Мазмунга өтүү

Армениянын желеги

Википедия дан

Армениянын мамлекеттик желеги ( ошондой эле армян триколору деп да аталат; арм. Եռագույն - Yeṙaguyn) Армения Республикасынын мамлекеттик символдорунун бири. Желектин түзүлүшү тик бурчтуу кездемеден жасалып, үч түрдүү түстөгү горизонталдуу тилкелерден турат: үстүнкү бөлүгү кызыл, ортосу көк, астыңкы бөлүгү кызыл.

Армениянын желеги 1990-жылдын 24-августунда Армения Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген. 2006-жылдын 15-августунда Армениянын Улуттук ассамблеясы «Армения Республикасынын Мамлекеттик желеги жөнүндө» жаңы мыйзамды кабыл алган.

Армения өзүнүн тарыхында көптөгөн желектерге ээ болгон. Байыркы убакта саясий ишмердүүлүк жүргүзгөн армян династиялары тууларында ар кандай символикалык жаныбарлардын сүрөтүн түшүрүшкөн [1] .

20- кылымда Армян ССРинде СССРдин символдору түшүрүлгөн желектер жана желектердин ар кандай түрлөрү болгон.

20- кылымдын башында желектеги бул түстөр төмөнкүдөй мааниге ээ болгон: кызыл түс - геноцид учурунда курман болгон бир жарым миллион армяндардын канынын символу, көк - Армениянын тынчтыгы, бейпил асман, жана кызыл түсү армян элинин коркпогондугунун, эрдигинин жана эрдигинин символу [2] .

Лусигян династиясынын желеги (1342–1375, Армениянын акыркы падышалык династиясы азыркы армян желегинин түстөрүнө окшош түстөрдү колдонгон)

2013-жылдын 1-январынан тартып Армениянын желегинин тиешелүү түстөрүн көрсөтүүчү "Армения Республикасынын Мамлекеттик желеги". «Жалпы техникалык шарттар» аталышындагы ՀՍՏ 50-2012 мамлекеттик стандарты кабыл алынган [3] .

Көбүнчө расмий эмес, оозеки чечмелөөдө желектеги үчүнчү түс “жалын” эмес, тескерисинче “өрүк” деп чечмеленип келинет [4] [5] [6] .

2012-жылы Армениянын Улуттук стандарттар институту Армениянын желегинин дизайны жана түстөрүнүн тиешелүү ченемдерин жарыялаган. Ага ылайык, Армениянын желегинин түстөрү түс системалары боюнча төмөнкүдөй классификацияланган: [7]

Схема Кызыл Көк Ачык күрөң
RAL 3020 5005 1003
Pantone 485 286 1235
CMYK 0-100-100-0 100-80-0-0 0-35-100-0
RGB 217-0-18 0-51-160 242-168-0
RGB алтылык үчилтик D90012 0033A0 F2A800
Негизги макала: Армениянын желектери

Армениянын азыркы желеги байыркы армян желектеринен бир топ айырмаланат. Байыркы убакта желектин ордуна ажыдаар, бүркүт, арстан же ар кандай теңирчилик символдору чегилген жыгач дөңгөчтөр колдонулган . Мындай туулар согуш маалында гана колдонулуп, согушка чейин бул туулар майдандын айланасында түртүлүп турчу. Кийинчерээк, өзгөчө армяндар христиан динин кабыл алгандан кийин, башкаруучу династиялар түрдүү желектерди колдонушкан.

Армениянын алгачкы тарыхый мезгилдеринде желек деген түшүнүк болгон эмес. Тууну колдонуу салты кийинчерээк Александр Македонскийдин баскынчылык жүрүштөрүнөн кийин калыптана баштаган . Биринчи армян желеги Арташтар династиясына таандык болуп, алар өз бийлигинин символу катары эки буркут жана сегиз бурчтуу жылдызы бар кызыл кездемеден тигилген желекти кабыл алган . Аршак династиясынын дооруна карата желектин түсүнө жана жасалгасына өзгөртүүлөр киргизилген. Ошол мезгилдин монеталарында жана таажыларында дал ошол эки бүркүт жана ортодо жылдыз сүрөттөрү кездешет [8] .

428-жылы арабдардын басып алуусунун натыйжасында Армениянын аймагы Омейяд халифатына көз каранды болуп, азыркы Бакудан чыгышта Дарбандга чейин, батышында, Евфрат дарыясынын өзөңүңө чейин, түндүгүндө Терек дарыясы, түштүгүндө Урмия көлү болгон аймакты ээлеген жаңы Армян эмиратынын мамлекети түзүлгөн. Эмираттын желегин эч кандай формасы болбой кара кездемеден турган .

Армения 885-жылы арабдардан көз карандысыздыкка ээ болгон. Өлкөнү башкарууну колго алган жаңы династия өзүнүн символу катары байыркы убактагы кадимки желектерден айырмаланып, кочкул кызыл фондо ак илбирс жана христиан крести түшүрүлгөн желекти тандап алган. Учурда бул илбирс символу Армениянын маданий борбору деп эсептелген Гюмри шаарынын желегинде турат [9] .

1080-жылы Армениянын аймагы кеңейип, анын тоолуу аймактарынан алда канча ары жайылган Киликия армян падышалыгы түзүлгөн. Дээрлик төрт кылымга созулган бул падышалыкта башкаруучу династия үч жолу алмашып, ар бири өз династиясынын символун мамлекеттик туу катары колдонушкан. Армениядагы селжуктардын алгачкы чабуулдарынан качкан качкындар ак фондо кызыл арстандын сүрөтүн желек катары кабыл алышкан. Андан көп өтпөй бул желектин фону актан сарыга өзгөргөн [9] .

Киликия династияларынын биринчиси болгон Рубендердин тушунда өлкөнүн желеги кызыл арстан тартылган ак кездеме болгон. Желектин дагы бир версиясында кресттин алдында таажы кийген арстан сүрөтү бар. Ушул эле арстан Армениянын азыркы гербинде [9] тартылган.

Хетумилер доорунда өлкөнүн желеги династиянын герби түшүрүлгөн кызыл кездемеден турган. Хатуми династиясынын гербинде сары калкандын ичинде эки буту менен турган кызыл арстандын элеси болгон. Арстандын көздөрү, тырмактары, тили жана таажы көк түстө, азыркы Армениянын желегинин түстөрү бул желектин түстөрүнө окшош [9] .

Лузиняндар династиясынын өз герби болгон, бирок өзүнүн желеги болгон эмес, алар Киликияны басып алганда, гербге дал келүүчү желекти даярдашкан .

XVII-XVIII кылымдар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Армян элинин деңиз соода желеги

1688- жылдын 22-июнунда Британ Ост-Индия компаниясы Мадрас шаарында армян соодагерлери менен “Армян улуту менен Чыгыш Индия келишими” деп аталган келишимге кол койгон, ага ылайык армяндар тамак-аш ташуучу кемелеринде желегин желбиретип турууга укуктуу болгон. Алардын кемелеринин кызыл-сары-кызыл түстөгү өз желегине ээ болуп, ал эми желектин ортосунда Индия океанынын көптөгөн портторунда урмат-сыйга ээ болгон Теңирдин Козусунун сүрөтү түшүрүлгөн .

</img> Анын пайда болушу 1885-ж
Алишан желеги

Армения Перс жана Осмон империясы тарабынан бөлүнгөндөн кийин, Армения бир нече убакытка чейин өзүнүн желегине ээ болгон эмес. 1885-жылы Париждеги Армян студенттеринин коомунун өтүнүчү боюнча армян католик дин кызматчысы Гевонд Алишан жаңы желектин долбоорун ойлоп чыгарган. Армян студенттеринин ассоциациясы жазуучу Виктор Гюгону акыркы сапарга узатуу зыйнатына ушул желек менен катышты. Бул горизонталдуу үч түстүү желек тескери бурулгандай көрүнүп азыркы Болгариянын желегине окшоп калган эле . Үстүнкү сызык кызыл түстө болуп, Пасханын биринчи жекшембисин ("Кызыл жекшемби") символдоштурган, ортоңку сызык жашыл түстө болуп, "Жашыл жекшемби" дегенди билдирет, ал эми астыңкы сызыгы ак түстө болуп, анын эч кандай мааниси жок, жөн гана визуалдык көрүнүш үчүн кошулган. [1] .

Алишан Францияда армян желегинин дагы бир версиясын жаратты, ал азыр “Армян улутчулдарынын желеги” деп аталат. Бул француз вертикал триколоруна окшош. Анда сүрөттөлгөн, солдон оңго карай тизилген кызыл, жашыл жана көк түстөр , Нух пайгамбар Арарат тоосунда көргөн асан-үсөндүн символу болуп саналат[1] .

Закавказ Республикасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Закавказ Республикасынын желеги (1918)

1828-жылы орус-перс согушунун натыйжасында Түркмөнчай тынчтык келишими түзүлүп, Армениянын Иранга караштуу чыгыш бөлүгү, Россия империясына кошулган. Орус империясы кулагандан кийин Армения өз эгемендигин жарыялап, Грузия жана Азербайжан менен биригип , бир жылга жетпеген убакытта жашаган Закавказ Республикасын түзүлгөн. Республиканын расмий түрдө өзүнүн символдору болгон эмес. Ал эми кээ бир тарыхчылар Германиянын желегине окшош сары, кара жана кызыл тилкелерден турган үч түстүү Закавказ Республикасынын желеги деп пикир билдиришет . Республика 1918-жылы 26-майда Грузия Демократиялык Республикасы жарыялангандан кийин жоюлуп кеткен. Эки күндөн кийин ( 28-майда ) Биринчи Армения Республикасы жана Азербайжан Демократиялык Республикасы жарыяланды .

Армения Демократиялык Республикасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Армения Демократиялык Республикасынын желеги, 1918-1920-ж

Армения Демократиялык Республикасы көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин Армениянын желеги азыркы формасын алган. Анын сырткы көрүнүшү кызыл, көк жана сары болуп, анын кулашы учурундагы Рубен династиясынын желегиндей ( Киликия Армян Падышалыгы ) болгон. Мындан тышкары, асан-үсөн желек идеясы да сунушталган, бирок ал жактырылган эмес. Бул желектин прототибин Еревандагы Мартирос Сарян үй-музейинен көрүүгө болот. Армения Демократиялык Республикасынын желегин кабыл алууга жаш елкенун улуттук чогулушунда чыгып суйлөгөн Степан Малхасянцтын доклад материаллар зор таасирин тийгизди. Кызыл, көк жана жалындын айкалышы «адамдын көзүнө көбүрөөк жагымдуу көрүнгөнү себептуу» сары түс тез эле жалын түс болуп өзгөргөн [1] [10] .

Советтер Армениясы жана Закавказ ССРи

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Закавказ ССРинин туусу 1922-1936-ж

1920-жылы 29-ноябрда большевиктер тарабынан Армян ССРи жарыяланган. 1922-жылдын 2-февралында Армян ССРинин Советтеринин биринчи съезди республиканын конституциясынын бир бөлүгү катары жаңы тууну кабыл алган. Бул көрүнүш бир ай гана созүзүлдү. Себеби , 12-мартта Армян ССРи Грузин ССРи жана Азербайжан ССРи менен биригип, Закавказ ССРи деп атала баштаган .

1922-жылдын 30-декабрында Закавказ ССРи СССРдин курамына кирген төрт республиканын бири болгон. Жаңы желектин кызыл фонунда сары орок жана балка жана санс-шериф шрифтинде сары түстөгү «ЗСФСР» деген жазуу бар. 1936-жылы Закавказ Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасы жоюлган .

Армян ССРинин желеги

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

СССРдин республикаларынын бири катары Армян ССРи өзүнүн биринчи желегин 1936-жылы кабыл алган. Анын кызыл фонунда сары орок жана балка алардын астында „ՀԽՍՀ“ (hXSh: „haykakan Xorhrdayin Sotsialistikan hanrapetutyun“, кириллицада: "haikakan Khorhrdayin Socialistakan hanrapetutyun") аббревиатурасы болгон 1940-жылы желектеги аббревиатура „ՀՍՍՌ“ (ASSR) болуп өзгөртүлгөн ("hayastani Sovetakan Socialstakan Republic", кириллицада: "hayastani Sovetakan Социалистакан Республика"). 1952-жылы жаңы желек кабыл алынган. Аббревиатура алынып салынды жана анын ордуна горизонталдуу көк сызык орнотулду. Бул желек 1990-жылга чейин колдонулуп келген. Армения 1990-жылдын 23-августунда көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин, СССРге чейин колдонулган желек көп өтпөй калыбына келтирилген .

Армян улутундагы вермахт легионерлеринин билек төш белгиси

Армениянын желегин нацисттик Германиянын катарында кызмат өтөгөн армян жоокерлери ( Армян Вермахт легиону ) тарабынан колдонулган [11] .

Окшош желектер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орусиянын Ростов облусуна караштуу Мясниковский району (райондун борбору – Чалтир айылы) 1998-2011-жылдары Армениянын желегине негизделген желекти колдонгон. Бул аймактын этникалык курамы 60% армян улутуна таандык экендиги менен байланыштуу [12] .

Таанылбаган Тоолуу Карабак Республикасынын желеги да Армениянын желегинин түстөрүн кайталап турат. Бул түстөр Армения менен Тоолуу Карабак Республикасынын элинин тарыхый жана маданий байланышынын символу болуп саналат. Тоолуу Карабак Республикасынын желеги Армениянын желегинен ак сызыктуу оюму менен гана айырмаланат [13] .

Окшош түстүү желектер:Venesuela bayrogʻi Венесуэланын желеги ;Эквадор желеги Эквадор желеги ;Колумбиянын желеги .

Арменияда Желек күнү жыл сайын 15-июлда белгиленет [14] .

Муниципалдык желектер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. 1.0 1.1 1.2 1.3 1.4 1.5 1.6 The Evolution of the Armenian Flag. Armenianheritage.com. Текшерилген күнү 5 -январь (үчтүн айы) 2007. Түп булактан архивделген күнү 4 Апрель 2001. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; name "evolution" defined multiple times with different content
  2. Armenia. Текшерилген күнү 6 -январь (үчтүн айы) 2007.
  3. Государственный флаг Республики Армения. Общие технические условия 
  4. Նայիր նրան՝ երեք գույնով(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  5. ՀԱՅԿԱԿԱՆ ԴՐՈՇ(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  6. Karmir Kapuyt Ciranaguyn Կարմիր Կապույտ Ծիրանագույն(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  7. HST 50-2012 - General Specifications of the Republic of Armenia flag (AM). Текшерилген күнү 23 -январь (үчтүн айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 14 -октябрь (тогуздун айы) 2017.
  8. Historic Armenian Coats of Arms. peopleofar.com. Текшерилген күнү 30 -сентябрь (аяк оона) 2022.
  9. 9.0 9.1 9.2 9.3 Armenia Flag Map and Meaning. mappr.co.
  10. Armenia: First Republic (1918–1921). Текшерилген күнү 9 -январь (үчтүн айы) 2007.
  11. Книга: Восточные легионы и казачьи части в Вермахте. www.e-reading.club. Текшерилген күнү 22 -август (баш оона) 2016.
  12. Национальный состав населения Ростовской области: Итоги Всероссийской переписи населения 2002 года. Статистический сборник. Ростов-на-Дону: Ростовстат. 2005. 
  13. Republic of Artsakh (inglizcha) (04/24/2021). Текшерилген күнү 1-may 2023-yil.
  14. Flag of Armenia. Flager (08/13/2020). Текшерилген күнү 30-aprel 2023-yil. Түп булактан архивделген күнү 30 Апрель 2023.