Мазмунга өтүү

Embraer E-Jet

Википедия дан
E-Jet
 Казакстан Актау шаарында кыйраган Азербайжан аба жолдорунyн Баку-Грозный багытындагы учак
Өндүрүүчү  Бразилия Embraer
Биринчи учуу 19-февраль 2002
Колдонула башталышы 17-март 2004 (LOT)
Статус Пайдаланууда
Негизги колдонуучулар  АКШ Republic Airways (218)
 АКШ SkyWest Airlines (216)
Америка Кошмо Штаттары Envoy Air (111)
Америка Кошмо Штаттары Mesa Airlines (80)
 Орусия S7 Airlines (17)
 Азербайжан Azerbaijan Airlines (7)
Чыгаруу жылдары 2001 — азыркыга чейин
Чыгарылган бирдиги 1671 (2022-жылдын 30-сентябрына чейин, E-Jet E2 сериясын кошкондо)[1].
Бирдиктин баасы $28,5 — 40 млн (2010)

Embraer E-Jet — эки экипаждуу, орто жана узун аралыктарга багытталган жүргүнчү учактарынын үлгүсү. Бразилиялык Embraer компаниясы тарабынан өндүрүлгөн. Бул үлгүгө төмөнкү төрт модификация кирет: E-170, E-175, E-190 жана E-195. E-Jet учагы биринчи жолу 1999-жылы Ле-Бурже эл аралык авиашоусунда таанытылган. Сериялык өндүрүш 2002-жылы башталган.

2013-жылы Ле-Бурже авиашоусунда Embraer компаниясы жүргүнчү учактарынын экинчи мууну болгон E-Jets E2 программасын ишке киргизүүнү расмий түрдө жарыялаган. Бул жаңы үлгүгө төмөнкү учактарды кирет: E175-E2, E190-E2 жана E195-E2. Биринчи E190-E2 учагын колдонууга берүү 2018-жылдын биринчи жарымына, E195-E2 учагын — 2019-жылга, ал эми E175-E2 учагын — 2020-жылга пландалган[2].

2014-жылдын октябрь айында Embraer компаниясынын коммерциялык директору Жон Слеттери E-Jet учактарынын жүк ташуучу үлгүсүн түзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө билдирген. Ал бул долбоор авиакомпаниялар тарабынан суроо-талап болгон учурда гана ишке ашырыларын белгилеген[3].

Учуу-техникалык өзгөчөлүктөрү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
E190-100 экипаж кабинасы
E-170 E-175 E-190 E-195
Экипаж 2
Жеткиликтүү пассажирлердин саны 66-78 78-88 98-114 108-124
Узундугу, м 29,90 31,68 36,24 38,65
Канатынын узундугу, м 26 28,72
Бийиктиги, м 9,67 10,28
Учактын бош массасы, кг 21 137 21 157 28 080 28 970
Максималдуу учуу салмагы, кг 37 200 38 600 51 800 52 290
Күч берүү системасы ТРДД GE CF34-8Е ТРДД GE CF34-10Е
Бир сааттык отун сарптоосу, кг/c  1500 1850[4]
Максималдуу ылдамдыгы, км/ч 890
Максималдуу аралыгы, км 3900 4260 3350
Иштөө бийиктиги, м 12 500

Буюртмалар жана аткарылган иштер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2021-жылдын 31-декабрына карата Embraer компаниясы E-Jet үлгүсүнүн 1621 учагын жана жаңы муундагы E-Jet E2 үлгүсүнүн 50 учагын жеткирген.

Учурдагы жалпы буюртмалардын жана аткарылган иштердин маалыматтары төмөнкү таблицада берилген:

Үлгү Сүрөт Туруктуу буюртмалар Аткарылган буюртмалар Аткарылбаган буюртмалар
E-170 191 191 -
E-175 840 693 147
E-190 568 565 3
E-195 172 172 -
E-190 E2 22 17 5
E-195 E2 203 33 170
Жалпы 1996 1671 325

Булак: Буюртмалар жана аткарылган иштер 2021-жылдын 31-декабрына карата маалымат [5]

Авариялар жана кырсыктар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Aviation Safety Network сайтынын маалыматына ылайык, 2020-жылдын 10-январына карата Embraer E-Jet учактарынын катышуусунда 7 учак толугу менен жабыркаган. Мындан тышкары, бир жолу уурдоо аракети болгон, анын натыйжасында эки адам каза тапкан. Жалпысынан бул кырсыктарда 79 адамдын өмүрү кыйылган.

Күн Борттук номери Окуя болгон жер Жабыркагандар Кыскача маалымат
18.02.2007  АКШ N862RW  АКШ Кливленд 0/75 Конгон соң учуу тилкесинен чыгып, аэропорттун тосмосун талкалаган.
17.07.2007  Колумбия HK-4455  Колумбия Санта-Марта 0/59 Конуу учурунда учуу тилкесинен четтеп, аңга түшүп кеткен.
Катастрофа E-190 Ичунь шаарында  Кытай B-3130  Кытай Ичунь (Хэйлунцзян) 44/96 Экипаждын катачылыгы менен тумандуу түндө конуу учурунда учуу тилкесинен чыгып кеткен.
16.09.2011  Эквадор HC-CEZ  Эквадор Кито 0/103 учуу тилкесинен чыгып кеткен.
Кытайдагы уурдоо аракети  Кытай B-3171  Кытай Хотан 2/101 Уйгур террористтери тарабынан угурдоо аракети жасалган.
Катастрофа E-190 Бвабватада  Мозамбик C9-EMC  Намибия Бвабвата (улуттук парк) 33/33 Учкучтун өз жанын кыюу максатында автопилотту төмөндөөгө орнотуп, кыймылдаткычтардын кубаттуулугун азайтканы аныкталган.
28.04.2016  Эквадор HC-COX  Эквадор Куэнка (Эквадор) 0/93 Учуу тилкесинен катуу ылдамдыкта конуу учурунда четке чыгып кеткен.
Виктория-де-Дурангодогу авария  Мексика XA-GAL  Мексика Виктория-де-Дуранго 0/103 Учуп чыгуу учурунда кырсыкка учураган.
Лиссабондогу E-190 окуясы  Казакстан P4-KCJ  Португалия Лиссабон 0/6 Техникалык тейлөөдө кеткен катадан учкуч учакты башкара албай калган. Конууда фюзеляжга олуттуу зыян келтирилген.
12.05.2019  Мьянма XY-AGQ  Мьянма Мандалай 0/89 Алдыңкы шассинин чыгуу системасы иштебей, авариялык конуу болгон.
18.02.2024  Дания OY-GDC  Сербия Белград 0/106 Учуп чыгууда учуу тилкесинен чыгып, багыттоо системасынын антенналары менен кагылышкан. Сол тарабына олуттуу зыян келтирилген.
25.12.2024  Азербайжан 4K-AZ65  Казакстан Актау 38/67 Иликтөө иштери уланууда.

E-Jet Embraer сайтында (англ.)

  1. Orders & Deliveries.
  2. Embraer компаниясы E-Jets учактар үлгүсүнүн экинчи муунун түзүү программасын ишке киргизгенин расмий түрдө жарыялады(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  3. Embraer компаниясы E-Jet учактарын жүк ташуучу учактарга айландырууну сунуштады (орусча)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы) (6 -октябрь (тогуздун айы) 2014).
  4. Finnair(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  5. Deliveries and Backlog Release(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).