ мамлекеттеринин грамотасы (2017 ж.)

• «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 70 жыл» медалы (2014 ж.)

• Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин «Мекенчил» медалы (2009 ж.).

• Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин Ардак грамотасы (2008 ж.)

• Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2006 ж.)

• Хьюстон шаарынын ардактуу жараны, АКШ (2003 ж.)

Үй-бүлөлүү. Бир кызы, бир уулу жана 4 небереси бар.

• «Маркетингдин негиздеринин кыскача баяндалышы», Бишкек, 1991 ж.

• «Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү үчүн мыйзамдык-укуктук жана институттук базага сереп», Бишкек, 2005 ж.

• «Жергиликтүү кеңештин депутатынын кол китеби” Бишкек, 2007 ж. 1-басым жана 2010 ж. 2-басым.

• «Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү үчүн ченемдик-укуктук жана институттук базага сереп», Бишкек, 2009 ж.

• Эки тараптуу мамилелер тууралуу жарыяланган макалалары: Кыргызстан - АКШ, Кыргызстан - Бириккен Араб Эмираттары, Кыргызстан - Белорус Республикасы, Кыргызстан – Түркия Республикасы, Кыргызстан - Латвия Республикасы, Кыргызстан - Литва Республикасы, Кыргызстан - Эстония Республикасы.


Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]