12 Январь (Үчтүн айы)
Көрүнүш
← январь → | ||||||
Дш | Шш | Шр | Бш | Жм | Иш | Жк |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |
22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 |
29 | 30 | 31 | ||||
2024-ж. |
12-январь — Григорий жылсанагы боюнча жылдын 12-күнү, жылдын аягына чейин 353 (толук жылда 365) күн бар.
Майрамдар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кесиптик
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Орусия - Орусиянын прокуратура кызматкерлеринин күнү.
Окуялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1853 — кыргыздын бугу уруусунун империя курамына алыныш маселесине байланыштуу Батыш Сибирь генерал-губернатору Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен көрсөтмө алган.
- 1854 — император ысык-көлдүк кыргыздарга букаралык ыйгарууну жактырып, Батыш Сибирь генерал-губернаторуна алардан шерт алып, империя курамына киргизүү маселеси жүктөлгөн.
- 29 б.з.ч. — жүз жылдан ашык уланган жарандык согуштун урматына Римдеги Янус храмынын эшиктери бекитилген.
- 1722 — Пётр I мамлеттик жаңы орган – прокуратураны негиздеген.
- 1755 — Орусиядагы биринчи жогорку окуу жайы эсептелген - Москва университети негизделген.
- 1899 — Петербург менен Москва шаарларын бириктирген телефон байланыш түзүлгөн.
- 1913 — Иосиф Жугашвили биринчи жолу Сталин деп кол койгон.
- 1970 — Boeing 747 Jumbo реактивдүү учагы алгачкы жолу сыноодон ийгиликтүү өтүп, Нью-Йорктон Лондонго учуп келип конгон.
- 1999 — бийликтен четтетилген Мали Республикасынын Президенти Муса Траоре жана анын жубайы ири суммадагы каражатты уурдап алгандыгы үчүн өлүм жазасына буюрулган.
- 2009 — Индонезиянын Сулавеси аралынын жээгине жакын “Тератей Прима” парому чөгүп, 200дөн ашуун адам каза болгон.
- 2010 — Гаитиде жер титирөө болуп, 222 570 кишинин өмүрүн алып кеткен. 311 000 адам ар кандай жаракат алып, 869 киши белгисиз жоголгон. Материалдык чыгым 7 миллиарддан ашуун долларды түзгөн.
Төрөлгөндөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1580 — Ян Баптиста ван Гельмонт, бельгиялык химик, врач, физиолог, “газ” деген сөздүн ойлоп табуучусу.
- 1628 — Шарль Перро, француз жомокчусу (“Өтүкчөн мышык”, “Күлчү кыз”, “Көк сакал” ж.б.).
- 1876 — Жек Лондон, америкалык жазуучу.
- 1912 — Динмухамед Кунаев, советтик мамлекеттик жана коомдук ишмер, Казакстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы.
- 1936 — Раймонд Паулс, латвиялык композитор.
- 1941
- Рыспай Абдыкадыров, ырчы жана обончу.
- Болот Шамшиев, режиссёр.
- 1949 — Харуки Мураками, жапон жазуучусу жана котормочусу.
- 1956 — Замирбек Сооронбаев, актёр, режиссёр.
- 1968 — Айчүрөк Иманалиева, КРнын Эмгек сиңирген артисти.
- 1985 — Идирис Айтбаев, төкмө акын.
- 1986 — Злата Огневич, украиналык ырчы, «Еврокөрүнүү-2013» катышуучусу.
Каза болгондор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1949 — Муратаалы Күрөңкөй уулу, Кыргыз Эл артисти
- 1976 — Агата Кристи, англиялык жазуучу.
- 1997 — Чарльз Хаггинс, америкалык онколог жана физиолог.