Уран Ботобеков

Википедия дан
Уран Токтоназарович Ботобеков
Туулган жылы:

1967-жыл, 01-бугу (май) айы

Туулган жери:

Малкалды айылы, Жалал-Абат облусу

Өлкө:

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Илимий чөйрөсү:

Саясат таануу, ислам таануу, журналистика, Кыргыз таануу

Иштеген жери:

көз карандысыз публицист жана илимпоз (мурдагы иштеген жери – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы)

Илимий даражасы:

саясат таануу илимдеринин кандидаты, (2011)

Альма-матер:

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети

Илимий жетекчиси:

Кыргызстан УИА мүчө кабарчысы, философия илимдеринин доктору Осмон Тогусаков

Уран Токтоназарович Ботобеков (Uran Botobekov; 1967-жылы 1-майда туулган) – Кыргызстандагы заманбап саясат таануучу, журналист жана дипломат адистердин бири, элчи, саясат таануу илимдеринин кандидаты.

Кыскача өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бала чагы. Жаштыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уран Токтоназарович Ботобеков 1967-жылы 1-майда Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Аксы районундагы Малкалды айылында (совет доорундагы “Жаңы-Жол” кыштагында) туулган.

Атасы - Токтоназар Ботобеков (15.02.1938 - 14.09.2006), энеси - Тажикан Ботобекова (1947-жылы 2-февралда туулган).

Уран Малкалды айылындагы “Ленинчил жаш” орто мектебинде окуган.

1984-жылдан 1992-жылга чейин Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университетинин) журналистика факультетинде окуган.

1985-жылдан 1988-жылга чейин Советтик аскер деңиз флотунда үч жыл кызмат өтөгөн.

Дипломатиялык ж.б. расмий кызматтарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1995-96-жылдары Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында окуган.

Уран Ботобеков Кыргызстандын чет мамлекеттердеги Элчиликтеринде кызмат өтөгөн.

1994-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы.

1996-1999-жылдары Кыргызстандын Украинадагы Элчилигинде 1-катчы кызматын аркалаган.

2001-2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат агенттигинин мамлекеттик кызмат сферасындагы саясат башкармалыгынын жетекчиси. 2006-2008-жылдары Кыргызстандын Түркиядагы Элчилигинин жардамчысы болуп эмгектенген.

2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Админстрациясынын уюштуруу жана мамлекеттик саясат иштери боюнча бөлүмүндө эмгектенген.

Медиа тармагында[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2003-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Пресс тобунун жетекчиси.

Уран Токтоназарович Ботобеков.


Бир катар "Кут билим", "Кыргызстан маданияты" сыяктуу гезиттерде редактордун, бөлүм башчынын милдетин аткарып келген.

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2007-жылы Кыргыз Республикасынын УИАсынын Философия жана саясий-укуктук иликтөө институтунда изденүүчүсү болуп катталган.

2010-2013-жж. Уран Ботобеков Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун окумуштуу катчысы ж.б. кызматтарда иштеди.

Коомдук ишмер катарында "Гуманитардык изилдөө жана конфликтология" борборун жетектеп келди.

Учурда АКШда ислам таануу, саясат таануу жаатында илимий изилдөө иштерин улантууда.

Илимий тармактары, изилдөө багыттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уран Ботобеков саясат таануу, дин таануу, тышкы саясат жана журналистика тармактарында бир катар илимий жана публицистикалык эмгектерин жарыялаган.

2010-жылы саясат таануу адистиги боюнча кандидаттык диссертацияны ("Кыргызстандагы диний радикализмдин саясий аспектиси") ийгиликтүү коргоп, саясат таануу илимдеринин кандидаты даражасына татыктуу болду (Бул иштин илимий жетекчиси – философия илимдеринин доктору, профессор Осмон Асанкулович Тогусаков болгон).

Бул диссертация менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Борбордук илимий китепканасынан таанышууга болот. (Дареги: 720071, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 265-а).

Үй-бүлөсү тууралуу маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уран Ботобековдун бир кыз (Арууке), эки уулу (Айтуран, Элтуран) бар. Жубайы – Айтбү Ботобекова.

Жалпысынан, маркум Токтоназардын (14.02.1938 - 14.09.2006) жана Тажикандын (02.02.1947 туулган) үч кыз, үч уулу бар.

Урандын улуу агасы - Берен (1965-жылдын 21-февралында туулган).

Урандан кийинкилерден – карындашы Гүлянда (Гулянда; 1969-жылдын 24-февралында туулган).

Дагы бир карындашы – Айшат Ботобекова – илимпоз, филология илимдеринин кандидаты.

Кичүү иниси - Улан (1983-жылдын 26-июнунда туулган), эң кенже карындашы - Нуршат (1986-жылдын 18-июлунда туулган).

Сыйлыктары. Наамдары. Даражалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Атайын Ыйгарым укуктуу Элчиси (Президенттин жарлыгы менен. №284 28-август, 2003-жыл).

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын мамлекеттик кеңешчиси (Президенттин жарлыгы менен. №53 17-февраль, 2003-жыл).

Эмгектеринин кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Захруддин Мухаммед Бабур кайсы улутка тиешелүү? // «Dialog Avrasya». – Бишкек. Издательство “Басма”, 2009, – Б. 24-25.
  • Ситуация в Ферганской долине: религиозный экстремизм и оборот наркотиков // Многомерные границы Центральной Азии. Под ред. М.Б. Олкотт и А Малашенко. Московский Центр Карнеги. – Москва, Гендальф, 2000. Вып. №2. – С. 44-55.
  • Борбордук Азияда салафизм: көч кайда барат? // «Гуманитарные проблемы современности», НАН КР. – Бишкек, 2010, Вып. №11. – С. 18-25.
  • Кыргызстандагы диний цивилизициялар кагылышы. // «Наука и новые технологии». – Бишкек, 2009, №7 – С. 222-223.
  • Кыргызстандагы диний экстремистик агымдар. // «Социальные и гуманитарные науки». –Бишкек , 2009, №5-6 – С. 121-123.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уран Ботобековдун англис тилиндеги эмгектерине, макалаларына шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]