Эсенкожоев Кусейин

Википедия дан
Кусейин Эсенкожоев
Туулган жери:

Ичке-Булуң айылы, (азыркы Жети-Өгүз району)

Жарандыгы:

 ССРС

Ишмердүүлүгү:

жазуучу-фантаст, акын, котормочу, прозаик

Багыты:

балдар жазуучусу

Жанр:

фантастика

Сыйлыктары:

"Кызыл жылдыз" ордени, "Эрктиги үчүн" медалы

Кусеин Эсенкожоев (1920-жыл, 20-май –1944-жыл 15-март) - биринчи кыргыз фантаст жазуучусу, акын, котормочу жана балдар жазуучусу. 1939-жылдан тартып СССР жазуучулар союзунун мүчөсү.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кусеин Эсенкожоев - 1920-жылы 20-майда Ичке-Булуң айылында (азыркы Жети-Өгүз району) туулган. Молдо баласы. Эрте жашынан жетим калып, байкесинин колунда өскөн.

Орто мектепти 17 жашында бүтүрүп, ошол эле жылы күзүндө Кыргызстан Мамлекеттик педагогикалык институтка келип кирет. Кусейин Эсенкожоев институттун акыркы курсунда окуп жатканда Алма-Атадагы офицерлерди даярдоочу согуш мектебине жиберилип мектепти кыска мөөнөттө бүтүрүп чыгып, офицердик наам менен фронтко аттанып, Москва алдындагы катуу салгылашта жыйырмадан жаңы ашкан кезинде курман болот.
К.Эсенкожоев өзүнүн чыгармачылык өмүрүндө «Саякатчы бала», «Үчүнчү шар», «Родинанын уулу» ж.б. балдарга арналган илимий-фантастикалык кызыктуу чыгармаларды жазган.
Ал көп ырларды, поэмаларды, очерктерди, фельетондорду жазган, көбү бүтпөй калган. К.Эсенкожоевдин котормосу менен Пушкиндин, Лермонтовдун, Маяковскийдин бир нече ырлары кыргыз тилинде чыккан.
Кыргыз адабиятынын тарыхында К.Эсенкожоев кыргыз балдар адабиятынын негиз салуучуларынын бири.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кусеин Эсенкожоев — балдарга арналган бир катар фантастикалык чыгармалардын жана котормолордун автору.

Эң биринчи аңгемелерин Казанда жарыялаган. 1937-жылы өзүнүн чыгармаларында, шар формасындагы аппарата адам менен ит космоско учкандыгы жөнүндө айтылат.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Саякатчы бала" - Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1938. – 24 б.
  • "Үчүнчү шар" - Аңгеме. – Ф.: – Казань, Кыргызмамбас, 1958. – 30 б.
  • "Родинанын уулу" - Аңгеме. – Ф.: – Казань: Кыргызмамбас, 1939. – 41 б.
  • "Канаттуулардын сыры" - Поэма. – Ф.: – Казань: Кыргызмамбас, 1939. – 89 б.
  • "Шарше" - Аңгеме. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1939. – 31 б.
  • "Жалындуу жаштык" - Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1951. – 87 б.
  • "Аңгемелер жана ырлар" - Тестиер жана өспүрүм балдар үчүн. /Түзгөн: Ж.Самаганов. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 195 б.
  • "Чыгармаларынын жыйнагы: Аңгемелер жана ырлар" - Кириш сөзүн жазган К.Укаев. Экинчи басылышы. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 214 б.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Жолдоштор. Испания жөнүндөгү ырлар." (Михалков С.Б.) – Ф.: Кыргызмамбас, 1939. – 16 б.
  • "Гулливер алптарда" (Жонатан Свифт) – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1940. – 55 б.
  • "Падыша Салтан, анын даңктуу жана кайраттуу баатыр уулу князь Гвидон Салтанович жана сонун Каныша Аккуу тууралуу жомок." (Пушкин A.C.) – Ф. – Казань, Кыргызмамбас, 1940. – 39 б.; 1949. – 32 б.
  • "Доктор Айболит. Гью Лофтинг боюнча" (Чуковский К.И. ) – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 102 б. (М.Ыйманкулов менен бирге).
  • "Доктор Айболит" (Чуковский К.И. )– Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 80 б.
  • "Амангелди Иманов: Тарыхый аңгеме" (Рахтанов И.А. ) – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 43 б.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Кызыл жылдыз" ордени
  • "Эрктиги үчүн" медалы

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]