Ян Кум

Википедия дан
Ян Кум
Jan Koum[1]
Төрөлгөндөгү аты:

Ян Кум Борисович

Туулган датасы:

24 -февраль 1976(1976-02-24) (47 жаш)

Туулган жери:

Киев, Украина ССРи, СССР

Жарандыгы:

Flag of the United States.svg АКШ

Абалы:

7,5 млрд. $

Компаниясы:

Yahoo (2000—2007)
WhatsApp Inc. (2009—а.у)

Кызмат орду:

CEO

Ян Кум (англ. Jan KoumWhatsAppтын негиздөөчүсү.1976-жылы Украинада жарык дүйнөгө келген. Кумдун балалыгы курулуш мезгилине туш келгендиктен ал дайыма жарыгы жок же жылуулугу жок үйлөрдө жашаган. Атасы ооруканалардын жана мектептердин курулушун жетектеген болсо, апасы чарбачылык иштери менен алектенер эле.

– 90-жылдардын башында Кум 16 жашка чыккан маалда апасы менен АКШнын Калифорния штатына келип,эки керебети бар бир бөлмөнү ижарага алып жашап калат. Алардын АКШга келе бергенинин себеби: 90-жылдары жашоо оорлоп, элдердин басымдуу бөлүгү жумушсуз калган мезгил эле. Апасы бала багуучу болуп жумушка кирет, а Кум күндүз мектепке барып, кечкисин дүкөндөрдү шыпырып, жууп кошумча акча таап жан багып жүргөн.

АКШ менен Советтер Союзунун билим берүүдөгү айырмачылыктары асман менен жердей болгондуктан Кум өзү теңдүү балдар менен көп сүйлөшкөн эмес. Бул аралыкта ал жаңы чыккан техникалар тууралуу китептерди окуп жүрүп 18 жашында жаңы программаларды ишке киргизгенди үйрөнөт. Көп өтпөй W00w00 деп аталган эң мыкты хакерлер тобунун катарына кирет.

– 1997-жылы Yahooнун жарнамалык платформасы кантип жазылганына анализ жүргүзүү керектигин айтып сунуш киргизет. Жарым жылдан соң аталган компанияда иштеген Брайан Эктон Кумду штатка жумушка алат. Бул учурда 19 жаштагы Кум колледжге окууга тапшырып окуп жаткан кези эле. Окуу менен ишти бир учурда алып кетүүгө мүмкүнчүлүк болбой калган кезде ал окууну таштап, ишти тандап кетет. 30 жашка барып калган достор, Кум менен Эктон башка иш менен алектенүү үчүн аталган компаниядан чогуу чыгып кетет.

– Узак талкуулардан жаралган WhatsApp 2009-жылы жарыкка чыкты. 30 жашында ишке киргизген долбоору талыкпас эмгекти, көп аракетти талап кылып, жыйынтыгында аны жүзгө жакын достору гана көчүрүп алган. Келечеги мындай болорун күтпөгөн Кум баарын таштап жаңы жумуш издерин досу Эктонго айткан. Эктон досун дагы бир ай күтө турушун айтып, аны моралдык жактан колдогон. Айткандай эле, бир айдын ичинде WhatsAppты 250 миңден ашуун колдонуучу көчүрүп алган. Ал эми анын аталышына башын оорутуп убара болгон эмес. Ойлоп тапканына «Эмне болду?» деп атап койгон. WhatsApp ишке киргенден кийин аны кеңейтүүнүн жолдорун издеп аракет кыла баштайт.

– 37 жашында WhatsApp 19 миллиард долларга сатып миллиардер болгон Ян Кум бокс менен машыгып кетет.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

[[https://web.archive.org/web/20210226071718/https://lady.kg/ Archived 2021-02-26 at the Wayback Machine]]

  1. Mazal Tov to Jan Koum of WhatsApp