Түп кенчи

Википедия дан

Түп кенчи – биздин заманга чейинки 1 миң жылдыкка тиешелүү археологиялык казына. 1884-жылы П. Мячин жертөлө казып жаткан учурда кокусунан табылган. Түп кенчинин курамына 7 буюм, 1 балта, үч көзөөч, бычак жана того кирген. Түп кенчи гео-химиялык жактан башка кенчтерден айырмаланат. Балтанын, бычактын курамында аз өлчөмдө никель жана коргошун колдонулуп, сурьма жана кобальт колдонулган эмес.

Бул эки курал мышьяк кошулган жезден жасалган. Тогоо менен көзөөчтү жасоодо калай, висмут, күмүш, мышьяк, никель, сурьма колдонулган. Бул жагынан Шамшы кенчине жакындыгы аныкталган. Балта менен тогоо эки жактуу калыпка куюлуп жасалган, бычак жалпак капкагы бар бир жактуу калыпка куюлуп жасалган. Куюлгандан кийин артыкча бөлүктөрү тазартылып, миздери чыңоо жолу менен жукартылган.

Балтанын муздак чабылып жасалышы, көлөмүнүн өзгөчөлүгү жагынан Кыргызстандагы табылгалардан айырмаланып турат. А. Д. Дегтярева]]нын божомолунда, Түндүк Кавказдагы кобан маданиятындагы куралдар менен жакындыгы бар. Табылган буюмдарды Казан университетинин профессору Н. В. Сорокин Москва университетинин антропология музейине өткөргөн.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]