Мазмунга өтүү

Мануэль Нойер

Википедия — ачык энциклопедия
Портал:Футбол
Портал:Футбол
Мануэль Нойер
Жалпы маалымат
Лакап аты Ману
Төрөлгөн датасы 27 -март 1986(1986-03-27) (39 жаш)
Гельзенкирхен, ГФР
Жарандыгы Германия желеги Германия
Бою 193 см
Салмагы 92 кг
Позициясы дарбазачы
Клуб тууралуу маалымат
Клубу Германия желеги Бавария Мүнхен
Номуру 1
Карьерасы
Жаштар клубдары
1991—2005 Германия желеги Шальке 04
Клубдук карьерасы*
2005—2011 Германия желеги Шальке 04 155 (-150)
2011—учур Германия желеги Бавария 95 (-58)
Улуттук курамасы**
2004—2005 Германия желеги Германия (19га чейин) 11 (-13)
2006—2009 Германия желеги Германия (21ге чейин) 20 (-11)
2009—учур Германия желеги Германия 53 (-43)
Эл аралык медалдары
Дүйнө чемпиондуктары
Коло ТАР 2010
Алтын Бразилия 2014
Европа чемпиондуктары
Коло Польша/Украина 2012

* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет, 8-ферваль 2014-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон.

** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны, 1-июль 2014-жылдагы
маалымат боюнча оңдолгон.

Мануэ́ль Но́йер (нем. Manuel Neuer; 1986-жылы 27-мартта Гельзенкирхен, Түндүк Рейн-Вестфалия, ГФР) — немис футболчусу, «Бавария Мүнхен» футбол клубунун жана Германия курамасынын дарбазачысы.

Клубдук карьерасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мануэль Нойер Гельзенкирхенде төрөлгөн. 5 жашынан баштап «Шальке 04» клубунун футбол мектебинде машыга баштаган. 2003-жылы 17 жашар дарбазачы «Шальке 04» резервдик командасы үчүн Аймактык лигада ойноп баштаган, бирок аны менен бирге төртүнчү немис дивизионуна четтеп калып, ал жерде бүтүндөй сезонду өткөргөн (2002/03 сезонунда Германия лигалар системасында Регионаллиг системасы татаалдуулук баскычы боюнча азыркы учурдагыдай төртүнчү эмес, үчүнчү болчу).

2005/06 сезонунда биринчи жолу камылгадагы голкипер катары чакырылган, негизги орунду ал кезде Франк Рост ээлеп турган. Бундеслигада болсо, Мануэль 2006-жылдын августунда биринчи жолу «Алеманияга» каршы ойногон (1:0). Мындан соң бир аз убакыттан кийин онунчу турдун матчында «Баварияга» каршы ойногон (2:2), анын ойногону гельзенкирхендиктердин башкы машыктыруучусу Мирко Сломкага аябай жагып калып, Мануэль команданын негизги дарбазачысы болуп калган, ал эми Рост болсо «Гамбург» клубуна өтүп кеткен. «Шальке 04» курамында 2006/07 сезонунда Нойер 27 матч өткөргөн.

Сумманы жогорулатуу сунушун да эске алганда, «Шальке» башкармасынын бир нече ирет кылган аракеттерине карабастан, 20-апрель 2011-жылы клуб Нойердин 2011/12 сезонунун аягында бүтө турган «Шальке 04» менен болгон келишимин узартпай тургандыгын билдирген[1]

8-июнь 2011-жылы «Бавария» дарбазачы менен беш жылдык келишимге кол койгон[2], келишим 18 млн еврону түзгөн[3], ага кошумча бонус катары 7 млн Нойердин мүнхендик клубда ийгиликтүү ойношу үчүн берилген[4][5].

19-май 2012-жылы УЕФА чемпиондор Лигасынын финалдык матчында негизги жана кошумча убакыттарда 1:1 эсебинде тең чыккандан кийин, Мануэль матчтан кийинки пенальтилер сериясында бир он бир метрлик соккуну тосуп, андан соң Петр Чехтин дарбазасына таамай сокку узаткан, бирок, ага карабастан «Бавария» күмүш байгени алып, матчтан кийинки пенальтилер сериясында «Челсиге» 3:4 эсебинде жеңилип калган.

Мануэль Нойер Хуан Матанын соккусун өзүнө кайтарууда (Чемпиондор Лигасы 2012)

2013/14 сезонунда Мануэль бир сезондо 4 трофей алып, командасы менен чогуу «Бавария» клубунун тарыхында калышкан, анткени мүнхендик команда бир да жолу бир сезондо 4 трофейге ээ болгон эмес. Мануэль өз карьерасында биринчи жолу дүйнөнүн 2013-жылдагы символдук курамасына кирген. Бул жылы Мануэль Бундеслиганы, Германия Кубогун, Германия Суперкубогун ошол замат багынткан, ал эми жылдын жигердүү жемиши УЕФА чемпиондор Лигасын утуу болду. Нойер Бундеслигада 18 гол өткөрүп жиберип, 31 матч ойногон.
УЕФА чемпиондор Лигасында болсо Нойер 11 гол өткөрүп, 13 матч ойногон. Бирок «Барселонадан» бир да гол өткөргөн эмес.

Дарбазадан чыга калчу дарбазачы катары белгилүү. «Вольфсбург» менен болгон матчта Мануэль дарбазадан чыга калып, топ менен оюн талаасынын борбордук бөлүгүнө чейин барып, «Бавария» футболчусуна пас берген. УЕФА Суперкубогу үчүн «Челсиге» каршы матчта оюн талаасынын борборунан башы менен атаандашынын айып аянтчасына топ узаткан, ал матчта «Бавария» оюн эсебин теңдеп, пенальтилер сериясында утуп алган.

Эл аралык карьерасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мануэль өлкөнүн ар кандай улуттук өспүрүмдөр футбол курамалары үчүн ойногон, жаштар курамасы үчүн 9 матч ойногон. Негизги курамада биринчи жолу 2-июнь 2009-жылы БАЭ курамасына каршы өткөн достук матчында ойногон. Германия курама команда 7:2 эсебинде жеңген. 2010-жылы немистер күмүш байге тагынган дүйнө чемпиондугунда, үчүнчү орун үчүн болгон матчтан башка, командасынын бардык беттештеринде катышкан. Дүйнө чемпиондугунан кийин немис курамасынын биринчи дарбазачысы болуп калган. 2012-жылдагы Европа чемпиондугунда улуттук курамага чакырылган, биринчи матчтарда ишеничтүү жана мыкты оюн көргөзгөн, Грекия менен болгон матчта 2 гол өткөрүп жиберген. Италияга каршы өткөн жарым-финалдык матчта Марио Балотеллиден келген 2 топту өткөрүп жиберген. 2014-жылдагы дүйнө чемпиондугунда болсо, турнирдеги жалпы командалык жеңиштен сырткары, мундиалдын мыкты дарбазачысы да аталган.

Катышууларынын статистикасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Клуб статистикасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
КатышуусуЛигаӨлкө кубогуЕврокубокторБашкаларЖалпы
КлубЛигаСезонОюндарыГолдоруОюндарыГолдоруОюндарыГолдоруОюндарыГолдоруОюндарыГолдору
Германия желеги Шальке 04Бундеслига 2006/07 27-210-00-0 27 -21
2007/08 34-323-110-7 47 -40
2008/09 27-262-25-7 34 -35
2009/10 34-315-10-0 39 -32
2010/11 33-446-312-14 51 -61
Жалпы 155-15416-727-28 198 -189
Германия желеги БаварияБундеслига 2011/12 33-225-614-90-0 52 -37
2012/13 31-185-313-111-1 50 -33
2013/14 29-174-112-133-2 48 -33
Жалпы 93-5714-1039-334-3 150 -103
Карьерасында 239-20328-1560-514-3 331 -272
  • Лига Кубогунун 2007/2008 сезонундагы үч матч жана үч өткөрүп жиберилген топ эсептелген жок.
  • Германия Суперкубогунун 2010/2011 сезонундагы бир матч жана эки өткөрүп жиберилген топ эсептелген жок.
Германия курамасынын курамында
КатышуусуЛигаӨлкө кубогуЕврокубокторЖалпы
КлубЛигаСезонОюндарыНөлОюндарыНөлОюндарыНөлОюндарыНөл
Германия желеги Шальке 04Бундеслига 2006/07 27130000 27 13
2007/08 341232104 47 18
2008/09 27112050 34 11
2009/10 34155400 39 19
2010/11 331164123 51 18
Жалпы 155621610277 198 79
Германия желеги БаварияБундеслига 2011/12 331752147 52 26
2012/13 311943135 48 27
2013/14 20123263 29 17
Жалпы 84481283315 129 71
Карьерасында 23911028176022 327 149
  • Лига Кубогунун 2007/2008 сезонундагы бир «кургак» матч эсептелген жок.
  • Клубдук дүйнө чемпиондугу 2013 матчтарындагы эки «кургак» матч эсептелген жок.

Курамада ойногон матчтары жана өткөрүп жиберген голдору

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалпы: 51 матч / 43 өткөрүп жиберилген гол / 22 «кургак» матч; 41 жеңиш, 7 тең чыгуу, 3 жеңилүү

Жетишкендиктери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Командалык

Германия желеги «Шальке 04»

Германия желеги «Бавария»

Германия желеги «Германия курамасы»


Жеке