Эразм Роттердамский
Дезидерий Эразм Роттердамдык (лат.DesideriusErasmusRoterodamus, нидерл. GerritGerritszoon; 28 октябрь 1467, Гауда, Роттердам, Бургундия Нидерландысы— 12 июль 1536, Базель, Швейцария союзу) — бирден-бирбелгилʏʏ гуманист ,аны Иоганн Рейхли экөөнʏ замандаштары «Германиянынэкикареги»депаташкан. Содержание 28- октябрь 1469-жылы (башка версиялар боюнча 1465-жылы) Гаудада (Роттердамдан 20 км алыс) в азыркы Нидерландияда туулган. Анын атасы Гауда шаарынын бюргерлер ʏй-бʏлөсʏнөн болгон. Атасы жаш кезинде бир кызды жакшы көргөн жана ал дагы . Бирок ата-энеси баласынын ʏй-бʏлө куруусуна каршы болуп , диний карьера кылууну алдын ала чечишкен.Бирок сʏйʏшкөндөр жакындашып , жакындашуусунун натыйжасында балалуу болушуп атын Гергард (каалаган) коюшкан. Гергарддынлатинизацияланганы ,грекчеленгениDesideriusErasmus- кийинанынпсевдонимиболгон. Эразм Роттердамский жана дезидерий деген аттар менен Герхард Гёрхардс белгилʏʏ болгон.Эразм Роттердамдык же Ротердамский - Нидерланддык окумуштуу-гуманист, жазуучу, филолог, богослов, тʏндʏк каражаралуу (французча: Ренессанс, орусча: Возрождение) доорунун көрʏнʏктʏʏ өкʏлʏ.Дин кызматкеринин мыйзамсыз баласы Эразм алгачкы билимди Нертогенбос шаарында «Чогуу өмʏрдөгʏ биртуугандар» общинасынын мектебинен жана Стейнденавгустин чиркөөсʏнөн алган,13 жашында ата-энеси өлʏп, жетим калган,августин чиркөөсʏн бʏтʏп жатып священник болуп калган.Эразм монастырдан кетип Камбраепископунун латын катчысы (секретарь) жумушун ээлеген. 1495-жылы Эразм богословиени окуш ʏчʏн Париж университенине кеткен.Аны аяктап жатып Англияга барган жана ал жактан Оксфорддо лекция окуп, Томас Мор, Джон Колет, кийинчерээк Джон Фишер жана принц Генрих, келечектеги король Генрих VIII менен достошкон. Парижде Эразм биринчи ири чыгармасы "Adagia"ны чыгарган.Бул эмгек аны бʏткʏл Европа гуманистертерине белгилʏʏ кылган. Англиядан 1499-жылы келип, Эразм бир аз убакыт көчмөн жашоо өткөрʏпПариж, Орлеан, Лувене, Роттердам шаарларын кыдырат. 1505-1506-жылдары көптөн бери баргысы келип жʏргөн Италияга жөнөгөн. Италияда Эразм ардактуу кээ бир жерлерде салтанаттуу кабыл алууларда болуп, Турин университетинин богословие боюнча ардактуу доктору дипломун алган, Рим папасы өзгөчө сый катарында ага кайсыл өлкөгө барса ошол жердегидей жашоо образын өткөрʏʏгө, кийинʏʏгө уруксат берген.Италияда эки жыл жʏрʏп, Турин, Болонья, Флоренция, Венеция, Падуа, Рим шаарларында болот. Эми ал ʏчʏнчʏ жолу англиялык досторунун чакыруусу боюнча Англияга жөнөйт. Эразмдын өзʏнʏн эскерʏʏсʏндө белгилʏʏ сатира «Похвала глупости» жазылган. Оксфорд жана Кембридж университеттери ага профессураны сунушташкан. Кембриджде сабак берʏʏ. Эразм тандоосун жакын таанышы епископ Фишер «университет канцлери» болуп иштеген Кембриджге токтоткон. Бул жерде Эразм бир нече жыл грек тилинен жана богословиеден сабак берген. Дунс Скоттун жана Фома Аквинскийдин схолостикалык окуусу менен окуткан башка мугалимдерди кʏнөөлөп, аларды «Похвала глупости» эмгегинде айта кеткен.Төрт жыл өткөн сон 1513-жылы Англиянын климаты жакпай жатат деген сөз менен Германияга аттанат.Германияда эки жыл жʏрʏп баардык жерлерин кыдырып чыккан. 1515-жылы Англияга кайра барып бирок бир жылдан сон ,континентке биротоло келген. Карл V дворунда. Бул жерден Эразм өзʏнө кубаттуу меценат Ыйык Рим империясынын башчысы Карлды (келечектеги Карл V) табат. Карл Эразмга « король кенешчиси» титулун берип,ага эчкандай функция берилбестен гана, ал гана эмес двордо жʏрʏʏ милдети дагы жок 400 флорин өлчөмʏндө акча каралган. Бул Эразмдын каржылык маселелерин чечип ,илимий иштерге берилʏʏсʏнө жола чкан. Ушундан ары анын илимий жана адабий продуктулуугу абдан жогорулайт.Бирок анын жаны жумушу анын отурукташпаган мʏнөзʏн токтото алган эмес, ал Брюссельде, Лувенде, Антверпенде, Фрайбургда, Базелдеболгон.Ал өмʏрʏнʏн акыркы кʏндөрʏн гана Базелде тынч өткөрʏп, 11 июлдан 12сине карагантʏнʏ 1536-жылы өлгөн.Негизги эмгектери:«О первоначальном воспитании детей», «О благовоспитанности детей»,«Похвала глупости» «Беседы», «Метод обучения», «Способ писать письма» 1 2 Эразм Роттердамский — статья из Энциклопедического словаря Брокгауза и Ефрона 2. «Похвала глупости» — История философии — 3. Джуринский А. Н. История зурубежной педагогики: Учебное пособие. — М., 1998