Тигре (эл)

Википедия дан

Тигре (тыгре) — Эритреянын түндүгүндө жана Судандын чектеш аймагында, ошондой эле Эфиопияда (Тыграй аймагы) жашаган семит эли.
Жалпы саны 1,7 млн адам (2016).

Тигре

Тигре айымы
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 1,7 млн (2016)
 Эритрея
 Судан
 Эфиопия

Тили

тигре

Дини

мусулмандар

Расалык тиби

эфиоп

 кирет

семиттер

Тууган элдер

тиграи, амхара, харари, аргобба

Отузга жакын субэтникалык топторго бөлүнөт.
Тигре тилинде сүйлөшөт. Тигре эли арасында араб, амхара, тигринья тилдери да кеңири таралган.
Көпчүлүк мусулмандар.
Дыйканчылык (буудай, дагусса, зыгыр, жасмык, нокот) менен малчылык (кой, эчки, зебу, төө) менен алектенишет. Балык уулоо (Кызыл деңиздин жээгинде) өнүккөн.
Кол өнөрчүлүктөрдөн карапачылык, токуучулук, жыгач жана мүйүз оюмдары өнүккөн.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]