Жети-Өгүз району

Википедия дан
Жети-Өгүз (район)‎»‎ барагынан багытталды)
Жети-Өгүз району
Герб
Герб
Желек
Желек
Өлкө

Кыргызстан

Статусу

областык район

Областка карайт

Ысык-Көл областы

Районго карайт

13 айыл өкмөтү, 51 айыл

Административдик борбор

Кызыл-Суу

Калкы

82 085 адам[1]

Улуттук курамы

кыргыздар — 91,2%
орустар — 4,5%
дунгандар — 2,4%
уйгурлар — 0,9%[1]

Диний курамы

ислам, христиан

Тууралыгы

42.515638

Узундук

78.532676

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Убакыт аралыгы

UTC+6

Автоунаа номурунун коду

I,IK

Жети-Өгүз району ― Кыргызстандын түндүк-чыгышындагы Ысык Көл Дубанынын (Облусунун) аймагы (району). Борбору Кызыл Сууда жайгашкан. Анын аянты 14,499 чарчы чакырым, ал эми туруктуу калкы 2009 жылы 82,085 кишини түзгөн. Дубан Тескей Ала Тоо Кыркаларынын чыгыш четинде турат.

Географиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1930-жылдары уюшулуп, 1963-жылдары Тоң районуна кошулуп, 1965-жылы кайра бөлүнгөн. Чыгышынан Ак-Суу, батышынан Тоң, түштүк батышынан Нарын облусу, түштүк чыгышынан Кытай Элдик Республикасы менен чектешип турат. Райондо 13 айыл кеңеши, 51 айыл бар. Райондун борбору - Кызыл-Суу айылы. Райондун аймагы тоолуу келип, негизги тоо тармактары: Тескей Ала-Тоо (Ит-Тиш чокусу, 4808 м), Ак-Шыйрак тоо тоому тизмеги (5200 м). Негизги үрөөндөрү: Ысык-Көл өрөөнү, Жогорку Нарын өрөөнү (Кара-Сай, Тарагай), Үч-Кол-Сары-Чат өрөөнү, Ак-Шыйрак өрөөнү, Үзөнгү-Кууш өрөөнү ж. б.
Тескей Ала-Тоо менен Какшаал тоо тизмегинин аралыгында Сырт жатат. Кен байлыктар: калай, алтын, вольфрам, коргошун, графит, минералдуу жылуу булактар, курулуш материалдары ж. б. Райондун чарбасынын негизги тармагы айыл чарбасы.

Оргочор асыл тукум мамлекеттик заводу, Жети-Өгүз мал бордоо чарбасы, мөмө-жемиш питомниктери үзүрлүү эмгектенишип келишкен. Айыл чарбасынын дүң продуктусунун 64,2%ын мал чарбасы берет.
Райондун экономикалык негизги бөлүгөн айыл чарбасы түзгөндүктөн көп дыйкан чарбалары, биргелешкен кооперативдер, фермердик чарбалар түзүлүп иштеп жатат.

Курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Райондо 13 айыл аймагы бар[2]:

Маалымат каяктан алган[түзөтүү | булагын түзөтүү]