Оңой эрүүчү куймалар

Википедия дан

Оңой эрүүчү куймалар - эрүү температурасы калайдын эрүү температурасынан (232°С) ашпаган эки же кеп компоненттүү куймалар.

Оңой эрүүчү куймалардын составын түрдүү катышта калай, вис­мут, индий, коргошун, кадмий, цинк, сурьма, галлий, сымап ж. б. элементтер түзөт.

Оңой эрүүчү куймалар электротех. жана жылуулук аппараттарында кацдагыч, эриме сактагычтарды, металлдан жана пластмассадан татаал моделдерди куюп жасоодо ж. б-да пайдаланылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.