12 Январь (Үчтүн айы)

Wikipedia дан
январь
Дш Шш Шр Бш Жм Иш Жк
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
2017 ж.

12-январь - Григорий календары боюнча 12-күнү, жылдын аягына чейин 353 (толук жылда 365) күн бар.

Майрамдар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Flag of Russia.svg Орусия - Орусиянын прокуратура кызматкерлеринин күнү.

Окуялар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстан желеги Кыргызстанда[оңдоо | булагын оңдоо]

  • 1853-жылы Кыргыздын бугу уруусунун империя курамына алыныш маселесине байланыштуу Батыш Сибирь генерал-губернатору Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен көрсөтмө алган.
  • 1854-жылы Император ысык-көлдүк кыргыздарга букаралык ыйгарууну жактырып, Батыш Сибирь генерал-губернаторуна алардан шерт алып, империя курамына киргизүү маселеси жүктөлгөн.

Rotating earth (large).gif Дүйнөдө[оңдоо | булагын оңдоо]

  • 29-жылы Рим сенатынын чечимине ылайык, жүз жылдан ашык уланган жарандык согуштун урматына Римдеги Янус храмынын эшиктери бекитилген. Рим форумунда жайгашкан Янус храмынын эки эшиги болгон. Согуш башталганда эшиктер ачылып, согуш бүткөндө Рим мамлекетинде бейпилдик орноду деген ишарат менен эшиктер бекитилген.
  • 1722-жылы Пётр I мамлеттик жаңы орган – прокуратураны негиздеген. Орусиянын биринчи башкы прокурордугуна Павел Иванович Ягужинский дайындалган. Ушундан улам Орусияда 1996-жылдан бери 12-январь прокуратура кызматкерлеринин күнү катары белгиленип келет.
  • 1755-жылы Императрица Елизавета Петровнанын жарлыгына ылайык Орусиядагы биринчи жогорку окуу жайы эсептелген - Москва университети негизделген.
  • 1899-жылы Петербург менен Москва шаарларын бириктирген телефон байланыш түзүлгөн.
  • 1913-жылы Иосиф Жугашвили биринчи жолу Сталин деп кол койгон.
  • Boeing 747 Jumbo реактивдүү учагы алгачкы жолу сыноодон ийгиликтүү өтүп, Нью-Йорктон Лондонго учуп келип конгон.
  • 1999-жылы Бийликтен четтетилген Мали Республикасынын Президенти Муса Траоре жана анын жубайы ири суммадагы каражатты уурдап алгандыгы үчүн өлүм жазасына буюрулган.
  • 2009-жылы Индонезиянын Сулавеси аралынын жээгине жакын “Тератей Прима” парому чөгүп, 200дөн ашуун адам каза болгон.
  • 2010-жылы Гаитиде жер титирөө болуп, 222 570 кишинин өмүрүн алып кеткен. 311 000 адам ар кандай жаракат алып, 869 киши белгисиз жоголгон. Материалдык чыгым 7 миллиарддан ашуун долларды түзгөн.

Төрөлгөндөр[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстан желеги Кыргызстанда[оңдоо | булагын оңдоо]

Rotating earth (large).gif Дүйнөдө[оңдоо | булагын оңдоо]

  • 1580-жылы “Газ” деген сөздүн ойлоп табуучусу, бельгиялык химик, врач Ян Баптиста ван Гельмонт туулуп, 1644-жылы 30-декабрда 65 жашында каза болгон.
  • 1628-жылы Француз жомокчусу (“Өтүкчөн мышык”, “Күлчү кыз”, “Көк сакал”) Шарль Перро туулуп, 1703-жылы 16-майда 75 жашында Парижде көз жумган.
  • 1876-жылы мерикалык жазуучу Жек Лондон туулган.
  • 1912-жылы Советтик мамлекеттик жана коомдук ишмер, Казакстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Динмухамед Кунаев Верный шаарында туулган.
  • 1936-жылы Латвиялык композитор Раймонд Паулс туулган.

Каза болгондор[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстан желеги Кыргызстанда[оңдоо | булагын оңдоо]

Rotating earth (large).gif Дүйнөдө[оңдоо | булагын оңдоо]

  • 1976-жылы Англиялык жазуучу Агата Кристи көз жумган.
  • 1997-жылы Америкалык онколог жана физиолог Чарльз Хаггинс көз жумган.