Рио-Гранде Республикасы

Википедия дан
Рио-Гранде Республикасы
República del Río Grande

таанылбаган мамлекет

 

 

17 январь — 6 ноябрь 1840



 

 

 

Герб
Борбор калаа Ларедо
Тил испанча
Дин католицизм
Акча бирдиги песо
Аянт 300,000 км² (115,831 квадратных миль)
Башкаруу формасы республика
Президент
 - 17 январь - 6 ноябрь 1840 Хесус де Карденас

Рио-Гранде Республикасы (исп. República del Río Grande), 1840-жылдын 17-январынан 6-ноябрына чейин болгон Мексиканын түндүк бөлүгүндөгү көз карандысыз таанылбаган мамлекет .

Мексикадан бөлүнүүгө түрткү болгон шарттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1821- жылы он жылдык күрөштөн кийин Мексика Испаниядан көз карандысыздыкка ээ болгон . Монархиялык башкаруу формасын киргизүү аракети ийгиликсиз болгондон кийин, 1824- жылы Мексикада жаңы конституция кабыл алынган. Бул конституциянын талаптарына ылайык Мексика Кошмо Штаттары (исп. Estados Unidos Mexicanos) деп аталган Америка Кошмо Штаттарына окшош федеративдүү республика түзүлгөн.

1833- жылы генерал Антонио Лопес де Санта Ана Мексиканын президенти болуп шайланган жана ал кызматынынын башында Мексиканын федеративдик статусун колдогон.

Бирок өкмөттүн айрым мүчөлөрү президенттин жаңы саясий өнөктөштөрүнө каршы чыккандан кийин Санта-Ана бирдиктүү борборлоштурулган мамлекетти түзүү процессин баштоону чечип, Мексиканын конституциясын мыйзарынын иштөөсүн токтотуп, Конгрессти таркатып, ошону менен эле диктатордук ыйгарым укуктарды өз колуна топтогон.

Бул бүткүл өлкө боюнча козголоңдорго жана сепаратисттик кыймылдарга алып келген, алардын эң ийгиликтүүсү Техас революциясы болгон. Сакатекас Республикасынын жана Юкатан Республикасынын Мексикадан бөлүнүү аракеттери ишке ашкан эмес. Ошол эле учурда өлкөдө кулчулукту жайылтууга умтулган түрдүү бандалар пайда болгон. Көтөрүлүштөрдү жана сепаратисттик кыймылдарды баштаган көптөгөн каудильолор да аймактарды күч менен басып алууга катышкан.

1840-жылдагы Рио-Гранде Республикасынын аймагы

1840-жылдын 17-январында Ларедо шаарына жакын жайгашкан Оревенья ранчосунда (исп. Oreveña ) Коауила, Нуэво-Леон и Тамаулипас штаттарынын саясатчыларынын жолугушуусу болгон. Алар федералдык өкмөткө каршы көтөрүлүштү баштоону, Мексикадан бөлүнүүнү жана борбору Ларедо шаары болгон, үч штаттан турган жаңы федерацияны түзүүнү максаташкан. Бирок үч штаттын конгресстери да, өкмөттөрү да бул саясатчылардын пландарын колдошкон эмес жана Мехикодогу федералдык өкмөттөн жардам, козголоңду басуу үчүн аскерлерди тартууга уруксат сурашкан.

Козголоңчулар өз өкмөтүн түзүшкөн:

Жолугушуудан кийин коопсуздукту сактоо максатында Тамаулипас штатындагы Нуева-Сьюдад-Герреро шаарына барышкан. 1840-жылдын мартында Моралес салгылашуусунан кийин бул убактылуу өкмөт Техастагы Виктория шаарына көчүп, ал жерде козголоңчулар жеңилип жана жана бул республика жоюлганга чейин болушкан.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]