Тынаркүл Абдразаева

Википедия дан
Абдразаева Тынаркүл (Тынара)
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Абдразаева Тынаркүл
Туулган жылы: 1956-жыл
Туулган жери: Корумду айылы, Ысык-Көл району, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр жана кино артисти
Наамдары: Кыргыз Республикасынын эл артисти
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1979-жылдан баштап
Театр: «Тунгуч» театры, Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры

Тынаркүл Абдразаеватеатр жана кино артисти.

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Т.Абдразаеванын балалык кези Көл кылаасында өткөн.

Корумду айлынан орто мектепи аяктагандан кийин, 1974-1975-жылдары Кыргыз академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студияда окуган.

1975-1979-жылдары Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр жана сүрөт өнөрү институтун бүтүрүп, Кыргыз академиялык драма театрына ишке алынат.

Ушул театрда он жылдан ашык иштегенден кийин, 1990-жылы жаңыдан уюшулган биринчи жеке менчик театр “Тунгучка” өтөт. 1993-жылы кайрадан КМАДТка келип кирет. Ошондон ушул күнгө чейин мамлекетибиздин башка сахнасында чоң чыгармачылык жигер менен эмгектенип келе жатат.

Чыгармачылгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таланттуу актриса, Тынара Асанбековна Абдразаева чыгармачыл жолун отуз жылдык чыгармачыл жолунун ичинде театрдын сахнасында элүүгө жакын башкы жана негизги ролдорду жогорку көркөмдүк чеберчилик менен аткарып кыргыздын улуттук театр журтчулугунун, жалпы эле көрүүчүлөрдүн көңүлүн уюткан чоң-чоң ийгилктерге жетишти.

Ал аткарган ролдорду үстүртөн эле санап өткөндө да, кандай олуттуу эмгектер экени көрүнүп турат: Кишимжан (Ж.Абдыкадыров, “Олжобай менен Кишимжан”), Газиза (М.Касенов, “Алда жаш жубайлар, ай!”), Зинат Бекееевна (Т.Абдумомунов, “Машырбек үйлөнөт”), Букей (Б.Өмүралиев, “Жаңырык”), леди Анна (В.Шекспир, “Ричард III”), Айчүрөк, Чачыкей (Ж.Садыков, “Сейтек”), Тангут ханышасы Гүрбөлжүн (Ж.Кулмамбетов, “Чынгызхандын купуя сыры”), Алмакан (Ж.Кулмамбетов, “Жөн эле Майраш”), Догулаң (Ч.Айтматов, “Сары - Өзөктөгү жаза”), Алиман (Ч.Айтматов, “Саманчынын жолу”), Батма (Ж.Өзүбекова, “Толгоо”) ж.б.

Булардан тышкаары Т.Абдразаева кыргыз киносунда да онго жакын фильмдерде жана дагы онго жакын телесериалдарда башкы жана негизги ролдорду өтө ийгиликтүү ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн терең түнөк таба алды.

Т.Абдразаева комедиядан тартып трагедияга чейинки ролдорду бирдей ийгилик менен жогорку чеберчиликте ойногон актриса.

Тынара Асанбековна Абдразаева артист гана эмес болочок муундарды тарбиялаган мыкты педагог дагы. Анын колунан тарбия алган жаш муундагы артисттер ушул тапта Кыргызстандын театрдарында үзүрлүү эмгектенип жатышат.

Негизги аткарган ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Газиза (Касенов, «Алда жаш жубайлар, ай»).
Кишимжан (Ж. Абдыкадыров, «Олжобай менен Кишимжан»).
Дуняша (А. П. Чехов, «Алчалуу бак»).
Зинат Бекееевна (Т.Абдумомунов, “Машырбек үйлөнөт”).
Букей (Б.Өмүралиев, “Жаңырык”).
Кишимжан (Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей»).
Чачыкей (Ж. Садыков, «Сейтек»).
Айчүрөк (Ж. Садыков, «Сейтек»).
Канайым (К. Акматов, «Ажырашуу»).
Айша (Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт»).
Айчүрөк (Ж. Садыков, «Сейтек»).
Леди Анна (Шекспир, «Ричард III»).
Догулаң (Ч.Айтматов, “Сары - Өзөктөгү жаза”).
Батма (К. Акматов, (Ж.Кулмамбетов, «Мунабия»).
Гүрбөлжүн (Ж.Кулмамбетов, «Чыңгыз хандын купуя сыры»).
Мадина (Ж.Өзүбековa, «Апамдын махабаты»).
Алмакан (Ж.Кулмамбетов, “Жөн эле Майраш”).
Азем (Ж. Өзүбековa, «Кара кыз»).
Мукаям (Саид Ахмад, «Келиндер козголоңу»).
Алиман (Ч.Айтматов, “Саманчынын жолу”).

Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу. Энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
  • Ж.Кулмамбетов.Театр дүйнөсүндө: Шык ажары. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 168 б.