Тегирмен-Сай, Аксы району

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Тегирмен-Сай, Аксы районуЖалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Авлетим айыл аймагына караштуу. Чаткал кырка тоосунун этегинде, деңиз деңгээлинен 1220 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 32 км түндүк-чыгыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 98 км. Кыштак 1938-ж. орун алган. Калкы 1000ге чукул (2013); негизинен тамекичиликте эмгектенип, мал багат. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]