Бириккен Араб Эмирликтери
Бириккен Араб Эмирликтери | |||||
| |||||
Урааны: «الله الوطن الرئيس Аллах, Улут, Президент» | |||||
Гимн: «Гүлдөй бер менин өлкөм» | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 2-декабрь 1971-жыл | ||||
Расмий тили | араб тили | ||||
Борбор шаары | Абу-Даби | ||||
Ири шаарлар | Дубай, Абу-Даби, Шаржа | ||||
Башкаруу формасы | Дуалистик монархия | ||||
Президент Премьер-министр |
Мухаммад ибн Заид Аль Нахайян Мохаммед ибн Рашид Аль Мактум | ||||
Мам. дини | Ислам | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. |
114-орун - дүйнөдө 83 600 км² 0 | ||||
Калкы • Бааланган (2024) • Жыштыгы |
9 594 834 адам (92-орун) 114 ад./км² | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы (2024) • Ар бир жанга |
849,8 млрд $ (34-орун) 77 251 $ (14-орун) | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
545,1 млрд $ (26-орун) 49 550 $ | ||||
АДӨИ | ▲0,937 (жогору) (31-орун) | ||||
Акча бирдиги | БАЭ дирхамы (AED) | ||||
Домени | .ae, امارات. | ||||
ISO коду | AE | ||||
ЭОК коду | UAE | ||||
Телефон коду | +971 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +04:00 |
Бириккен Араб Эмирликтери (ар. الإِمَارات العربِيَّة المُتَّحِدة, англ. United Arab Emirates, кыскартылган варианты — Араб Эмирликтери же Эмирликтер, аббревиатурасы — БАЭ) — Жакынкы чыгыштагы, жети эмирликтен турган федеративдик мамлекет.
Бириккен Араб Эмирликтеринин курамындагы Абу-Даби, Ажман, Дубай, Рас-аль-Хайма, Умм-эль-Кайвайн, Фужейра жана Шаржа эмирликтери абсолюттук монархиялык мамлекеттер болуп саналат.
БАЭ мамлекети Азиянын түштүк-батышындагы Араб жарым аралынын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Батышынан жана түштүгүнөн Сауд Арабиясы, түштүк-чыгышынан жана түндүк-чыгышынан Оман менен чектешет. Парс булуңунун жана Оман булуңунун суулары менен чулганат.
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]VII кылымда Парс булуңунун түштүк жээгин жана Оман булуңунун түндүк-батыш жээгин бойлой жайгашкан чакан шейхтердин жерлерининин аймагы, жергиликтүү калкка Ислам динин жайылткан Араб халифатынын курамына кирген. Бул мезгилде Дубай, Шаржа, Фужейра шаарлары түптөлгөн.
Араб халифаты алсыраган сайын шейхтер көбүрөөк автономияга ээ болушкан. X—XI кылымдарда Араб жарым аралынын чыгыш бөлүгү карматтардын мамлекетинин курамына кирген жана ал кулагандан кийин Омандын таасири астында калган[1].
XV кылымдын аягында, бул аймактар европалыктардын кызыгуусун жараткан. Португалия Бахрейнге, Жулфарга жана Ормуз кысыгына көзөмөл орнотуп, бул жарым аралдагы биринчи европалык мамлекет болуп калган.
Жээктерге жакын жайгашкан аймактардын калкы негизинен соода-сатык иштери менен алектенишкен. XVIII кылымдан тартып жергиликтуу калк, Парс булуңундагы порттордун ортосундагы жүк ташууну монополиялаштырган жана тургундарды негизги киреше булагынан ажыраткан Улуу Британия менен күрөшүүнү баштоого аргасыз болушкан. Британиянын «Ост-Индия компаниясы» менен жергиликтүү арабдардын ортосундагы кагылуушулар дайыма кайталанып, жергиликтүү арабдар жана аймак англиялыктар тарабынан «деңиз каракчылары» жана «Деңиз каракчыларынын жээги» деген аталыштырды алган[2].
Ост-Индия компаниясы Парс булуңуна аскерлерди тынымсыз жөнөтүп турган жана 1820-жылы жети эмирлерди жана шейхтерди, бул аймактагы Англиянын үстөмдүгүн тааныган «Башкы келишимге» кол коюуга мажбурлаган.
Эмирлерге жана шейхтерге таандык аймактарда Англиянын аскер базалары түзүлгөн жана саясий бийликти англиялык саясий агентттин колунда эле. Англиялыктардын бийлигинин күчөшү, байыркы салттарды сактап калган жергиликтүү тургундардар арасындагы патриархалдык системанын бузулушуна алып келген эмес.
Бул аймактарда үстөмдүк кылган, Лива жана Эль-Айн түшүмдүү келген оазистеринин аймагын байырлаган Бани-яз уруусунун бир тобу 1833-жылы оазистерден көчүп кетип, Дубай шаарын түптөгөн жана шаардын көз карандысыздыгын жарыялаган. Бул саясий окуялардын жыйындыгында Аль-Мактум династиясы негизделип[3], азыркы күнгө да Дубайды Аль-Мактум династиясынын өкүлү башкарып келет[4].
1920-жылдарынын башында Келишимдик Оманда көз карандысыздык үчүн күрөш жүрүп, Шаржада жана Рас-аль-Хаймада өзгөчө деңгээлге жеткен. Так ушул жылдары Парс булуңунда мунайга эң бай кендердин ачылышы эмирликтердин жана бүтүндөй Жакынкы Чыгыштын тарыхына таасирин тийгизген окуя болуп калган.
1922-жылы англиялыктар шейхтердин мунайды чалгындоо жана өндүрүү үчүн уруксат берүү укуктарын толугу менен көзөмөлдөшкөн.
1950-жылдары мунай өндүрүүнүн башталышы менен аймакка чет элдик инвестициялардын ири көлөмдөгү агымы башталып, мунай сатуудан түшкөн киреше жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берген.
1964-жылы Араб өлкөлөрүнүн лигасы бул аймактагы элдер толук көз карандысыздыкка болгон укугун жарыялаган жана Британиянын протектораты астында болууга каршы чыккан.
1968-жылы Улуу Британиянын өкмөтүнүн 1971-жылдын аягына чейин Суэц каналынан чыгышта жайгашкан жана Парс булуңундагы аймактардан аскерлерин чыгаруу жөнүндө чечими жарыялангандан кийин, эмирликтер Парс булуңундагы араб эмирликтеринин федерациясын түзүү жөнүндө келишимге кол коюшкан. Бул федерацияга Бахрейн жана Катар кириши керек болчу, бирок кийинчерээк алар өз алдынча, көз карандысыз мамлекеттерди түзүшкөн.
1971-жылы 2-декабрда Келишимдик Омандын алты эмирлиги Бириккен Араб Эмирликтери деп аталган федерацияны түзгөнүн жарыялаган. 1972-жылы 10-февралда Рас-аль-Хайма федерациянын курамына жетинчи эмирлик болуп кошулган[5].
География
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бириккен Араб Эмирликтери Араб жарым аралынын түндүк-чыгыш бөлүгүндөгү Перс булуңу менен чектешкен аймакты ээлейт. Кургактыкта түштүгүнөн жана батышынан Сауд Арабиясы, чыгышынан Оман менен чектешет. Түндүк жээги Парс булуңу аркылуу Ирандын каршысында, ал эми түндүк-батыш жээги Катардан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Бириккен Араб Эмирликтеринин аянтынын 85% Абу-Даби эмирлигине таандык, ал эми аянты жагынан эң кичинекей болуп Ажман эмирлиги (250 км²) саналат.
Бириккен Араб Эмирликтеринин аянтынын көпчүлүк бөлүгүн, дүйнөдөгү эң ири кум каптаган аймактардын бири болгон Руб-эль-Хали чөлү ээлейт. Жээк аймактарында туз кендери бар.
Климат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өлкөнүн климаты өтө ысык жана кургак (тропикалык чөлдүү аймак) келет. Көбүнчө мезгилдерде кум аралашкан бороондор болуп турат. Жай айларында, көлөкөдөгү абанын температурасынын орточо максимуму 40—45°С, бирок көбүнчө күндөрү 50°С тегерегинде[6]. Кыш мезгилиндегы абанын температурасы күндүзү 20—23°С, түнкүсүн 10—14°С тегерегинде. Үшүк — БАЭнин аймагындагы анда-санда гана каттлаган өзгөчө сейрек көрүнүш. Жаан-чачын туруктуу эмес, негизинен ноябрдан майга чейинки айларда жаайт. Жаан-чачындын жылдык нормасы болжол менен 120 мм[6].
2004-жылдын 28-декабрында БАЭдеги аба-ырайынын байкоо тарыхында биринчи болуп, Рас-эль-Хаймадагы Жебел Жаис тоолоруна кар жааган[7][8].
Фауна жана флора
[түзөтүү | булагын түзөтүү]БАЭнин аймагы өз курамына кийинки экоаймактарды камтыйт: Аль-Хажар тоолуу токойлору жана бадалдуу аймактары, Оман булуңунун чөлдөрү жана жарым чөлдөрү, Аль-Хажар тоо этегиндеги ксерикалык токойлору жана бадалдуу аймактары[9].
Оазистер жайгашкан аймактардан курма пальмасын, акация жана эвкалипт дарактарын кездештирүүгө болот. Чөлдөрдө өсүмдүктөрдүн түрлөрү өтө сейрек кездешет жана флорасы негизинен чөптөрдөн жана тикенектүү бадалдардан турат.
Жергиликтүү фауна интенсивдүү аңчылыктын айынан жок болуп кетүү коркунучуна дуушар болгон. 1970-жылы Заид бин Султан Аль-Нахайян тарабынан уюштурулган жаныбарларды коргоо программасынын алкагындагы иш-чаралардын натыйжасында ак орикс, бир өркөчтүү төө жана кабылан сыяктуу жаныбарлар сакталып калды.
Сууларында акула, тунец, кит жана майда жээк балыктарынын түрлөрү кездешет.
Саясий түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]БАЭнин мамлекеттик түзүлүшү республикалык жана монархиялык тутумдардын уникалдуу айкалышынан турат. БАЭ —абсолюттук монархиялар болуп эсептелген жети эмирликтен турган федералдык монархиялык мамлекет. Мамлекетти Абу-Дабинин эмири, өкмөттү Дубайдын эмири жетектейт[10].
Федералдык Жогорку Кеңеш
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Федералдык Жогорку Кеңеши БАЭнин мамлекеттик түзүлүш иерархиясында биринчи орунда турат. Федералдык Жогорку Кеңеш бардык жети эмирликтердин башчыларынан турат. Федералдык Жогорку Кеңеш мамлекеттин жалпы саясатын аныктайт, ал эми Министрлер кеңеши бул саясатты жүргүзүү үчүн Федералдык Жогорку Кеңешке жооп берет. Тышкы жана ички саясатты аныктоодон тышкары, Федералдык Жогорку Кеңеш өлкөнүн мамлекеттик түзүлүшүнүн принцибин кайра карап чыгууга укуктуу. Федералдык Жогорку Кеңеш ошондой эле министрлер кеңешинин төрагалыгына талапкерди бекитет[10].
Федералдык Жогорку Кеңеш сессия учурунда эки айда бир пленардык жыйындарды өткөрүп турушу керек. Федералдык Жогорку Кеңештин съезди жыл сайын октябрь айынын башында болуп турат жана кандайдыр бир чечим кабыл алуу үчүн жыйынга кеминде беш мүчөсүнүн катышуусу, алардын арасында Абу-Даби жана Дубай эмирдиктеринин өкүлдөрү болушу зарыл. Федералдык Жогорку Кеңештин жыйындагы негизинен жабык эшик артында өтөт.
Президент
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бириккен Араб Эмирликтери президентинин кызматы Абу-Даби эмирлигинин эмиринин кызмат орду менен байланышкан жана Аду-Дабинин эмири БАЭнин президенти болуп саналат. Бул эмирликте абсолюттук монархия орнотулгандыгына байланыштуу, кызмат мурас катары өтүп турат.
БАЭнин президенти куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы, Жогорку коргоо кеңешинин төрагасы болуп санадат. Президент Федералдык Жогорку Кеңеш тарабынан тастыкталган жарлыктарга жана токтомдорго, Министрлер кеңеши тарабынан кабыл алынган ченемдик актыларга кол коёт. Мындан тышкары, президент дипломатиялык корпустун мүчөлөрүн, жогорку жарандык жана аскер кызматчыларын дайындайт, мунапыс жарыялайт же өлүм жазасын тастыктайт.
БАЭнин мыйзамдарында Федералдык Жогорку Кеңеш тарабынан беш жылдык мөөнөткө дайындалаган вице-президенттин кызмат орду да каралган.
БАЭнин Президентинин кызматын 2022-жылдын 14-майынан тартып Мухаммад ибн Заид Аль Нахайян аткарып келет[11]. Абу-Даби эмирлигиндеги бийлик 250 жылдан ашуун убакыттан бери Аль Нахайян уруусунун колунда[12].
Министирлер кеңеши
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Президент кызматка дайындаган жана Федералдык Жогорку Кеңеш кызматка бекиткен төрагасы жетектеген Министрлер кеңеши аткаруу бийлиги болуп саналат. Министрлер кеңешинин ыйгарым укуктарына мыйзам долбоорлорун жана федералдык бюджетти иштеп чыгуу, мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды аткаруу боюнча токтомдорду жана көрсөтмөлөрдү кабыл алуу, сот чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө, эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды ратификациялоо, мамлекеттин башка жогорку органдарынын атайын буйругун талап кылбаган федералдык кызматкерлерди дайындоо жана жумуштан бошотуу кирет[13].
Учурдагы министирлер кеңеши 37 министрден тура (алардын тогузу аялдар)[13].
Федералдык улуттук кеңеш
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Федералдык улуттук кеңеш — БАЭнин мыйзам чыгаруу органы (парламентти) болуп саналат, бирок башка мамлекеттердин парламенттеринен айырмаланып бул орган мыйзамдарды чыгарбайт жана улуттук кеңешке келген даяр мыйзамдарды талкуулап, сунуштарды гана берет. Негизги функциялары БАЭнин Конституциясынын 89, 90Ю 91, 92 беренелеринде көрсөтүлгөн жана төмөнкүлөрдү функцияларды камтыйт[14]:
- каржы маселелерин камтыган мыйзам долбоорлорун кабыл алуу, өзгөртүү же четке кагуу;
- жылдык бюджетке байланышкан мыйзам долбоорун талкуулоо;
- эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды талкуулоо;
- федерациянын ишки иштерине тиешелүү жалпы маселелерди талкуулоо жана суроолор боюнча сунуштарды берүү.
Учурда Федералдык улуттук кеңештин курамына 40 депутат (Абу-Даби жана Дубайдан — 8 депутат, Рас-эль-Хайма жана Шаржадан — 6 депутат, Фужейра, Умм-эль-Кайвайн жана Ажмандан — 4 депутат) кирет.
Федералдык сот системасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]БАЭ конституциясынын 45-беренесине ылайык, Федералдык сот системасы БАЭнин федералдык башкаруу органдарын түзгөн беш органдын бири болуп саналат. БАЭдеги сот түзүмү эки системадан турат: федералдык жогорку сот жетектеген Федералдык сот системасы жана жергиликтүү соттор[15].
Тышкы саясат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бириккен Араб Эмирлиги көпчүлүк өлкөлөр жана Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрү менен кеңири дипломатиялык жана коммерциялык мамиледе. Ал OPEC маанилүү ролду ойнойт жана Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешин уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири.
Бириккен Араб Эмирлиги — БУУ, ЭЖАУ, ЭЭУ, Бүткүл дүйнөлүк почта уюму, БДСУ, БИМУ, Бүткүл дүйнөлүк банк, ЭВФ, Араб өлкөлөрүнүн лигасы, Ислам кызматташтык уюму, Кошулбоо кыймылы ж.б. уюмадардын активдүү мүчөсү.
2024-жылы Global Peace Index индекси боюнча 53-орунда[16].
Куралдуу күчтөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бириккен Араб Эмирликтеринин куралдуу күчтөрү төмөнкүдөй бөлүктөрдөн турат:
- Жөө аскерлер — 44 000 аскер
- Деңиз Флоту — 2 500 аскер жана 46 кеме
- Аба күчтөрү — 4 500 аскер жана 386 учак
- Президенттик гвардия — 12 000 аскер
2022-жылы өлкө коргонууга 20,4 миллиард АКШ долларын же ИДП 4% сарптаган[17][18]. БАЭнин куралдуу күчтөрү Парс булуңундагы мамлекеттердин ичинен эң жөндөмдүү армия деп эсептелет[18].
Бириккен Араб Эмирликтеринин куралдуу күчтөрү Сомалидеги, Косоводагы, Кувейттеги, Ливандагы, Ооганстандагы, Ливиядагы, Сириядагы жана Йемендеги аскердик операцияларга катышкан[19].
БАЭ өзүнүн аскердик резервдик күчтөрүн кеңейтүү үчүн 2014-жылдан бери эркектер үчүн 16 айга созулган милдеттүү аскердик кызматты киргизген[20]. БАЭнин тарыхындагы аскердик эң чоң жоготуу 2015-жылдын 4-сентябрында болгон, Йемендин борбордук бөлүгүндөгү Мариб аймагындагы БАЭнин жоокерлери жайгашкан жер «Точка» ракетасы менен аткыланып, натыйжасында 52 жоокер каза болгон.
Административдик-аймактык түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эмирлик | Расмий аталышы | Административдик борбору | Аянты, км² | Калкы, адам | Карта |
---|---|---|---|---|---|
Абу-Даби | أبو ظبي | Абу-Даби | 67 340 | 1 463 491 | |
Ажман | عجمان | Ажман | 259 | 260 492 | |
Дубай | دبي | Дубай | 3 885 | 2 262 000 | |
Рас-аль-Хайма | رأس الخيمة | Рас-эль-Хайма | 1 683 | 191 753 | |
Умм-эль-Кайвайн | أم القيوين | Умм-эль-Кайвайн | 777 | 59 098 | |
Эль-Фужайра | الفجيرة | Эль-Фужайра | 1 166 | 118 933 | |
Шаржа | الشارقة | Шаржа | 2 590 | 656 941 |
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]БУУнун эсеби боюнча, 2019-жылдын ортосунда өлкөнүн жалпы калкы 9 771 000 болгон; иммигранттар өлкөнүн жалпы калкынын 87,9% түзөт.
2015-жылдын эсеби боюнча БАЭ калкынын — 11,6% эмирликтер, түштүк азиялыктар — 59,4% (анын ичинен 38,2% индиялыктар, 9,5% бангладештиктер, 9,4% пакистандыктар, 2,3% башка Түштүк Азия өлкөлөрүнүн жарандары), мисирликтер — 10,2%, филиппиндиктер — 6,1%, башка өлкөлөрдүн жарандары — 12,8% түзгөн.[21]
БАЭ эл каттоо жана акыркы расмий эсептөөлөр боюнча калкынын саны:[22]
Эмирлик | 15.12.1980
жүргүзүлгөн эл каттоо |
17.12.1985
жүргүзүлгөн эл каттоо |
17.12.1995
жүргүзүлгөн эл каттоо |
06.12.2005
резиденттик каттоо |
01.07.2010
болгон балоо |
01.07.2015
болгон балоо |
01.07.2016
болгон балоо |
---|---|---|---|---|---|---|---|
БАЭ | 1 042 099 | 1 379 303 | 2 411 041 | 4 106 427 | 8 264 070 | 8 900 000 | 9 121 167 |
Абу-Даби | 451 848 | 566 036 | 942 463 | 1 399 484 | 1 967 659 | 2 784 490 | 2 908 173 |
Аджман | 36 100 | 54 546 | 121 491 | 206 997 | 263 000 | … | … |
Эль-Фуджайра | 32 189 | 43 753 | 76 180 | 125 698 | 163 751 | 213 712 | 225 360 |
Шаржа | 159 317 | 228 317 | 402 792 | 793 573 | 1 060 000 | 1 405 843 | … |
Дубай | 276 301 | 370 788 | 689 420 | 1 321 453 | 1 837 610 | 2 383 017 | 2 566 209 |
Рас-эль-Хайма | 73 918 | 96 578 | 143 334 | 210 063 | … | 345000 | … |
Умм-эль-Кайвайн | 12 426 | 19 285 | 35 361 | 49 159 | 65 000 | … | … |
Тил
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Араб адабий тили — расмий, улуттук тили. Англис тили эң көп колдонулган тил[23][24], Парс булуңундагы араб тилинин диалектери жергиликтүү калк тарабынан күнүмдүк жашоодо кенири колдонулат[25].
Диний курамы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]БАЭнин дээрлик бардык жарандары мусулмандар, алардын 85% сүннөттөр жана 15% шейттер. Миграция кызматынын маалыматы боюнча, иммигранттардын болжол менен 55% мусулмандар, 25% индуизмди тутунгандар, 10% христиандар, 5% буддисттер жана 5% сикхзим, бахаизм диний агымын тутунгандар[26]. Пландоо министрлигинин изилдөөсүнө ылайык, БАЭде жашаган адамдардын төрттөн үч бөлүгүн мусулмандар түзөт.
Экономика
[түзөтүү | булагын түзөтүү]БАЭ экономикасынын негизин, мамлекеттик кирешелердин басымдуу бөлүгүн жана дээрлик бардык валюталык кирешелерди камсыз кылган багыт болуп мунайды жана жаратылыш газын өндүрүү, экспорттоо, ошондой эле реэкспорт саналат[27].
Мунай өндүрүү күнүнө болжол менен 2,2 миллион баррель деп бааланат, анын көпчүлүгү Абу-Даби эмирлигинин аймагында өндүрүлөт. Мунай бир нече ондогон жылдар аралыгында БАЭнин экономикасынын тез өсүшүн камсыз кылгон, бирок экономика тармагындагы саясий реформалардын жыйынтыгында, акыркы убактарда соода-сатык, реэкспорт тездик менен өнүгүп жатат[27].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Leonard Woolley. The Beginnings of Civilization
- ↑ The History of Arabian Peninsula
- ↑ Династия Аль Мактум: история становления семьи эмиров Дубая
- ↑ Богатейшая династия Аль Мактум: как самая влиятельная семья Дубая пришла к власти
- ↑ Smith Simon. Britain's Revival and Fall in the Gulf: Kuwait, Bahrain, Qatar, and the Trucial States, 1950–71.
- ↑ 6.0 6.1 Atlantic Council. Climate profile: UAE
- ↑ BBC. Cold snap brings Gulf rare snow
- ↑ Gulf News. Heavy snowfall on Ras Al Khaimah's Jebel Jais mountain cluster
- ↑ National Library of Medicine. An Ecoregion-Based Approach to Protecting Half the Terrestrial Realm
- ↑ 10.0 10.1 UAEinteract. UAE Government: Political system
- ↑ Бириккен Араб Эмираттарынын жаңы президенти шайланды
- ↑ The National News. Key figures in the life of Qasr Al Hosn
- ↑ 13.0 13.1 The UAE Cabinet
- ↑ The Federal National Council
- ↑ The Federal Judiciary
- ↑ Global Peace Index 2024
- ↑ The Military Balance 2023
- ↑ 18.0 18.1 CIA. The World Factbook. United Arab Emirates
- ↑ In the UAE, the United States has a quiet, potent ally nicknamed ‘Little Sparta’
- ↑ UAE extends compulsory military service to 16 months
- ↑ People and Society БЧАнин сайты
- ↑ БАЭ эл каттоо жана акыркы расмий эсептөөлөр боюнча калкынын саны
- ↑ Multilingualism and the role of English in the United Arab Emirates
- ↑ Languages of Dubai: what do people speak?
- ↑ Christensen Shane. Frommer's Dubai
- ↑ International Religious Freedom Report 2009
- ↑ 27.0 27.1 The UAE's economy
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Азия өлкөлөрү | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Азербайжан1 • Арменистан • Бангладеш • Бахрейн • Бириккен Араб Эмирликтери • Бруней • Бутан • Ветнам • Гуржистан1 • Жапон • Ысрайыл • Индустан • Индонезия3 • Иордан • Ирак • Иран • Йемен2 • Казакстан1 • Камбожа • Катар • Кипр1 • Кыргыз Республикасы • Кытай • Түндүк Корея • Түштүк Корея • Кувейт • Лаос • Ливан • Малайзия • Малдив • Мисир2 • Моңголстан • Мянма • Непал • Оман • Ооганстан • Орусия4 • Өзбекстан • Пакистан • Сауд Арабистан • Сингапур • Сурия • Тажикстан • Тайланд • Түркмөнстан • Түркия4 • Филиппин • Чыгыш Тимор • Шри-Ланка | |
Таанылбаган жана жарым-жартылай таанылган мамлекеттер | Абхазия • Түштүк Күрдстан • Палестин • Тайван • Түндүк Кипр • Түштүк Осетия | |
Көз каранды аймактар | Акротири жана Декелия • Гонконг • Макао | |
1Европа менен Азиянын ортосундагы чек аранын өтүшүнө байланыштуу, жарым-жартылай Европада же толугу менен Азияда. 2Ошондой эле Африкада. 3Ошондой эле Океанияда. 4ошондой эле Европада. |