Мазмунга өтүү

Таблиг жамааты

Википедия дан
Диний уюм
Таблиг жамааты

1926

150 дөй өлкө

ханафий мазхабы

Таблиг жамааты (урду: تبلیغی جماعت, ар. جماعة التبليغ‎‎‎ - жамаат-ул-таблиг) — 1926-жылы Индияда Маулана Мухаммад Илияс тарабынан уюшулган саясаттан четки диний кыймыл. Кыймылдын башкы максаты катышуучулардын жардамы менен исламда адамдардын кеңири массасынын деңгээлиндеги диний жанданууну ишке ашыруу жана мусулмандарга, алардын социалдык жана экономикалык статусуна карабастан, аларды исламдын Мухаммед пайгамбар ﴾ﷺ﴿ көрсөткөн амалдарына (диний практикасына) жакындатуу максатында кайрылуу.

Кыймылдын ишкердиги исламдын көптөгөн кадырлуу аалымдары тарабынан жактырылган жана колдоого алынууда, анткени алар Таблиг Жамааты (ТЖ) исламдын дүйнөдө кайра жаралуусу боюнча чоң ишкызматты аткарууда деп эсептешет. Мисалы, доктор Сано Кутуб Мустафа, Малайзиянын Эларалык исламий университетинин фыкых жана анын принциптери жаатындагы профессору, төмөнкүлөрдү айтат:

«Аталышына жана уюмуна карабастан Исламдын пайдасына иштеп жаткандарга Аллах ыраазы болсун. Албетте, ТЖ Исламды бүт дүйнөгө жайылтуу ишине чоң салым кошуп жатат. Аллах алардан ыраазы болсун».

Белгилөөчү жагдайы, Жамаат бөтөн диндегилерди жана атеисттерди исламга чакырууга басым жасабайт, «этникалык мусулмандар» деп аталган чөйрөдө иштейт. Кыймыл өзүнүн максатын — исламды салттуу карманган элдердин арасында динди жандандырууда көрөт. Бул эреже исламды салттуу диндеринин бири деп эсептеген Орусияга да тиешелүү.

Дааватчылардын (чакыруучулардын) контингентинин өзү да жетишээрлик кең: кыймылдын катышуучуларынын арасында кара жумуш же соода менен алектенген жөнөкөй мусулмандар да, университеттердин окутуучулары, сот адамдары ж.б.у.с. да бар. Катышуучулардын айрымдары даават (чакыруу) мээнетине берилүү менен буга өз жашоосун арнашып, регулярдык түрдө убакытынын бир бөлүгүн башка шаарларга чыгып исламга чакыруу иши үчүн берип турушат[1]. «Таблигчилердин» (дааватчылардын) арасында буга бир аз гана убакытын берген же дааватка качандыр-бир катышкандар да көп. Катышуучулардын этникалык курамы жана географиясы да кеңири. Бул аркылуу тактоого мүмкүн болгондой, ТЖ адатта айтылган маанидеги уюм эмес эле, Куран менен Сүннөтттү кармануунун жана ошондой эле исламий чакырыкты аткаруунун негизинде бириккен мусулмандардын жамааты десе болот.

1926-жылы Индиянын Меват деген провинциясында деобандий багытындагы ислам аалымы Маулана Мухаммед Илияс ТЖны негиздеп, аны ыктыярдуу, пацифисттик көзкарандысыз исламий кыймыл катары позициялаган. Анын урааны мындай болгон: «О мусулмандар! Мусулман болгула!» Делиде уюшулган кыймыл дүйнөнүн дээрлик 150 өлкөсүнө кеңири жайылган, жана мөлчөр менен 70-80 миллион жолдоочулардын санына жеткен[2].

6 сыфат (исламий такыбалыктын алты ынанымы)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дааваттын концепциясын жана тартибин иштеп чыккан аалымдардын пикири боюнча, бүгүн мусулмандарга (айрыкча Батышта) толук динди карманууга өтө оор келет, ошондуктан адам эгер белгилүү «алты сыфатты» (исламий такыбалыктын алты ынанымын) бекем карманса, бул убактылуу дүйнөдө да тиги түбөлүк дүйнөдө (акыретте) да бактылуу болот:

  1. Шахада — «Аллахтан башка (сыйынууга татыктуу) кудай жок жана Мухаммад — анын кулу жана элчиси» деген сөздү (келимени) тилине алуу жана аны жүрөгү менен кабыл алуу;
  2. Намаз — Бешмаал намазды милдеттүү көңүл менен аткаруу;
  3. Илим-Зикир — исламий билим (илим) алуу жана аллахты көп эстөө (зикир);
  4. Икром муслим — биртууган-мусулмандардын сый-урматы. (Белгилей кетүүчү жагдайы, кыймылдын катышуучулары чыр-чатактан оолак болуп, мусулмандардын ынтымагына умтулушат жана башкалардын дооматына жооп беришпейт);
  5. Ыклас ниет — Сооп иштерди жасоодогу ыкластуулук. Жаки, аларды Аллахтын ыраазылыгы үчүн гана жасоо;
  6. Даават — Башкаларды Исламга чакырууга катышуу.

Катышуучулар акыркы пунктту аткаруу үчүн өздөрү жашаган жергеде даават кылышат, ошондой эле 3 күнгө, же 40 күнгө, же 4 айга ушул максат менен башка айлылдарга, шаарларга, алтургай өлкөлөргө чыгып турушат.