Аврелий Августин

Википедия дан
Аврелий Августин.

Аврелий Августин Блаженный (354—430) орто кылымдын эң ири философу, батыш «чиркөө аталарынын» эң көрүнүктүү өкүлү. Ал орто кылымдагы бүткүл батыш Европалык турмушка өтө күчтүү таасир тийгизген. Августиндин өмүр жылдары Проклдын өмүр жылдары менен кайчылаш өткөн жана кээ бир неоплатониктердин өмүрүнө караганда андан бир кыйла мурдараак мезгилге туура келет. Ошондуктан кээ бир изилдөөчүүлөр анын чыгармачылыгын грек философиясынын нугунда караган жакшы деп эсептешет. А түгүл, Августин христианчылыкка неоплатониктердин эмгектеринин таасири астында манихейчилик аркылуу келген. Августиндин философиясында неоплатониктердин таасири көбүрөөк, бирок, анын чыгармаларынын духу антик философиясынын духу менен сыйышпай турган диний дух. Августиндин мекени — Тагаст шаары (Түндүк Африка) — азыркы Алжир.

Анын философияга болгон кызыгуусу Цицерондун трактаттарын окуунун таасири астында пайда болгон. Августин өзүнөн кийин бай адабий мурас калтырган. Ал ондогон олуттуу чыгармаларды жазган: «Академиктерге каршы», «Жыргалдуу турмуш жөнүндө», «Жандын өлбөстүгү жөнүндө», «Устат жөнүндө», «Эрктин эркиндиги жөнүндө», «Тобо келтирүү», «Кудайдын шаары жөнүндө» ж.б. Өзүнүн философиялык көз карашы боюнча алгач манихейчиликке — жакшылык менен жамандыктын, жарык менен караңгынын карама-каршылыгы жөнүндөгү ишенимди туткан диний агымга ыкташкан, бирок андан көңүлү кайтып, академиктердин скептицизмине кошулат. Августин өзүнө зор таасир көрсөткөн Амвросий Медиоланский менен таанышып жана неоплатониктердин эмгектерин окугандан кийин христианчылыкка оой баштайт да 387-жылы аны кабыл алат.

Ал христиан диний окуусун жайылтуу боюнча жигердүү иш жүргүзөт, бул болсо анын чыгармачылыгын изилдөөчүлөргө аны «еретиктердин балкасы» деп атоого мүмкүндүк берген. Августиндин диний-философиялык системасы библиялык көз караштын неоплатонизмдин христиан диний окуусу үчүн алгылыктуу болгон жоболору менен кошулушунан турат. Августиндин философиялык системасынын борбордук пункту — Кудай, ошондуктан бул өтө теоборборчул система. Августиндин көз карашы боюнча Кудай жогорку маңыз (негиз), ал дүйнөдө эч кимге жана эч нерсеге көз каранды болбогон жалгыз бирөө, калган бардык нерселер Кудайдын эрки менен аныкталат жана анын эркине байланыштуу болот. Калган бардык нерселердин үстүнөн болгон Кудайдын биринчилиги Августин үчүн зор философиялык-теологиялык мааниге ээ, анткени мындай болгондо ал ар кандай жашоонун жана дүйнөдөгү бардык өзгөрүүлөрдүн себеби катарында чыгат. Дүйнөнү Кудай жараткан жана аны жаратканын тынымсыз улантып жатат. Креационизм проблемасын Августин бардык жагынан жана ар түрдүү тараптан ачып көрсөтөт. Августин Кудайдын жана дүйнөнүн дуализминин позициясында турат: жаратылышты жана адамды Кудай жараткан жана алар ага толук көз каранды, Кудай болсо адамга жана жаратылышка эч кандай көз каранды эмес.

Кудай дүйнөнү тынымсыз жаратып жаткандыгы жөнүндөгү идея Августинди фатализм концепциясына алып келет, бул августианизмдин мүнөздүү белгиси. Дүйнөдөгү болуп жаткан нерселердин баардыгы жогорку теңирдин — Кудайдын эрки менен ишке ашат, ошондуктан дүйнөдө эч нерсе өзүнөн өзү туулбайт жана эч нерсе өзүнөн өзү өлбөйт. А түгүл өсүмдүктөр менен жаныбарлардын өнүгүшү да Кудайдын эрки менен алдын ала аныкталып коюлган, ар бир жандуу нерсенин төрөлүшүн жана өнүгүшүн трансценденттүү түрдө Кудай аныктайт. Бул болсо Августинди чындыкты иррационалисттик түшүндүрүүгө алып келет, бул түшүндүрүү боюнча жаратылыштын адам түшүнө албаган, сырдуу кубулуштарын толук түрдө Кудайдын эрки аныктайт. Августиндин креационисттик доктринасы жаратылышты жана адамды өзүнчө бир түрдө түшүндүрөт. Августин үчүн органикалык эмес дүйнө жөнүндө айтпаганда да бүткүл органикалык дүйнө жансыз. Жан адамда гана болот. Адамдын жанын Кудай жаратат жана ушундан кийин ал түбөлүк жашайт. «Жандын улуулугу жөнүндөгү» эмгегинде ал жан дегенибиз «жер да эмес, суу да эмес, аба да эмес, от да эмес, бардык ушул элементтердин же ошондой эле алардын кээ бирлеринин кошундусу да эмес» [1,2] деп жазат. Августин адамдын жанын материалдык эмес нерсе катарында, денесиз нерсе катарында түшүнөт. Мында ал адамдын материалдык эмес жаны адамдын материалдык денесинде жашайт деп эсептейт, ушул жерде алардын өз ара аракети жөнүндөгү проблема келип чыгат, бирок ал бул суроого жооп бербейт. «Кудайдын шаары жөнүндөгү» чыгармасында ал мындай деп жазат: «Жандардын денелер менен кандай жол менен кошулары жана кандай жол менен тирүү жандарга айланышары сөздүн толук маанисинде алганда таң каларлык жана адам үчүн таптакыр түшүнүксүз, ошондой болсо да — ал адам» [XXI, 10]. Адамдын денесин жана жанын бөлүү менен Августин денеге караганда адам жанына артыкчылык берет. Ал жанды «денени башкаруу үчүн ылайыкталган акыл-эстүү субстанция» катарында карайт. [Жандын көлөмү жөнүндө. XII, 22]. Августин жанга акыл-эстүү жөндөмдүүлүк касиет гана бербестен, ошондой эле эрктүү иш-аракетке жөндөмдүүлүк касиетин да берет. Эрктен Августин адам касиетинин мүнөздүү өзгөчөлүгүн көрөт, адамдын эпкиндүүлүгүн айлана-чөйрөдөгү дүйнөнүн предметтерин негизинен пассивдүү гана чагылдырган ойлом эмес дал эрк аныктайт. Адам эркинин проблемаларын карап чыгып, Августин эрк эркин болуш керек деген бүтүмгө келет. Кудай проблемасына байланыштуу Августин теодицея проблемасын — Жаратуучу-Кудайдын жана дүйнөдөгү жаманчылыктын жашап турушу жөнүндөгү проблеманы да чечүүгө тийиш болгон. Бул проблеманы чечүүдө жаманчылыкты өз алдынча турган нерсе катарында эмес, жакшылыктын кемчилиги катарында караган неоплатондук көз карашты негизге алган. Августин Ыйык китептеги Жараткан Теңир өзүнүн табияты боюнча ак пейил жана ал эмнени гана жаратпасын бардыгын өз касиетиндей, өз пейилиндей кылып жаратат деген текстти жетекчиликке алат.

Ошондуктан Кудай өзүнүн идеясына ылайык нерселердин белгилүү тартибин жана формасын түзөт, булар болсо Кудай жараткан ар кандай нерселердин үлгүлөрү болуп саналат. Демек, жамандык — бул өз алдынча турган нерсе эмес, жөн гана жакшылык жок жерде пайда боло турган нерсе. Бул жерде Августиндин дүйнөдө болуп жаткан жаманчылыктар үчүн жоопкерчиликти Кудайдан алып салууга умтулгандыгы көрүндү, анткени Кудайдык идеялар жалаң гана жакшылыктарды жаратат, ал эми жамандыктар материя тарабынан теңирлик образдын бузулушунун жана нерселерде жакшылыктын азайышынын натыйжасында пайда болот. Креационизм проблемасына байланыштуу Августин теологиялык гана мааниге ээ болбостон жалпы философиялык да мааниге ээ болгон убакыт проблемасын да карайт. «Убакыт деген эмне? — деп сурайт ал өзүнүн «Тобо келтирүү» деген эмгегинде, анан мындайча жооп берет: — Бул жөнүндө менден эч ким сурабаса мен анын эмне экенин кыйналып-кысталбай эле түшүнүп турамын: бирок буга жооп бергим келгенде мен таптакыр туюкка келип такаламын» [XI, 14,17]. Бул маселени чечүүдө Августин баарынан мурда Кудайга кайрылат жана Кудай тарабынан нерселер жаратылганга чейин убакыт болгон эмес, ал Кудайдын эрки аркылуу ошол нерселер менен кошо пайда болгон деп эсептейт. Убакыт проблемасын карап жатып Августин убакытты талдоодо биз парадокско тушугабыз деп ырастайт. Убакыттын жаратылышы жөнүндө ой жүгүртүү менен биз төмөнкүдөй корутундуга келебиз: убакытты өлчөөгө болбойт, анткени өтүп кеткен убакыт жашап тура бербейт, ал эми келечектеги убакыт али келе элек болгондуктан ал жок, ал эми учур чактагы убакыт ишке ашар менен өткөн чак болуп калат. Акыры түбү келип Августин мындай деп чечет: убакыт дегенибиз — бул белгилүү бир аралык, ал эми биз убакыт деп өлчөгөн нерселерибиз — акыл-эстеги таасирлер жана издер.

Аврелий Августин.

Ал өзүнүн аң-сезимине кайрылып, мындай дейт: Сенден, мен айткандай, убакыттын мезгилдерин өлчөймүн. Менин жанымдан өтүп бара жаткан нерселердин мага тийгизген чыныгы таасирлерин мен убакыт катарында өлчөймүн, мен нерселердин өзүн өлчөбөймүн, тек гана нерселердин менин жанымдан өтүп бара жатып мага тийгизген таасирлерин гана өлчөймүн. Мен убакыттын мезгилдерин өлчөгөн нерселер мына ушулар».Августин өтүп кеткен жана келечектеги убакыттардын жашабай тургандыгы жөнүндөгү проблеманын кыйынчылыгын таасирлерге, акыл-эске жана келечектеги окуяларды күтүүгө таянуу менен чечет. Реалдуу дүйнөдөгү бизди курчап турган нерселердин тез өтүп кетерин жана өзгөрүлүп турарын баса белгилөө менен Августин Кудайдын түбөлүктүүлүгүнө жана анын өзгөрүлбөстүгүнө көңүл бурат. Августин диний ишеним менен акыл-эстин өз ара катышы жөнүндөгү проблеманы да четтеп өткөн эмес. Башка «чиркөөнүн аталарындай» эле Августин да диний ишенимди акыл-эстен жогору коёт. Ал төмөнкүдөй формуланы тутат: «Түшүнүш үчүн ишенемин», бул формула диний ишеним түшүнүүдөн мурда туруш керек деген талапты билдирген. Ишенимди Августин Ыйык китептин кадыр-баркына ишенүү катарында гана эмес, чиркөөнүн кадыр-баркына да ишенүү катарында түшүнгөн. Бирок тааным маселесинде ал рационализмге көбүрөөк оойт. Предметтерди сезим аркылуу кабыл алууга боло тургандыгын таануу менен, Августин ошол эле учурда мунун баары өз денеси жөнүндө дайыма камкордук көрө турган жандын иш-аракетинин натыйжасында болуп турат деп ойлойт. Сезимдик тааным далилдүү билимдерди берүүгө жөндөмсүз, адамдын акылы гана скептицизмди жеңип чыга алат деп эсептейт. Адам өзүнүн ой жүгүртүүсүндө күмөндөнө албайт, бул шексиз факт болуп саналат. «Өзүнүн күмөндөр болгонун андай алган ар бир адам муну (өзүнүн күмөндүүлүгүн) кайсы бир акыйкат катарында аңдай алат» [Чыныгы дин жөнүндө. XXIX, 73]. Бул жобону көп учурда Декарттын «Сogito, ergo sum» («Мен ойлонуп турам, демек мен жашап турамын») деген сөзүнүн аналогиясы катарында карашат.

Албетте, Августинде таанымга рационалдуу мамиле жасоонун данеги бар, бирок миң жылдар менен бөлүнүп турган бул жоболорду бирдей деп билүүгө болбойт, анткени Августиндин жобосунда Декарт « Сogitoсуна» берген маани камтылган эмес. Мындан башка да бул жобону таанымда Кудайдын чыгармачылыгына жана Кудайдын кийлигишүүсүнө биринчилик маани берген августианизм системасына таянып кароо керек. Августинде Кудай «биздин аяндарыбыздын атасы». Адам Кудайдын идеяларын пассивдүү түрдө гана кабыл алат. Чыныгы акыйкатты таанып билүү Кудайдын аяндары аркылуу келет. Өзүнүн чыгармаларында Августин күнөө жана Кудайдын жазмышы жөнүндөгү проблемаларга да көп көңүл бурат. Августиндин ою боюнча Кудай жалаң жакшылыктарды гана жаратат, ал эми дүйнөдө толуп турган жамандыктарга болсо бүт бойдон адамдын өзү айыптуу, бул айып адамдын эркинин эркиндигинен улам болуп жатат. Кудай Адам менен Еваны эркин кылып жаратты, бирок алар тыюу салынган мөмөнү жеп, Кудайдын буйругун бузуп, күнөөгө батышты. Кудайдын осуяттарына карама-каршы өзүнүн эрктүүлүгүн пайдаланып, Адам Кудай менен адамдын ортосунда туңгуюкту пайда кылды. Эркин Эрк адамды дайыма күнөөгө түртүп турат.

Адам жердеги жыргалчылыкка умтулат, менменсинет, дүйнөдө Кудайдын жардамысыз эле жашап, бардык нерсеге өзүм эле жетише алам деп ойлойт. Адамдардын көпчүлүгү күнөөлүү жорук-жосундарды Кудайдын жазмышы боюнча жасашат. Аз гана адамдар өтө таза актык иштерди жасашат, бирок муну алар өзүлөрүнүн ак ниеттүү ыктыяры менен эмес, Кудайдын күн мурдатан белгилеп койгон буйругу боюнча жасашат. Демек күнөөлүүлөрдүн көпчүлүгү Бейишке чыгабыз деп үмүттөнүшпөй эле койсо болот, анткени аларга Кудайдын ырайымы тийген эмес. Кудайдын жазмышы деген түшүнүк муну билдирет: адамды жакшылыкка Кудайдын эрки багыттап турат, ал эми күнөөгө болсо адам өз эрки менен кабылат. Өзүнүн доктринасын Августин пелагианчылыкка — монах Пелагий жактаган агымга каршы күрөштө өнүктүргөн. Пелагий Адам-атанын биринчи күнөөсүнүн мураска өтүүчүлүгүн жана ушундан улам бүткүл адамзаттын бузулгандыгын танган. Адам баласы чыны менен эле эркиндикке ээ, бул болсо ага жакшылыктын жолу менен же жамандыктын жолу менен барууга мүмкүндүк берет жана бул жерде эч кандай Кудай жазмышы жок. Пелагий Кудайдын ырайымын адамга, анын жакшы иштерине ылайык Кудайдын берген жардамынан көргөн. Мунун баарын Августин жана чиркөө кабыл ала алган эмес, анткени муну менен чиркөөнүн бийлигине жана кадыр-баркына доо кетмек. Пелагианчылык акыр аягында чиркөө тарабынан айыпталган. Августиндин моралдык доктринасынын түпкү башаты — Кудайга болгон чексиз сүйүүдө. Дал Кудайга болгон сүйүү адамдын бүткүл өмүрүн коштоп, адамдын адамга болгон сүйүүсүн сүрүп чыгууга тийиш.

Августин муну өзүнүн жеке турмушу менен далилдеген, ал христиан динин кабыл алардын алдында өзүнүн сүйгөн жубайын жападан жалгыз баласы менен үйүнөн кууп жиберген. «Адам Кудайга карап жашабай адамга карап жашаганда ал шайтанга окшойт» - деп жазган Августин «Кудайдын шаарында» [XIV, 4]. Августиндин мораль жөнүндөгү окуусунун аскетизми дал ушундан келип чыгат, бул окуу боюнча такыбачылык карапайым адам жашап, пайдаланган көптөгөн нерселерден баш тарткандыкта турат. Эллиндик философиянын негизги жоболоруна ылайык Августин адам өмүрүнүн максаты — адамдын бактылуу болушу, ал бул бакытка Кудайды таанып-билүү жана өз жан дүйнөсүн сыноодон өткөрүү аркылуу жетише алат деп эсептейт. Августин адамдардын теңсиздик концепциясын жактаган, муну ал коомдун турмушундагы зарыл түрдө боло турган социалдык көрүнүш катарында караган. Коомдо теңсиздик дайыма болот, мында эч кандай арга жок, анткени бирөөлөрдүн бай, башкалардын кедей болушу Кудайдын буйругу менен шартталган деп эсептейт Августин. Августин өзүнүн чыгармачылыгында тарых философиясынын проблемаларын биринчи жолу койгондордун катарына кирет, ал адамзат тарыхынын жүрүшүн түшүндүрүүгө аракеттенген. Ал өзүнүн «Тобо келтирүү» деген чыгармасында адамдардын көпчүлүгү өзүнүн түркөй турмушунда «мурда өткөн кылымдардын руханий турмушун түшүнүүгө жана ал рухту учур чактагы рух менен салыштырып көрүүгө жөндөмсүз» деп жазат [III, 7]. Августиндин тарыхтын жалпы проблемаларына кызыгуусу 410-жылы корол Аларихтин жетекчилиги астында готтордун Римди талап-тоношуна байланыштуу пайда болгон. Августиндин тарыхты түшүнүүсү провиденциалдык түшүнүү болуп саналат, анткени Кудайдын бийлиги жана эрки айрым жеке адамдын турмушуна гана эмес, бүткүл коомго, анын тарыхына да таралат. Өзүнүн тарых философиясында Августин жердеги коомдордун тарыхын доорлорго бөлүүнү жүргүзөт, Кудай дүйнөнү жараткан алты күнгө окшоштуруп, тарыхты алты доорго бөлөт. Августинде адамзаттын турмушунун алты курагы төмөнкүчө берилген: ымыркай чак, балалык чак, өспүрүм чак, жигиттик чак, жетилген курак, карылык.

Биринчи доор Адам-ата менен Ева-эненин балдарынан башталат да топон сууга чейин уланат, ал эми акыркы доор Христостун келиши жана христианчылыктын пайда болушунан кийин башталып, Христостун экинчи келиши жана акыр заман менен аяктайт. Августин үчүн ааламдагы болуп жаткан бардык нерселер эки дүйнөнүн: Кудай дүйнөсү менен жердеги дүйнөнүн ортосундагы күрөш менен аныкталат. Муну менен Августин Кудай жана жаратылыш дуализмин коомдун өнүгүшүнө колдонот. Кудай дүйнөсү Кудайдын ырайымы тийген, бейишке чыга турган такыбаа адамдардан турат, ал эми жер дүйнөсү күнөөлөргө батып жашоого өкүм кылынгандар кирет. Биринчи дүйнөдө өзүнүн жашоо турмушунда Кудайды сүйүп, ага берилген такыбаа адамдар, экинчисинде Кудайды унутуп койгондор жашайт. Бирок жердеги коомдо такыбаалар менен күнөлүүлөр аралашып кеткен, б.а. Кудай дүйнөсү жер дүйнөсү менен биригип кеткен. Августин коомдогу жер дүйнөсү менен байланышкан бардык нерселерди сынга алат. Ал мамлекеттин зордукчул мүнөзүн ачып көрсөтөт жана аны «эң зор талоончул уюм» деп атайт. Августин бардык дүйнө-корлукка умтулган өзүмчүлдүктү, ыплас кумарпоздукту, адамдарга үстөмдүк кылууга аракеттенүүнү айыптайт. Ошол эле убакта анын коомду жана мамлекетти сынга алуусу Августиндин теологиялык көз карашына ылайык чектелиңки мүнөздө болгон, анткени анын пикири боюнча ар кандай бийлик, а түгүл эң жаман бийлик да Кудайдын эрки менен пайда болот, Кудайдын кудурети менен буйрулган нерселердин баарын ишке ашырат, б.а. тартипти сактап, социалдык байланыштарды бекемдеп турат.

Августин чиркөөнү жана мамлекетти карама-каршы коёт. Эгерде мамлекет — күнөкөрлүктүн дүйнөсү болсо жана ал өзүн өзү сүйүүгө негизденген болсо, чиркөө Кудайды чексиз сүйүүгө негизделген. Чиркөө Христостун коому, ошондуктан чиркөө аркылуу гана адам такыбаачылыкка жетише алат. Чиркөө — бул Кудай дүйнөсүнүн жердеги өкүлү. Августиндин тарых философиясы бүткүл өзүнүн теологиялык мүнөзүнө карабастан коомдук прогресстин теориясына негиз салган. Коомдун тарыхынын башталыш негизи бар жана ал өркүндөө жолу менен дайыма өнүгүп отурат. Бул тарыхтын маани-маңызы жана милдети бар, ал — христианчылыктын бүткүл дүйнөлүк масштабда жеңип чыгышы. Социалдык прогресстин кийинки концепцияларында тарых эми христиандаштыруу ишиндеги прогресс менен эмес, өндүрүш менен илимдин өнүгүшүндөгү прогресс менен байланыштырыла баштайт.

Маалымат булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]