Мазмунга өтүү

Бразилия улуттук футбол курамасы

Википедия — ачык энциклопедия
Бразилия улуттук футбол курамасы
Эн белгиси
Лакап аттары Verde-Amarela (сары-жашылдар)
Seleção (Тандалмалар)
Pentacampeone (Беш жолку жеңармандар)
Конфедерациясы КОНМЕБОЛ
ФедерациясыБразилия футбол конфедерациясы
Башкы
машыктыруучусу
Бразилия Луис Фелипе Сколари
Капитаны Тиаго Силва
Эң көп
оюн саны
Кафу (142)[1]
Мыкты
бомбардири
Пеле (77)[1]
ФИФА рейтинги 3 (5-июнь 2014)
ФИФА коду BRA
Форма
Форма
Негизги
формасы
Форма
Форма
Резервдик
формасы
Биринчи оюну
Аргентина Аргентина 3 — 0 Бразилия Бразилия
(Буэнос Айрес, Аргентина; 20-август, 1914)
Эң ири жеңиши
Бразилия Бразилия 14 - 0 Никарагуа Никарагуа
(Мехико, Мексика; 17-октябрь, 1975)
Эң ири жеңилүүсү
Уругвай Уругвай 6 - 0 Бразилия Бразилия
(Винья-дель-Мар, Чили; 18-сентябрь, 1920)
Бразилия Бразилия 1 - 7 Германия Германия
(Белу-Оризонти, Бразилия; 8-июль, 2014)
Дүйнө кубогу
Катышуусу 20 (биринчи жолу 1930-жылы)
Жетишкендиктери 1958, 1962, 1970,
1994, 2002-жж. чемпиондор
Футбол боюнча Америка кубогу
Катышуусу 31 (биринчи жолу 1916-жылы)
Жетишкендиктери 1919, 1922, 1949, 1989, 1997,

1999, 2004, 2007-жж. чемпиондор

Спорттук сыйлыктар
Футбол боюнча дүйнө чемпиондуктары
Коло Франция 1938
Күмүш Бразилия 1950
Алтын Швеция 1958
Алтын Чили 1962
Алтын Мексика 1970
Коло Аргентина 1978
Алтын АКШ 1994
Күмүш Франция 1998
Алтын Жапония/Түштүк Корея 2002
Конфедерациялар кубоктору
Алтын Сауд Арабиясы 1997
Күмүш Мексика 1999
Алтын Германия 2005
Алтын ТАР 2009
Алтын Бразилия 2013
Олимпиада сыйлыктары
Футбол
Күмүш Лос-Анжелес 1984
Күмүш Сеул 1988
Коло Атланта 1996
Коло Пекин 2008
Күмүш Лондон 2012

Бразилия улуттук футбол курамасы (порт. Seleção Brasileira de Futebol) футбол боюнча эл аралык матчтарда жана турнирлерде Бразилияны көрсөтүүчү курама. Бразилия футбол конфедерациясы тарабынан башкарылат жана көзөмөлдөнөт — өлкөнүн негизги башкаруучу футбол органы. 1923-жылдан баштап ФИФАнын, ошондой эле 1916-жылдан баштап КОНМЕБОЛдун мүчөсү.

Бразилия курамасы дүйнө чемпиондуктарындагы эң ийгиликтүү курама болуп саналат: анын эсебинде беш чемпиондук наамы бар (1958, 1962, 1970, 1994 жана 2002). Бразилия курамасы — бардык дүйнө чемпиондуктарына катышкан жападан жалгыз команда. Бразилдер биринчилерден болуп үч башка материктин жана үч башка дүйнө бөлүктөрүнүн наамдарын утуп алышкан (Америкада, Европада жана Азияда; Түндүк Америкада, Түштүк Америкада жана Евразияда). Команда ошондой эле төрт ирет Конфедерациялар кубогун уткан, бул рекорддук көрсөткүч. мындан сырткары, бразилдердин эсебинде континеттин эң барктуу турнири болуп саналган Америка кубогунда 8 жеңиши бар. Бул көрсөткүч боюнча алар континентте Уругвай жана Аргентина курамаларынан гана артта турушат.

Команданын негизги ийгилиги 1950чү жана 1960чы жылдардын аягына туш келет, анткени, бул жылдары курамада Пеле, Гарринча, Загалло өңдүү футболчулар ойноп, 12 жылдын ичинде үч ирет дүйнө чемпиондугун жеңишкен(1970-жылы Загалло кураманын машыктыруучусу болууга жетишкен).

Бразилия курамасынын кайман аты — «Селесао» («Тандалмалар» дегенди түшүндүрөт). Ошондой эле 2002-жылдан тарта, алардын дүйнө чемпиондугундагы бешинчи жеңишинен кийин, «пентакампеондор» деп да аташат.

Курамада эң көп оюн саны Кафуга тиешелүү — 142 матч; команданын мыкты бомбардири — Пеле (77 топ)[1].

Бразилия курамасы ФИФА рейтингинин 2013-жылдын 19-декабрындагы көрсөткүчү боюнча 10-орунда турат, континеттик рейтингде — 4чү[2].

Ал эми 2014-жылдын 5-июнундагы көрсөткүч боюнча 3-орунда турат, континенттик рейтингде болсо — 1чи[2].

Команданын башкы машыктыруучусу — Луис Фелипе Сколари, бул кызматка 28-ноябрда 2012-жылы киришкен; азыркы команда капитаны — «ПСЖ» француз футбол клубунун борбордук коргоочусу Тиаго Силва.

Бразилия улуттук футбол курамасы 1914-жылы түзүлгөн жана биринчи матчты аңглиялык «Эксетер Сити» клубуна каршы өткөрүп, аны 2:0 эсебинде жеңген (башка маалыматтар боюнча матч 3:3 эсебинде тең чыгуу менен бүткөн). Бирок дүйнөлүк аренадагы чоң жеңиштерден алыс эле. Көбүнчө буга өлкө ичиндеги жергиликтүү футбол федерацияларынын башчыларынын ортосундагы пикир-келишпестиктер тоскоолдук жараткан.

Кандай аракет кылбаса да, 1930чу жана 1934чү жылдагы чемпиондуктарда Бразилия биринчи этаптан эле четтеген. 1938-жылы команда бир кыйла өсүүнү көрсөтүп, чемпиондуктун коло байгесин жеңип алган. Ал эми Леонидас болсо, дүйнө чемпиондугунун бир матчында төрт топ киргизген, биринчи футболчу катары тарыхта калган.

Согуштан кийинки 1950-жылдагы биринчи чемпиондук, Бразилияда өткөн жалгыз чемпиондук болуп турду. Ал чемпиондук финалдык матч өткөрүлбөгөндүгү менен өзгөчөлөнөт. Төрт команда үчүн топтук этап болгон. Бразилия — Уругвай курамаларынын кездешүүсү «финал» катары эсептелет. Рио-де-Жанейро шаарынын «Маракана» стадионунда өткөн матчты көрүүгө 199 854 күйөрман келген. Бразилдердин чемпион болуусуна тең эсеп менен ойноп коюу эле жетииштүү болчу, алар 1:0 эсебинде алдыда келе жатып, 2:1 эсеби менен жеңилип калышкан. Түштүк Америкада бул матч «мараканасо» деген аталышта белгилүү.

1954-жылы Швейцарияда өткөн чемпиондукка, Бразил курамасы жаңыртылган команда менен келген. Бирок, чейрек-финалда бразилдер мажарларга (венгерлерге) 2:4 эсебинде жеңилип, өз тарыхында өтө начар матчтардын бирин өткөргөн. Бул матч «Берндеги күрөш» аталышын алган.

Бразил курамасы (Копа Америка 1959).

1958-жылы Швецияда өткөн чемпиондукта Бразилия өзүн мыкты деңгээлде көрсөтүп, дүйнө чемпиону болгон. Команданын курамында Пеле, Гарринча, Вава өңдүү жана башка футбол тарыхына кирген футболчулар айырмаланышкан. Биринчиликтин ачылышы ошол кездеги он жети жашар Пелеге тиешелүү, ал азыркы учурда да, көпчүлүк үчүн «футбол падышасы» бойдон калууда.

1962-жылы Чилиде өткөн чемпиондукта бразилдер өз ийгилигин кайталай алышты. Төрт топ киргизген Гарринча, биринчиликтин мыкты бомбардири болгон. Анын өнөктөшү Пеле, турнирдин биринчи матчтарынын биринде алган катуу травмасынан кийин чемпиондуктан чыгып кеткен.

Кураманын азыркы курамы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кураманын ДЧ-2014төгү акыркы курамы. Матчтар жана голдор 23-июнь 2014-жылдагы маалымат боюнча көрсөтүлгөн:

Ысымы Клубу Төрөлгөн датасы Курагы Оюндары Голдору
Дарбазачылар
Жулио СезарКанада Торонто3-сентябрь 197934 жаш830
ЖефферсонБразилия Ботафого2-январь 198331 жаш90
ВикторБразилия Атлетико Минейро21-январь 198331 жаш60
Коргоочулар
Дани АлвесИспания Барселона6-май 198331 жаш786
Тиаго СилваФранция Пари Сен-Жермен22-сентябрь 198429 жаш492
Давид ЛуисФранция Пари Сен-Жермен22-апрель 198727 жаш392
МарселоИспания Реал Мадрид12-май 198826 жаш344
ДантеГермания Бавария18-октябрь 198330 жаш122
ЭнрикеИталия Наполи14-октябрь 198627 жаш50
МаксвеллФранция Пари Сен-Жермен27-август 198132 жаш90
МайконИталия Рома26-июль 198132 жаш727
Жарым коргоочулар
РамиресАнглия Челси24-март 198726 жаш454
ОскарАнглия Челси9-сентябрь 199122 жаш3410
ПаулиньоАнглия Тоттенхэм Хотспур25-июль 198825 жаш295
ФернандиньоАнглия Манчестер Сити4-май 198529 жаш82
Луис ГуставоГермания Вольфсбург23-июль 198726 жаш221
ЭрнанесИталия Интернационале29-май 198528 жаш252
БернардУкраина Шахтёр8-сентябрь 199221 жаш131
ВиллианАнглия Челси9-август 198825 жаш92
Чабуулчулар
ФредБразилия Флуминенсе3-октябрь 198330 жаш3618
НеймарИспания Барселона5-февраль 199222 жаш5235
ХалкОрусия Зенит25-июль 198627 жаш379
ЖоБразилия Атлетико Минейро20-март 198726 жаш185
Башкы машыктыруучу
БразилияЛуис Фелипе Сколари9-ноябрь 194865 жаш

Акыркы чакырыктар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Аты Төрөлгөн датасы Клубу Матчтары (голдору) Курамага акыркы жолу
Дарбазачылар
Диего Кавальери1 -декабрь 1982 (Expression error: Unexpected < operator.)Бразилия Флуминенсе3 (0)vs Замбия Замбия 15-октябрь 2013
Коргоочулар
Деде1 -июль 1988 (Expression error: Unexpected < operator.)Бразилия Крузейро9 (1)vs Замбия Замбия 15-октябрь 2013
Энрике14 -октябрь 1986 (Expression error: Unexpected < operator.)Бразилия Палмейрас4 (0)vs Замбия Замбия 15-октябрь 2013
Маркос Роша11 -декабрь 1988 (Expression error: Unexpected < operator.)Бразилия Атлетико Минейро2 (0)vs Португалия Португалия 10-сентябрь 2013
Филипе Луис9 -август 1985 (Expression error: Unexpected < operator.)Испания Атлетико Мадрид4 (0)Конфедерациялар кубогу 2013
Жарым коргоочулар
Лукас Моура13 -август 1992 (Expression error: Unexpected < operator.)Франция Пари Сен-Жермен31 (4)vs Замбия Замбия 15-октябрь 2013
Фернандо3 -март 1992 (Expression error: Unexpected < operator.)Украина Шахтёр Дн8 (0)vs Португалия Португалия 10-сентябрь 2013
Роналдиньо21 -март 1980 (Expression error: Unexpected < operator.)Бразилия Атлетико Минейро97 (33)vs Чили Чили 24-апрель 2013
Кака22 -апрель 1982 (Expression error: Unexpected < operator.)Италия Милан87 (29)vs Орусия Орусия 25-март 2013
Чабуулчулар
Алешандре Пато2 -сентябрь 1989 (Expression error: Unexpected < operator.)Бразилия Сан-Паулу27 (10)vs Замбия Замбия 15-октябрь 2013
Фред3 -октябрь 1983 (Expression error: Unexpected < operator.)Бразилия Флуминенсе30 (16)vs Австралия Австралия 7-сентябрь 2013
Леандро Дамиан22 -июль 1989 (Expression error: Unexpected < operator.)Бразилия Сантос17 (3)Конфедерациялар кубогу 2013

Кураманын рекордсмендери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кафу ойногон матчтарынын саны боюнча рекордсмен.
Ысымы Карьерасы Матчтары Голдору
1 Кафу 1989 — 2006 148 4
2 Роберто Карлос 1992 — 2006 125 11
3 Лусио 2000 — 2011 105 4
4 Клаудио Таффарел 1987 — 1998 101 -70
5 Роналдо 1994 — 2011 98 67
6 Жалма Сантос 1952 — 1968 98 3
7 Роналдиньо 1999 — учур 97 33
9 Алдаир 1989—2000 94 4
9 Жилмар 1958—1969 94 -98
10 Жилберту Силва 2001 — 2008 93 3
12 Роберто Ривелино 1965 — 1978 92 26
11 Пеле 1957—1971 92 77
13 Карлос Дунга 1982—1998 91 6
14 Робиньо 2003 — учур 91 26
15 Кака 2002 — учур 87 29
16 Дида 1995—2006 87 -65
17 Жулио Сезар 2004—учур 84 -57

Курама үчүн эң көп гол саны

Пеле курама үчүн киргизген топторунун саны боюнча рекордсмен
Ысымы Карьерасы Голдору Матчтары
1 Пеле 1957 — 1971 77 92
2 Роналдо 1994 — 2011 67 98
3 Ромарио 1987 — 2005 55 70
4 Зико 1976 — 1989 52 72
5 Бебето 1985—1998 42 76
6 Леонидас да Силва 1932—1946 37 37
7 Тостао 1966—1972 35 65
8 Жаирзиньо 1964—1982 35 81
9 Ривалдо 1993—2003 34 74
10 Роналдиньо 1999 — учур 33 94
11 Адемир 1945—1953 31 39
12 Зизиньо 1942-1957 31 54
13 Неймар 2010 — учур 30 47
14 Кака 2002 — учур 29 87
15 Адриано 2000—2009 29 51
16 Карека 1982—1993 29 63
17 Луис Фабиано 2003 — учур. 28 46

Даңазалуу футболчулары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Төмөнкү футболчулар Сан-Паулу шаарындагы Пакаэмбу стадионуна караштуу Бразилия футбол Музейинин даңк Залына киргизилген.[3]

Ошондой эле белгиленгендер:

Алардан башка, IFFHS нускасы боюнча XX-кылымдын даңазалуу бразил оюнчуларынын тизмесине киргендер:

Форма
1914
Каталык: түстөр туура эмес көрсөтүлгөн сол жеңи жана футболкасы.
Форма
Форма
1916
Форма
1917
Форма
Форма
1918
Форма
Форма
1919
Форма
1919-1945
Форма
1945-1950
Форма
1950-1953
Форма
1954 - учур

Жетишкендиктери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жыл Раунд Орн Жңш Тең* Жңл АКТ ӨКТ
Уругвай 1930Топтук турнир210152
Италия 19341/8 финал100113
Франция 19383-орун53111411
Бразилия 19502-орун6411226
Швейцария 19541/4 финал311185
Швеция 1958Чемпиондор6510164
Чили 1962Чемпиондор6510145
Англия 1966Топтук турнир310246
Мексика 1970Чемпиондор6600197
Германия Федеративдик Республикасы (1990-жылга чейин) 19744-орун732264
Аргентина 19783-орун7430103
Испания 19822чи топтук турнир5401156
Мексика 19861/4 финал5410101
Италия 19901/8 финал430142
Америка Кошмо Штаттары 1994Чемпиондор7520113
Франция 19982-орун74121410
Корея РеспубликасыЖапония 2002Чемпиондор7700184
Германия 20061/4 финал5401102
Түштүк-Африка Республикасы 20101/4 финал531194
Бразилия 20144-орун73221114
Жалпы20/20104701717221102
*Тең чыгууга матчтан кийинки пенальтилер менен бүткөн плей-офф матчтары да киргизилген
  • Күмүш байге ээси — 1980
  • Күмүш байге ээси — 1996, 2003
  • Үчүнчү орун — 1998
  1. 1 2 3 Brazil - Record International Players (англ.). RSSSF. Текшерилген күнү 3 -июль (теке) 2013. Түп булактан архивделген күнү 5 -июль (теке) 2013.
  2. 1 2 FIFA/Coca-Cola World Ranking (англ.). FIFA. Текшерилген күнү 4 -июль (теке) 2013. Түп булактан архивделген күнү 2 -июль (теке) 2013. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; name "FIFARanking" defined multiple times with different content
  3. Conheça os Anjos (порт.)(жеткиликсиз шилтеме 'тарыхы). Museu do Futebol. Текшерилген күнү 3 -январь (үчтүн айы) 2009. Түп булактан архивделген күнү 6 -декабрь (бештин айы) 2008.
  4. "Мараканадагы" Бразил талкалоосу: испан ээлигинин аягыбы? (орусча). Текшерилген күнү 1 -июль (теке) 2013. Түп булактан архивделген күнү 2 -июль (теке) 2013.
  • Даңазалуу курамалар: Бразилия. «Футбол» жумалыгына тиркеме. № 4 Басма (40). 2009-жыл

Калып:Бразилия футболу