Хижама

Википедия дан

Хижама — байыртадан калган уникалдуу ыкма. Бул ыкма аркылуу мутацияга кабылган кан клеткаларын чыгарып организмди мыкты деңгээлде күчтөндүрсө болот.

Денеден кан алдырып дарылоо ыкмасы барган сайын күчүнө кирүүдө. Мындай жол менен дарылоо ислам дининде хижама деп аталат. Көпчүлүк мусулмандар эң оор илдеттерден арылууга хижаманын жардамы чоң деп ишенишет. Ал эми медицина илими бул ыкма бардык эле ооруга даба эместигин эскертет. Тандоо сиздин колдо.

Хижама деген эмне?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адамдын денесиндеги тыгылган жана зыяндуу заттар көп топтолгон жайлардагы ичке жана капиллярдык тамырлардын белгилүү чекиттеринен кан алуу хижама деп аталат. Хижама жасоо үчүн устара, медициналык банка, спирт, кебез, суутек перекиси керектелет. Ооруну аныктап алгандан кийин ошого жараша денеде чекиттер белгиленип, канды бир жерге топтоо үчүн ал чекиттердин үстүнө медициналык банка коюлат. 10 мүнөттөй убакытта кан чогулат. Ошол маалда банкаларды алып, ал жерлерди спирт менен тазалап 10-15тей майда тилик кылып кесет. Тилинген жерден канды соруп алуу үчүн ошол эле банкалар кайрадан коюлуп, бейтап 15 мүнөттөй кыймылсыз жатат. Керексиз кандар чыккандан кийин суутек перекиси менен кылдат тазаланат. Кандын көп же аз чыккандыгы мааниге ээ эмес. Айрымдары “кан канчалык көп чыкса, ошончолук жакшы” дешет. Негизгиси белгиленген убакытта канча кан чыккандыгы эсептелинет.

Хижаманын пайдасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Иммунитетти көтөрөт;
  • – Кан уулуу заттардан тазаланат;
  • – Кан айланууну жакшыртат;
  • – Денедеги ар кандай шишиктерден арылтат;
  • – Организм толугу менен жаңырат;
  • – Тукумсуздук, простатит, импотентти, гинекологиялык ооруларды айыктырат;
  • Нерв ооруларын жана алсыздыкты жөнгө салат;
  • – Кулак, көз, тамак, мурун, астма, бронхит ооруларын айыктырат;
  • Сколиоз, артроз, остеохондроз, грыжа сыяктуу муун ооруларын айыктырат;
  • – Ичеги-карындардын жабыркашын жөнгө салат;
  • Ашказан, өт, боор, бөйрөк, жүрөк ооруларына даба;
  • – Беттин терисин жашартат;
  • – Арыктатат;
  • – Климакс, жогорку кан басымын жөнгө салат;
  • – Кант диабетинен жабыркагандарга жардам берет;
  • – Тери оорулары, безетки, псориаз, экзема илдеттеринен айыктырат;

Зыяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Денедеги чекитти туура эмес коюп, же терең кесип алган учурда төмөндөгүдөй абалга дуушар болушу мүмкүн:
1. Көзү көрбөй калат;
2. Бир капталы, буту же колу иштебей калат;
3. Кан көп кетип калса, өлүп калуу коркунучу бар.

Хижамага чейин жана кийин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хижама алардан үч саат мурун күчтүү тамак ичип, бирок өтө тоюп албаш керек.

Үч сааттан кийин тамакка аралашса болот. Бирок 24 саат ичинде айрым тамактарга тыюу салынат. Алар жумуртка, сыр, айран, каймак, сүт, курут, сүзмө сыяктуу сүт азыктары. Тыюу салынган тамактарды 24 сааттын ичинде жеп алса, ар кандай ооруларды пайда кылышы толук мүмкүн. Сууну көбүрөөк ичүү керек.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://lady.kg/node/3189 Archived 2017-03-19 at the Wayback Machine