Шишик (медицина)

Википедия дан
Беттеги шишик

Шишиктер (жаңы өсүш, бластома) — ашыкча өсүп чоңоюп кеткен ткандар; организмдин демейдеги кызматын жана формасын жоготуп өзгөргөн клеткаларынан турат.

Түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алар шишик пайда кылган факторлордун таасири токтогондон кийин деле көбөйө берет. Өсүү мүнөзүнө жана организмге тийгизген таасирине жараша залалдуу (рак, саркома) жана залалсыз шишиктерге бөлүнөт. Залалдуу шишиктер айланасындагы ткандардын арасына кирип кошо жабышып өсүп, аларды бузат, ал эми залалсыз шишик кошуна ткандарды жылдырып өсүп, аларга зыян тийгизбейт, алардын каптап турган кабыкчасы болот.

Мээ шишиги

Шишиктер тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Залалдуу шишиктер клеткалары кан жана лимфа тамырлары аркылуу бардык орган ткандарга таркап, анда да өсүүсүн уланта берет (метастаз). Залалсыз шишиктер метастаз бербейт. Залалдуу шишиктердин чириген заттары канга сиңип, денени ууландырат. Оорулуунун жалпы абалы начарлап, эти ысыйт, алсырап, уйкусу качат, тамакка табити тартпайт, акырындык менен арыктай баштайт, ал эми залалсыз шишиктер мындай белгилерди бербейт. Аны толук алып таштабаса, ал кайрадан өсүп чыгат (рецидив). Залалсыз шишиктер (мисалы, мээдеги) метастаз бербегени менен ал өскөн сайын мээнин маанилүү борборлорун кысып, өмүргө коркунуч туудурат. Рак шишигинин айланасындагы таза ткандарга (эттерге) өсүп, кирип кетиши сууда жашаган рак жаныбарларынын буту-колдоруна окшоп кеткендигинен келип чыккан. Бул термин менен демейде залалдуу шишикти же тагыраак айтканда залалдуу жаңы ткань пайда болгонун айтат. Чындыгында рактын клеткалары жаңыча өсүп таза ткандан айырмаланып турат.

Стадиялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шишиктердин өсүшү бир нече стадияга бөлүнөт:

  • клеткалардын иретсиз көбөйүшү (гиперплазия);
  • кандайдыр бир жерде көбөйө башташы;
  • залалсыз шишиктердин залалдуу шишиктерге өтүшү.

Курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шишиктер паренхимадан жана стромадан турат. Паренхима шишиктин өз тканы, ал шишиктин негизги массасы. Строма шишиктин айланасындагы туташтырма ткандан турат; анда шишикти азыктандыруучу кан тамырлар, нервдер жатат. Шишиктин атына өсүп чыккан тканга жараша «ома» же «бластома» деген сөз кошулат, мисалы, кемирчектен өсүп чыккан шишик хондробластома же хондрома, талчалуу туташтырма ткандардын шишиги — фиброма (фиброн — талча), булчуң ткандардыкы — миома, май ткандарыныкы липома деп аталат жана башкалар. Кээ бир шишиктер өздөрүнүн тарыхый аттарын сактап калышкан. Мисалы, туташтырма ткандардын шишиги саркома деп аталат, себеби кесип көргөндө анын тканы балыктын этиндей болот (грекче «саркос» — эт). Ал эми эпителий ткандардан келип чыккан залалдуу шишиктер «рак» деп айтылат. Кээде шишиктин аты органдын атынан айтылат. Мисалы, боордун клеткаларынан өсүп чыккан шишик — гепатома, карын алдындагы бездеги — инсулома, пигмент иштеп чыгаруучу клеткалардыкы меланома деп аталат.

Кан пайда кылуучу ткандардын шишиктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кан пайда кылуучу ткандардын шишиктери өзгөчө топту түзөт. Азыркы учурда лейкоздор да шишиктерге кирет. Лейкоздун кээ бир түрлөрүндө кан пайда кылуучу ткандардын өзгөрүп ашыкча өсүп кетиши (сөөктүн чучугунда, кемигинде, көк боордо, лимфа бездеринде, боордо, бөйрөктө), ал эми башка түрүндө «ак кандуулук», башкача айтканда кандагы ак кан денечелеринин өзгөрүп кескин көбөйүп кетиши байкалат. Эгерде залалдуу шишик өз убагында эрте аныкталып, такай дарыланбаса ал тездик менен өсөт, башка органдарга тарап, жашоодо маанилүү тамак сиңирүү жана дем алуу жолдорунун иштешин бузуп, чириген жана жарага айланган шишиктен дайым кан аккандыктан аз кандуулук жана канга сиңген уулуу заттардан денедеги зат алмашуу процесси бузулуп, оорукчал өтө арыктап, кахексияга дуушар болот.

Эркектер менен аялдардын шишиктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эркектерде кызыл өңгөчтүн, өпкөнүн, көтөн чучуктун, ал эми аялдарда эмчектин жана жатындын залалдуу шишиктери көбүрөөк болот. Шишиктер менен көбүнчө улгайган адамдар, адатта 40 жаштан ашкан кишилер оорушат. Кээде балдарда да кездешет. Рактын таралышы ар кайсы өлкөлөрдө түрдүүчө. Мисалы, теринин рагы түндүктөгүлөргө караганда түштүк райондордо көбүрөөк кездешет. Бул байкоолор күнгө ашыкча какталууга, башкача айтканда күндүн ультракызыл-көк нурларына байланыштуу экендиги изилдөөлөрдө далилденген. Ооз көңдөйдүн, тилдин жана бүйлөнүн рагы Индияда, Пакистанда жана аларга чектеш кээ бир өлкөлөрдө көбүрөөк таралган. Ал жерлерде бетель жалбырагын чайноо зыяндуу адат катары таркалгандыгына байланыштырышат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

20-кылымдын биринчи жарымынан баштап экономикасы өнүккөн бардык өлкөлөрдө өпкө рагынын көбөйүшүн өнөр жай ишканаларынан, от жагуу системаларынан, өзгөчө автомобилдердин кыймылдаткычтарынан, ошондой эле вертолёт, самолёттордон чыккан газдар атмосфералык абаны булгаганга байланыштырууга болот. Ошондой эле тамекинин түтүнүн дем алуу да кыйла орунду ээлейт. Булардын баары түтүндө канцероген (рак пайда кылуучу) заттардын бар экендигине байланыштуу болот. Африка жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө боордун рагынын көп учуроосу тамактануу режиминин бузулушуна, кыязы тамак-ашка канцероген заттардын кошулуп кетишинен болуу керек. Карын рагынын пайда болушунда тамактануунун ролу өзгөчө маанилүү. Эпидемиологиялык изилдөөлөрдөн рактын пайда болушуна кээ бир химиялык заттар жана нурлануулар таасир тийгизери билинди.

Онкология. Изилдөөлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Онкологияда шишик ткань жана клеткаларды организмден сырткары шартта өстүрүү кеңири колдонулат. Бул ыкмалар молекулалык патология, электрондук микроскопия жана шишиктердин гистохимиясын тереңирээк изилдөөгө мүмкүндүк берет. Шишиктердин кээ бир түрлөрүн (тоок саркомасы, коён папилломасы, чычкандын сүт бездеринин рагын) вирустар пайда кыларын изилдөөлөр көрсөткөн. Көп жылдык илимий жана практикалык байкоолордун негизинде рактын пайда болушу кээ бир кесипке байланыштуу болору далилденген. Мисалы, рентген нуру ачылгандан көп убакыт өтпөй алар менен дайым иштеген адамдардын (врачтарда, техниктерде) колдорунда «рентген дерматити» кездеше баштайт. Бул оору ал кезде рентген нурларынын зыяндуу таасири жөнүндө билишпегендиктен жана алар менен иштеп жатканда сактануу чараларын көрүшпөгөндүктөн пайда болгон. Азыр рентген нурлары менен иштеген адамдар коргонуучу атайын кийимдер жана жасалгалар менен камсыз кылынган. Күн нуру бир катар дартты дарылоочу касиетке ээ экендиги белгилүү. Бирок, ага иретсиз, узак убакыт кактана берүүдөн териде рак шишигине айланып кетүүчү түрдүү өнөкөт оорулары пайда болот. Шишиктин пайда болушуна ар кандай химиялык факторлордун да мааниси зор. Соо клетканы рак клеткасына айландырган заттар канцероген заттары деп аталат. Япон окумуштуулары канцероген заттардын таасири менен жаныбарларда рак шишигин биринчи жолу пайда кылган. Алар узак убакыт соо чычкан жана коёндун терисине таш көмүр чайырын сүртүүдөн рак шишигин пайда кылышкан. Канцероген заттары көбүнчө ар кандай күйүүчү заттар: отун, таш көмүр, чым көң, бензин, резина, нефть -продуктулары жана башкалар күйгөн учурда пайда болуп, айлана-чөйрөгө (аба, суу, өсүмдүктөргө) тарайт. Азыркы мезгилде индустриянын тездик менен өсүшүнөн дем алып жаткан атмосфералык аба булганууда. Натыйжада ири шаарларда түрдүү өнөр жай ишканаларынын көпчүлүгү шаардын ичинде жайгашкандыктан зыяндуу заттардын суу, газ түрүндө бөлүнүп чыгуусу калк жашаган айлана-чөйрө, аба, суу жана жер кыртышынын тынымсыз булгануусу, шаар калкынын саламаттыгына терс таасирин тийгизүүдө.

Көз шишиги

Ички органдардын шишиктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алар дем алуу органдарын дүүлүктүрүп, өнөкөт оорулардын пайда болушуна себепкер болот. Ошондон улам өпкөнүн жана кекиртектин рагы ири өнөр жайлуу шаарларда айыл-кыштак жерлерине караганда бир кыйла көп кездешери белгилүү. Биздин өлкөдө ракка каршы күрөшүү боюнча көптөгөн мамлекеттик чаралар көрүлүүдө. Жалпы мамлекеттик масштабдагы чараларга атмосфералык аба, жер кыртышы жана суунун булганышына жол бербөө, тамак-аш продуктуларынын сапатына контролдук кылуу (аларга канцероген заттардын аралашып кетүүсүн алдын алуу), ошондой эле өнөр жайлардагы (фармацевтикалык, химиялык) адамдардын күндөлүк ишинде зыяндуу заттар менен болгон катнашуусунун алдын алуу жана акыркы жылдары көп колдонулуп жаткан (айрым өндүрүштө жана медицинада) нурлануунун булактарынан сактанууну уюштуруу кирет. Ал эми рактын алдын алуунун жеке чараларынын эң негизгилери — тамеки тартууга, спирт ичимдиктерин ичүүгө каршы күрөшүү. Рактын алдын алууда калк арасында медициналык алдын ала кароонун да мааниси зор. Мындай кароо убагында рак шишигине өтүүчү көптөгөн өнөкөт оорулар жана анын пайда болушуна себепчи дарттар табылып, диспансердик каттоого алынат жана өз убагында дарыланат. Ошондой эле оорулууга билинбей өсүп жүргөн рак шишигинин алгачкы түрлөрү да табылып эрте дарылоого мүмкүндүк берет.

Сырткы шишиктер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сырткы шишиктерге (теринин, эриндин, эмчектин жана башкалар) караганда ички органдардын шишиктерине диагноз коюу кыйла кыйыныраак. Мындай учурда рентгендик, изотоптук, эндоскопиялык, морфологиялык, иммунологиялык жана башкалар изилдөө ыкмалары колдонулат. Шишиктин түрүнө жана кайсы органдан өсүп чыкканына жараша аны дарылоого көптөгөн адистер — хирургдар, гинекологдор, урологдор, радиологдор, рентгенологдор, терапевттер, физиктер жана башкалар катышат. Оорунун диагнозу аныкталары менен атайын дарылоо дайындалат. Айтсак, хирургиялык операция, нур менен дарылоо, химия терапиясы, гормондор колдонулат. Шишиктин гистологиялык түрүнө карата бул дарылоо ыкмаларынын бир, эки же үч, төрт түрү колдонулушу ыктымал. Мындай илимий практикалык дарылоо ыкмаларын колдонуудан жылдан жылга бул дарттан айыккандардын саны өсүүдө. Ал эми шишиктин кээ бир түрлөрүнөн (теринин, эриндин) оорулуулар таза айыгып кетишет. Көпчүлүк түрлөрүнөн өз убагында дарылануудан көп жылдар бою (ондогон) жашагандардын саны да көбөйүүдө.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8