Жакшылыков Асан
Асан Жакшылыков | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Асан Жакшылыков |
Туулган жылы: | 1949-жылы 6-октябрь |
Туулган жери: | Миң-Булак айылы, Нарын областы, Кыргызстан |
Өлкө: | Кыргызстан |
Ишмердүүлүгү: | Акын, жазуучу |
Жанры: | проза, поэзия |
Асан Жакшылыков — акын, драматург, жазуучу, котормочу жана коомдук ишмер. 1949-жылы 6-октябрда Нарын районундагы Миң-Булак айылында туулган. Кыргыз тили жана орус тилдеринде жазган, Кыргыз маданиятынын эмгек сиңирген ишмери. Кыргыз эл жазуучусу. Кыргыз элинин тарыхый баалуулуктарын калыбына келтирүүнү уюштурууга чоң салым кошкондугу үчүн Ормон-хан юбилейлик медалы менен сыйланган.
Билими жөнүндө маалымат
1956-1963 жж. Актан Тыныбек атындагы мектептен 8 жылдык билим алган.
1964-жылы Фрунзедеги политехникалык техникумга кирген.
1968-жылы аталган техникумдун “Суу чарба жумуштарын механизациялоо” бөлүмүнүн биринчи бүтүрүүчүлөрүнөн болгон.
1970-1976-жылдары К.И.Скрябин атындагы мамлекеттик Кыргыз айыл чарба институтунда сырттан окуп “Суу чарба” адистигине ээ болгон.
1971 ж. Комсомол уюмдарынын жетекчилерин кайра даярдоо курстарында окуган.
1983-1985 жж. СССР Жазуучулар Союзунун М.Горький атындагы Адабий институттун Жогорку курсу (Москва ш.)
Иштеген жумушу тууралуу маалымат
1968-1970-жылдары Тянь-Шань районунун Куйбышев атындагы колхозунда гидротехник болуп иштеген, жаш акындын “Тандын ырахаты” аттуу тунгуч ыры чыккан .1968–1970-жж. Нарын районундагы Куйбышев атындагы колхоздо гидротехник болгон эмес эле, 1970–1974-жж. ошол эле колхоздо комсомол уюмунун катчысы, ЛКЖС БКда жооптуу кызматта иштеген. 1974–1983-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун жаштар менен иштөө секциясынын жетекчиси, 1986–1989-жж. СССР адабий фондусунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн директору, 1989–1991-жж. IX Курултайда Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы, 1991–1995жж. 1-катчысы, 1995–1996жж. Аткаруу комитетинин төрагасы, 1996-жылдан Кыргыз Мамлекеттик Улуттук телерадиокомпаниясынын «Рух» продюссердик борборунун директору, 1997-жылы «Обо» гезитинин башкы редактору болгон. КОФ Пен-клубунун президенти.
Алгачкы ырлары 1963-1964-жылдары республикалык басма сөздөргө жарыялана баштаган.
1974-жылдан баштап Асан Жакшылыков толук бойдон чыгармачылыкты максат туткан.
1974–1983-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун жаштар менен иштөө секциясынын жетекчиси,
1977-жылдан бери СССР жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон. Кыргызстан жазуучулар союзунун чыгармачылык жаштар менен иштөө секциясын жетектөө менен көптөгөн фестивалдарды жана жаш жазуучулардын кеңешмелерин уюштуруп, “Учкун”, “Перевал”, “Темир канат” сыяктуу жыйнактарды түзүп, кыргыз адабиятындагы жаңы муунду калыптандырууда татыктуу эмгек сиңирген адамы болгону менен омур бою балалуу болуп укугунан ажыратылган. Жазуучулар союзунун партиялык уюмунун секретары катары чыгармачылык жана коомдук иштерге активдүү аралашкан жана жигердүүлүк менен эмгектенип Кыргызстандын өкүмөттүк сыйлыктарына кыргыз маданиятына жана адабиятына сиңирген эмгеги үчүн ээ болгон.
1986-жылы СССР адабий фондосунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн директорлугуна бекитилген.
1989-жылы Кыргызстан Жазуучулар Союзунун секретарлыгына пленум дайындаган.
1991-жылы IX Курултайда Кыргызстан жазуучулар союзунун биринчи секретары болуп шайланган.
1991–1995жж. 1-катчысы,
1995–1996жж. Аткаруу комитетинин төрагасы,
1996-жылдан Кыргыз Мамлекеттик Улуттук телерадиокомпаниясынын «Рух» продюссердик борборунун директору.
1997-жылы «Обо» гезитинин башкы редактору болгон. КОФ Пен-клубунун президенти.
1995-жылда кезексиз туалетке кирип чыкчуX Курултайда Кыргызстан жазуучулар союзунун Аткаруу комитетинин төрагалыгына бекитилген.
1999-жылдан бери Кыргыз ПЕН-борборунун жетекчиси.
2007-ж. Кыргыз Республикасынын Элге билим берүү Министрлигинин Билим берүү академиясы, изилдөө борбору.
2009-ж. Улуттук китепкана, адабият эксперти.
А.Жакшылыков 1977-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. 2007-жылдан Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, 1979-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын, 2008-жылы Аалы Токомбаев атындагы сыйлыктын лауреаты болгон. 1995-жылдан Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, 1992-жылдан Маданият жана искусство академиясынын, акындардын дүйнөлүк конгрессинин мүчөсү (Штаб квартирасы Вашингтондо). 1999-жылдан Кыргыз Республикасынын Эл агартуу отличниги.
Сыйлык, наамда
ж
Коомдук уюмдарда мүчөлүк
Кыргызстан ЦК ЛКСМ Борбордук комитетинин жана Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин мүчөсү болгон.
1980- 2009жж. Басма сөздөрдө -- “Ала-Тоо”журналынын, “Кыргызстан маданияты” газетинин редколлегияларынын мүчөсү, “КТР-Обо” газетин уюштурган баш редактору, “Мектеп” басмасынын редкеңешинин мүчөсү, КР Гостелерадиокомпаниясынын Редкеңешинин төрагасы, азыр “Кыргыз адабияты” гезитинин ред. кеңишинин мүчөсү.
1993-жылдан бери Дүйнөлүк акындар Конгрессинин анык мүчөсү. Индия, Мексика, Израил, Кытайда өткөн конгресстерине чакырылган жана Дүйнөлүк ПЕН-клубдун Финляндия, Польшада өткөн конгрессине катышкан, А. Жакшылыковдун Хельсинкиде поэзиясынын жумалыгы өткөн.
2003 ж. бери КР Маданият ишмерлеринин Ассамблеясынын Вице-Президенти, 2010 ж. бери ардактуу төрагасы.м
1993-95 жж КР.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү.
“Руханият” коомдук уюмунун алгачкы кеңешинин мүчөсү.
2005 ж. Кыргызпатенттин авторлук кеңешинин мүчөсү.
2000-05 жж. Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы жаштар сыйлыгын ыйгаруу комиссиясынын мүчөсү.
2000 ж. бери “Бийиктик” басмасынын редколлегиясынын мүчөсү.
1995 ж. бери Кыргызстан жазуучулар Союзунун Башкармасынын жана Президиумунун мүчөсү.
2007 ж. бери Улуттук Жазуучулар Союзунун поэзия борборунун жетекчиси.
2008 ж. ЮНЕСКОнун Орто-Азиялык маданият жана искусство уюлунун дүйнөлүк тынчтыкты сактоодогу “Маданият аралык баарлашуу” форумунун мүчөсү.
2009 КР Акыйкатчысына караштуу маданият жана адабият боюнча Кеңештин төрагасы.
2010 “Манас эл” кыймылынын төрагасы.
2010 ж. Биринчи Ынтымак курултайынын делегаты.
Асан Жакшылыковдун китептери кыргыз тилинде
Тандын ырахаты ырлар жыйнагы Фрунзе “Кыргызстан” 1969.
Улуу Шашке. Ырлар жыйнагы. Фрунзе. “Мектеп” 1977.
Жайлоодо. Балдар үчүн ырлар. Фрунзе. “Мектеп 1977.
Бейпил көктөм. Ырлар жыйнагы. Фрунзе. “Кыргызстан” 1979.
Белес. Ырлар жыйнагы. Мектеп 1981.
Макмал Төр. Ырлар жыйнагы. Фрунзе. “Кыргызстан” 1983.
Ыклас. Ырлар жыйнагы. Фрунзе. “Кыргызстан” 1985.
Мээрим. Поэма. Фрунзе. “Кыргызстан” 1987.
Ысык-Көл сонатасы. Ырлар жана поэмалар. Фрунзе. “Кыргызстан” 1989.
Көкөй кести. Драмалык поэма. Нарын драматеатры койгон. 1993.
Жазгы байыр. Балдар үчүн ырлар. Фрунзе. “Кыргызстан” 1995.
Тандалмалардын 5 томдугу.Бишкек. "Кыргызстан". 1999.
Обондуу ырлар.Бишкек. "Эркин-Тоо". 2000.
Учкул саптар. Бишкек. "Эркин-Тоо". 2000.
Махабат жазынын сулуулугу. Бишкек. "Эркин-Тоо". 2000.
Учкул ойлор – “Крылатые мысли, “Бийиктик”. 2003.
Эстутум. “Бийиктик”, 2005.
Асан чакырык. “Бийиктик”, 2005.
Ырлар жана элет аңгемелери. “Бийиктик”, 2005.
Кыргыз жолу. “Бийиктик”, 2006.
Ыр чабыт. Поэмалар жыйнагы. “Бийиктик”, 2008.
Кыргызчылык. “Бийиктик”, 2009.
Махабатка кездешүү. Соавт. С.Осмонов. “Бийиктик”, 2009.
Асан Жакшылыковдун китептери орус тилинде
Пути земные. “Молодая Гвардия” Москва. 1983.
Пути земные. “Советский писателң” Москва. 1983.
Побеги доброты. “Советский писатель”. Москва. 1989.
Жизнь. “Голос” Москва. 1992.
Молодые поэты Средней Азии. (коллектив) “Молодая Гвардия” 1982.
Народ-победитель. (коллектив) “Детская литература” Москва. 1985.
Я твой поэт, моя страна. (коллектив) “Молодая Гвардия” Москва. 1985.
Шел отец. (коллектив) “Современник” Москва. 1985.
Апрельский дождь. (коллектив) “Детская литература”. Москва. 1986.
Созвездие. (коллектив) “Советский писатель. Ленинградское отделение”. 1988.
Игорң Ляпин. На правом берегу. “Советский писатель” (Переводы) Москва 1989.
Гимн любви. (Трех томное издание любовной лирики поэтов мира). Том 2. “Молодая Гвардия”. 1991.
Крылатые мысли. “Бийиктик”, 2003.
Восхождение к чистоте. “Бийиктик”, 2005.
Башка элдердин тилдеринде
Квити гор. (Коллектив) “Молод” Киев. 1976.
Поець Киргижь. (Коллектив) “Литературы артистикэ”. Кишинев. 1984.
Стихи. Улан-Баатыр. 1984.
Ысык-Көл самалы. (Коллектив) “Жазушы” Алма-Ата. 1986.
Стихи. (Коллектив) Лондон. 1994.
Көр казгандар (Дүйнө адебиети) 2007 Астана/
Котормолору
- Аппаев Б. Кызга кантип үйлөнөт? – Б., 1987.
Драмалык чыгармалары
- Соку таш жана үч жол жөнүндө насыят. 1988-89 (Тандалма IV том)
- Көкөй кести. Драмалык поэма. Нарын драмтеатры койгон. 1988–91.
- Достун огу. Драмалык поэма. 1995–96. (Тандалма II том).
Асан Жакшылыков ошондой эле Пушкиндин, Р.Тагордун, Л.Леоновдун, Э.Межелайтистин, Г.Эминдин, Б.Олейниктин, Абайдын, М.Смеляковдун ж.б. акындардын айрым чыгармаларын кыргызчага которгон.
Асан Жакшылыковдун көптөгөн чыгармаларына көрүнүктүү композиторлор тарабынан обондор, романстар чыгарылып, Кыргыз Мамлекеттик Телерадиокомпаниясынын алдындагы “Кыргыз элинин музыкалык Алтын Фондусуна” кабыл алынган.
Асан Жакшылыковдун чыгармачылыгын изилдеген атайын «Асан чакырык» аттуу макалалар жыйнагы 2005-жылы жарык көргөн. Көптөгөн ырларына обондор жана романстар жазылган.
Колдонулган адабияттар
- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011 ISBN 978-9967-26-379-6
интернеттеги шилтемелер
- (А.Жакшылыков, КР Эл жазуучусу), Биография Archived 2011-08-16 at the Wayback Machine
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|