Семетейдин балалык чагы. Каныкейдин Тайторуну чабышы.
Семетейдин балалык чагы. Каныкейдин Тайторуну чабышы. Семетей Ысмайылдын колунда тарбияланып, а дүйнө кеткен Манастын ата экенин, жери Талас экенин билбей өстү. Атасы Манасты тарткан Семетей күйүп турган чок чыкты, күркүрөп турган ок чыкты, күрдөөлдүү Букар шаарында мындай тентек жок чыкты. Календер көрсө камады, думананы сабады, тентегине чыдабай бүткүл калаалуу Букар жадады. Ошондо, ак селдечен кожолор, дарс окуган молдолор Темиркандын астына келип арызга отурушуп: — Семетейдин тентектигин тыйыңыз, болбосо Букарга же ал турсун, же биз туралы», — дешти. Темиркан кандыгына салып алар менен урушуп, балага теги жайын билгизбегиле деди. Бирок өзү ойго батты: «Эл оозунда элек жок, эселек тууган жаман журттун бирөө балага эли бөлөк экенин айтып койсо, таятам тегимди жашырып бузуктук кылып жүргөн экен, — деп таарынып калар. А көрөкчө атагын уккан кишиге айкөл Манастын ашын берейин, акылсыз чабал адамга баламдын тою кылайын. Семетейге алтын тажы кийгизип, алтын такка мингизип кан көтөрөйүн. Журт атасы болгондо токтолор» — деп ойлоп, сегиз кан элге кабар бердирет. Көкчөнүн уулу Үмөтөй, Музбурчактын уулу Бурамбек, Чамбыл-Белден Жанаалы, Кокон кандан Козубек, Маргалаңдан Малабек, Анжыяндан айры сакал Сынчыбек, алты шаар Кашкардан Өзүбек тойдо ат чапканы келишет. Бул жөнүндө келгендерден кеп уккан Каныкей алтымыш асый Тайторуну Семетейге төлгө кылып чапмак болот. — Эгерде балам атасын тарткан эр болуп, Таласка кайра кондурса, чапкан атым чыгып келет, жок, чыкпай артта калса, балам атасын тартпай калганы, — деп ойлойт. Ошентип, Каныкей чиймек болуп сызыкты, кылмак болуп кызыкты, каралуу жүрүп атын чаап, Букарга баштамак болуп бузукту, Тайторуга күрүчтөн күрмөк жем берип, күндө терин алып, арпадан аса жем берип, айда терин алып таптай баштады. Тулпардын сасык терин алуу үчүн күүгүм кире, күн бата, Букардын четиндеги Ак-Чийдин сары талаасына салып чапты. Сөөгүнөн чыккан тер туягы ылдый куюлуп, сасык тери төгүлгөн Тайторуну аса байлап, суутуп таңга жуук жетелеп жүрүп он бетеге, сексен чөп оро-оро чалдырып, оргуп жаткан кара сууга сугарып, кайра алып келип сарайына байлап кыргы менен кыргылап, ургу менен ургулап терин артты. Кокустан Тайтору астыда келе атса көрө албаган бирөө жолун торгобосун. Атымды коргоюн — деп Каныкей олоңдой болгон чачын төбөсүнө кынап түйүп, үстүнөн Семетейге арнап өзү жасаган суусар бөрктү баса кийди. Үстүнө кең күрмө, келишимдүү суп чепкенди кийип, сыртынан Манастан калган боз кисени курчанды. Алмамбеттен калган Сырбараңды айдалыга асынды, алтын жаак айбалтаны билегине илди, кыпкызыл болот Сырнайзаны колуна алды. Манастан калган Зулпукорду жанына байланды, шири куржунга толтура ок-дарыны Акборчукка артты. Кетмен туяк, кең соору, кенен жердин тулпары, чаба турган Тайторунун көкүлүн көк жибек менен түйдү, куйругун куу шайы менен шүйдү. Жолго чыгарда ак байбиче энеси Чыйырдынын батасын алды. Каныкей Тайторуну жетелеп, касабасы калкылдап, жабдыгынын баарысы тула бойдо жаркылдап Букарга кирип барганда, тойго келген сегиз кан анын катындыгын билбестен эки колдорун боорлоруна алышып, чуркурап салам айтышты. «Кең көкүрөк, жайык төш, келберсиген шер экен, он эки мүчө тең экен, сөлөкөтү-сөөлөтү, атка минген келбети, Манас өңдүү көрүнөт. Же Манастын жээни, же Манастын тайы бейм! Кан көтөрүп алсакпы? — деп таңданышты. Каныкейди тааныган Букардын билермандары Темирканга келип: «Тентип келген кызың ат чабам деп, эркекче кийинип, жээлигип калыптыр. Чапкан аты артта калса сегиз кан элине шылдың болобуз, тыйыңыз», — дешти. Темиркан кароолго чыгып караса, чын эле Каныкей эркекче кийинип, ат чапканы келиптир. Аны көрүп Темиркан тардыгып: — Каныкей бул жоругуңду кой. Сенин атыңды сүрөөчү элиң жок. Ат чаап уят болбо, мал керек болсо, төрт тулпар чаап жатам, ошолордун байгесин ал, — деди. Каныкей атасы жесир дегенге ардыгып, Тайторуну байге үчүн эмес, төлгөгө чаап жатканын айтып, жолун тоспоосун суранды да, каарданып, кара жаак ак камчы кармай калып имерип, каң дегисе Тайторуну такымга тартып жиберип, Букарга кирип чуратып, ат айда деп бакырды. Коркконунан сегиз кандын эли аттарын чубатууга салды. Каныкейдин буйругу менен чабылчу аттардын эсеби алынып, катка салынды, бардыгы алты жүз кырк үч ат болду. Каныкей чабылчу аттарды сынап, Тайтору менен алты күн тынбай, суу ичпей жарышчу күлүктөр келгенин байкады. Ат айдаган Эшен чал башында турган алтымыш балбанга Кең-Булак, Ак-Чийди басып өтүп, Ит-Торпунун белин ашканда Ит-Өлөрдүн чөлү келет, андан нары да кыйла жолдо жаткан Кара деңиз дарыядан аттарды коё бер, Тайтору чыгып келчү жер ошол. Бул айтканымды аткарбасаң кармап алып соёмун, — деди. Каныкей айтканын аткарбай койбосуна көзү жеткен Эшен чал, ага сиз айтканды аткарам деп убадасын берди. Ысмайыл Каныкейдин ат чапканын угуп ардыгып, Семетейди өзүнө чакырып алып Каныкейди жамандап кирди:
— Ой, Семетей, кулунум,
Келгендерден кеп уктум,
Кесирэттүү эжекең
Жесир жүрүп жээлигип,
Ат чабам деп ээлигип,
Жерге гана кирди деп уктум!
Эри өлгөнгө сүйүнүп,
Эзелки долу ал бейбак,
Эркек кийим кийинип,
Бузулган жолду жөтөлөп,
Алтымыш асый бир атын
Чабамын деп жетелеп,
Эбин таап көйнөк кие албай,
Эптеп эрге тие албай,
Эл кыдырып чыр баштап
Эсепсиз уят бир кылды,
Эжеси жесир дедиртип,
Балам баарыбызга чыр кылды.
Бу жорук кайдан көрөлүк,
Тентиген катын дедиртип,
Баарыга шылдың болгончо
Тирүү жүрбөй өлөлүк (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 91), — деп аты чыкса «Манастап» ураан чакырып сүрөп кел, артта калса Каныкейди курмандыкка чалып кел деп жетимиш балбан кошуп жиберди. Каныкейдин ийниндеги жылаңач бала Ысмайылдын көкүтүүсү менен Семетейдин келе жатканын айтты. Ошондо Каныкейдин көзүнүн жашы төгүлүп, көңүлү жаман бөлүнүп, эсилден калган жан ботом, эбин таап көйнөк кие элек, жолуман кармап алып, жалынсам болбой курмандыкка чалат, ээ! — деп кайгыга батты. Кайра туруп: — көп эле болсо, ажалым жетсе өлөрмүн. Мен эмес, бу дүйнөдөн кимдер өтпөгөн — деп бел байлап, кайраттанды. Акборчук оозун бурду эми, чыгырыгын имерип, чын көзүнө жиберип, Манастан калган дүрбүнү салып аттардан кабар алды. Оргуп-оргуп чаң чыгат, оргуган чаңды көргөндө Каныкейден жан чыгат. Алды жагында атасынын Актулпар, андан удаа Чоңкашка, Чоңкүрөң, Каракашка — төрт тулпар келе жатат алардан башка аттардан дайын жок. Тайторуну көрө албай кайгыга батып, чыдай албаган Каныкей кайра дүрбү салганда Кең-Мойноктун жонунда, Кең Кырымдын жолунда, башын жерге сала албай, аркардай арыш ала албай Тайтору үч жүз аттын соңунда келе жатат. Каныкей Тайторунун чыкпасына ишене баштап: — Ай караңгы түн экен, бүгүн ажалым жетер күн экен, көөдөндөн чыккан баладан, — деп арман кыла баштады. Өз жанын өзү кыймак болуп, дагы бир сапар чабылган күлүктөрдү дүрбү салып көрдү. Ит-Торпунун жонунда. Кезең кырдын боюнда алтымыш аттын соңунда келе жаткан Тайтору:
Аркардай арыш салыптыр,
Мойнун жерге салыптыр,
Болжоосуз арыш алыптыр,
Желгенине жел жетпей,
Жеткилең чуркап калыптыр,
Басканына мал жетпей
Башкача чуркап алыптыр (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 96).
Сүйүнгөн Каныкей жана да бир сапар дүрбү салып «Тайторунун отуз аттын соңунда келе жатканын көрөт. Дагы бир сапар дүрбү салса Кең Ак-Чийдин боюнда он эки тулпар соңунда келе жаткан Тайторуну Алмамбет, Чубак, Сыргак, Ажыбай, Бакай, Манастын арбактары сүрөп алыптыр. Манасты он эки жыл көрбөгөн Каныкей анын арбагын көргөндө өзүң менен кошо ала жат деп чыңырып ыйлап дагы дүрбү салат. Ошондо Тайтору алты буудан соңунда келе жатыптыр, аны сүрөмөккө камынды. Таластан Букарга качканда Алмамбеттин Сырбараңын ала келген, ошол мылтыктын ичин тазалап, кур дүрмөт менен дүрмөттөп, милтесине от коюп карап турду. Ошондо Тайтору Темиркандын үч тулпарынын соңунда келе жатыптыр. Каныкей куру дүрмөттү атканда, очогордун огуна көнүп калган Тайтору мылтык үнү чыкканда чындап жүгүрүп, Чоңкашка менен Чоңкүрөңдөн ашып, Актулпарга жанашты. Эр адамча Тайторуга жетип барып чылбырдан алып сүрөп келди. Каныкейге кошулуп кырк чилтен, Кызыр да кошо сүрөдү. Бир топко Актулпар менен Тайтору тең жарышып келди, акыры Каныкей Тайторуну жети бута астыга сүрөп чыкты. Аты астыга чыккан Каныкей үстүндөгү жоо кийимдерин чечип, каралуу кейпине келип, эми Семетейдин көзүнө илинбейин деп үйүнө кетти. Башта Манастын ата экенин биле элек Семетейдин оозуна атасы Манас, жери Талас, эли кыргыз кирип калыптыр.
Ал өзүн ээрчип келген балбандарды чакырып: — Астына келе жаткан аттардын баарын кабактан кармап кырып, Тайторуну сүрөп астыга чыгаралы. Манастап ураан чакырып, жездем тирилгендей кылалы, арманы күчтүү эжемди балалуудай кылалы. Ушуну аткарсаңар Тайторунун баш байгесин бүтүн үлөшүн силерге берем деди. Оролмо тоонун урчукта, оңурайган, тумшукта, чабылган аттарды күтүп туруп, астыда келе жаткан Тайторуну чылбырынан сүйрөп, «Манастап» ураан чакырып сүрөп калды. Семетейге кошулуп жолдогу жылкычы, койчу, уйчу, орокчу да «Манастап» ураан чакырып Тайторуну сүрөөгө алышып, ой-тоонун баары Манастын арбагын көтөргөн бакырыкка толду. Тайтору биринчи чыгып келип, Семетей убадасы боюнча баш байгенин үлөшүн өзү менен жүргөн балбандарга бөлүп берди. Сегиз кан журту жыйылып Семетейди алтын таажы кийгизип, алтын такка мингизип кан көтөрүп алды. Темиркан Семетейдин такка олтурган урматына балбан күрөш уюштурду. Букардан Акбалбан, Кокондон Төө балбан чыгып, алты күн күрөшүп акыры Букарлыктын балбаны жыгылып калды. Өзүнүн шаары Букардын балбаны жыгылганга намыстанган Семетей Төө балбанды кайра күрөшкө чакырды. Ата болуп калган Ысмайыл боконо эти толо элек баланы Төө балбан кокус кылып койбосун деп Семетейди күрөштүрбөй кармап калууга аракет кылды. Намыстанган Семетей ага болбой, өзү Букардын кандыгын сайып, ал эми Төөбалбанга жанын сайдырып, күрөшкө чыкты. Салт боюнча биринчи Семетей билегин сунуп, Төөбалбандын колунан дароо сууруп алды. Төөбалбан билегин сунганда аны коё бербей бычырата кармап, өзүн көтөрүп чаап, анын бир колун жулуп алды. Баланын балбандыгын көрүп андан чочулашкан сегиз кан жаштайынан жок кылуу амалы менен Темиркандан аны ак үйлүүгө сурашты. Ала көөдөн Темиркан алардын алдоосуна көнүп Семетейди ак үйлүүгө бермек болду.
Чыйырды Семетей он экиге келгенче көрө элек эле, аны атасын тарткан эр болуп Букарга кан болду деп угуп «Баламды мага алып келип көрсөт», — деп Каныкейге айтып алты күн тамак ичпей жатып алат. Каныкей: — Семетей келгенде ыйлап, тегин билгизип койсоң жашы он экиге толо элек бала ээлигип Таласка аттанып кокустан мерт болот — дегенде, Чыйырды эч шек алдырбаска убадасын берет. Каныкей Семетейди шумкар салган жолунан тосуп чыгып, Букар шаарына султан болгонуна кут маарек айтып, эне экенин билгизбей, иничек деп кайрылып, жесир эжеңдин алакыбалын сурап, үйүнө кирип даам татып кет, — деп өз сарайына алып келип түшүрдү. Каныкейдин үй сарамжалын көрүп Семетей аябай маашырланды. Семетей тамактанып бүткөндөн кийин, Каныкей керегенин бер жагы, көшөгөнүн ар жагы тактанын үстүндө бөгүп жаткан Чыйырдыны тургузуп, кичине кудаң келиптир учураш деди. Чыйырды бул кабарды укканда дүпө-дүпө жөтөлүп, төшөктөн башын көтөрүп, алтын таяк колго алып, оңдонуп олтуруп; кадыры жетик куу көздү аарчып, эт бышымга баланы карап сагынган кумарын кандырып, сыр билгизбей Каныкейге кайрылып: — Бая биз Букарга келгенде жаңы төрөлүп, чоң той берилген сенин кичи иниң ушубу? көрбөсөм да, билбесем, кагылайын кичине кудам аманбы? деп сый кары адамдын салты менен Семетейди мойнунан орой кучактап, кекиртекке оозун билер-билбес тийгизип, шуркурата жыттап, жыттап алды да, айласы жоктон ачыгын айтып ыйлап жибере албай, бөгөсүнөн чөкчөйүп жатып калды. Семетейди аттандырарында Каныкей: «Кызырдуу кыргыз биздин эл өңчөй окшош кыпкызыл мындай көркү болуучу. Көк жал жездең Манастын бөркү мындай болуучу» — деп өз колу менен жасаган суусар бөрктү кийгизди. Андан кийин атышка кирсе ок өтпөс, сайышка кирсе найза өтпөс суп чепкенди кийгизгенде Семетейдин сөлөкөтү-сөлбөтү кан Манастай даңкайып калды. Тегереги байлалуу, жоон сандан ылдый тегиз курч менен саймалуу, алты теке терисин күдөрү ийлеткен, ичин торко ичтеген, аргын менен ногойдун алтымыш кызы тиштеген, тартып алса шили болуп чоюлган, коё берсе желим болуп жыйылган, катуу кармаса кол кыйылган. Манастан калган кандагайды кийгизди. Пил терисинен жасалган булгаары өтүктү такасына кызыл алтын жакут салдырып кыргызча жасатыптыр аны кийгизди. Манастан калган Бозкисени белине чалды. Семетей атка мингенде Каныкей жана токтотуп: — Сени сегиз кан ак үйлүү сурап жатыптыр сак бол, — деп эскертти. Кандардын жоругуна кыжырланган Семетей Букарга жетип барды да, Темиркандын Акбараңын, зулпукорун тартып алып, алтын жаак айбалтаны билегине илип, сыр найзаны такымына кыстарып ордодо жаткан сегиз канга жөнөдү. Бийчилерди бийлетип, дутарларды чалдырып оюн куруп жаткан аларды жөөлөтүп кирип барды да, жүйөөлүү кептен салды: — Мени ак үйлүү алгыдай, эмне жамандык кылдым. Менде жети атаңдын өчү жок. Темиркандын акбараңы менен барсылдакка салганда ак үйлүү алчу кандардын баары качып жөнөдү. Семетейдин балалык чагына таандык окуяларынын ичиндеги анын Төөбалбан менен күрөшү. Чыйырдыга алгач жолугушканы жана Каныкейдин колунан өзүнө даярдалган кийим-кечегин алышы, ак үйлүүгө алышмак болгон сегиз кан менен чатагы сыяктуу эпизоддор башка варианттарда учурай бербейт. Алар Саякбай Карала уулунун, эл ичиндеги аңыз сөздөрдүн негизинде эпосту кеңитип, тереңдетип айткан чыгармачылыгынын натыйжасында кошулган эпизоддор. Булардын ичинен Саякбайдын айтуусу менен эл ичинде өтө кеңири белгилүү болгон эпизод «Каныкейдин Тайторуну чабышы» шарттуу түрдө Манасчылардын Ысык-Көл мектеби аталган өкүлдөрүндө мурдатан айтылып келгени байкалат. Ошондуктан көпчүлүк варианттарда жолукпаган бул эпизод Саякбай менен бир мектепке таандык Мамбеттин вариантында да кезигиши мыйзам ченемдүү. Мамбет Чокморовдун варианты (Мамбет Чокморовдун варианты). Атасын тартып өз билгенин бербей шок чыккан Семетейди Каныкей кантип токтолторун билбей ойго батып жүргөндө анын жакшынакай келечегинен, баатырдык иштеринен кабар берген түш көрөт. Ушундан кийин Каныкей Манаска аш берип, Семетейдин келечегин билүү үчүн Тайторуну чабуу жөнүндө атасы Караканга кеңеш салып макул кылат. Тайторуну Каныкейдин таптоосу, иниси Ысмайылдын элдин ушак сөзүнө кирип ат чапмак болгон Каныкейге каршы Семетейди жумшоосу, акыры Тайторунун чыгып келиши бул эпизоддогу туруктуу мотивдер катары Мамбет Чокморовдун вариантында айтылат. Бирок, Ысмайыл Семетейдин Каныкейге нааразылыгы Саякбай Каралаевдин вариантындагыдай курч мүнөздө өтпөстөн, жайынча болот. Тайторуну башка бала эмес, Семетейдин өзү чаап, эл көзүнө көрүнөт. Манаска аш берүү Тоголок Молдонун (Манастын өлүмүнө удаа), Ыбрай Абдыракман уулунун (Семетей Таласка келгенден кийин), Молдобасан Мусулманкул уулунун (Манастын кырк ашы) варианттарында да кезигет, бирок мында негизги ой аштын жүрүшүнө, андагы салтанатка бурулат да, Тайторунун төлгө кылып чабылышы жөнүндө эч эскерилбейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4