Ачех
| |||
Өлкө | |||
---|---|---|---|
Административдик борбор | |||
Б.ири шаары | |||
Негизделген күнү | |||
Башчысы |
Нова Ириансях | ||
Расмий тили | |||
Калкы |
4.271.000 (цунамиден алдын) | ||
Жыштыгы |
91.02 адам/км² | ||
Улуттук курамы |
Ачехтиктен, Гайолар, Аластар, Анеук Жамеелер, Малайлар, Жавалылар, Клуеттер, Батактар | ||
Диний курамы |
Ислам (97,6 %), христиандык (1,7 %), индуизм (0,08%), буддизм (0,55 %) | ||
Аянты |
57 956 км² | ||
Деңиз денгээлинен бийиктиги • Бийик чекити |
| ||
Тууралыгы | |||
Узундук | |||
Убакыт аралыгы |
+7 | ||
Почта индекси |
23ххх, 24ххх | ||
Автоунаа номурунун коду |
BL | ||
Ачех — Индонезиядагы аймак. Ал Суматра аралынын түндүк четинде жайгашкан.
Этимология
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ачех аймагынын борбору Банда Ачех 1962-жылга чейин эл арасында Кута Раджа[1], башкача айтканда, "Падышанын шаары" деген ат менен белгилүү болгон[2]. Борбор калаага атын берген Банда аты фарс тилиндеги "порт" дегенди билдирген "бандар" сөзүнөн келип чыккан, ал эми "аче" (Ачех) келинг тилинен (хинди) "сулуу", "сүйкүмдүү" маанисин билдирген "aci" жана "aca" сөзүнүн чыккан. Бул аймактын аталышынын башкача айтылышынын себеби, Ачехке ар башка улуттун өкүлдөрү келгендигинен. Англисче "acheh", "atjeh" же "achin" деп да жазылган Аче, Осмон доору архив документтеринде Ачи, Аши, Ачин деп кездешет[3]. Оозеки салттарда Ачех деген сөз аббревиатура катары кабыл алынып, төмөнкүчө түшүндүрүлөт: "а" арабдарды, "ç" кытайларды, "е" европалыктарды, "h" индиялыктарды билдирет[4]. Аны жазуунун дагы бир жолу atjeh болсо араб, түрк, жапон, европалык жана индиялык дегенди билдирет[5].
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ачех 1514-жылы султандык катары түзүлгөн. Ачехти колониялаштырууга жана Суматрага кол салууга аракет кылган биринчи Батыш державасы португалиялыктар болгон. Португалиялыктардын кысымынан улам ачехтиктер 1565-жылы Стамбулга комитет жиберип, Осмон империясынан жардам сурашкан. Осмондуктар менен кол салууларга каршы кызматташуу максатында келишимге кол коюлган (1567). Келишимдин алкагында Осмондуктар тарабынан Ачехке ок-дары жана курал-жарактар жөнөтүлдү. Бирок Ачехте португалиялыктар эмес, голландиялыктар үстөмдүк кылган. Нидерланд 1873-жылы Ачехке ультиматум коюп, айрым артыкчылыктарды жана талаптарды койгон. Ультиматум четке кагылгандан кийин башталган согуш Нидерландиянын технологиялык артыкчылыгынан улам Ачехке каршы аяктады. Ачех султаны Тунку Мухаммед Давут 1903-жылы Голландиянын эгемендигин тааныганда аймак башкаруу жагынан Голландиянын колониясына кирген. Нидерландия Ачехке генерал-губернаторду дайындоо менен өкмөттү өзүнө алды. Нидерланддын Ачехтеги эгемендикти Индонезияга өткөрүп бериши Ачехтин көз карандысыздыгын жактагандарды кайрадан каршылык көрсөтүүгө түрттү. куралдуу каршылык уюму Gerakan Aceh Merdeka (Эркин Ачех кыймылы - GAM) 1976-жылы негизделген. Ачехтеги зордук-зомбулук жана терроризмдин айынан 130 миңге жакын адам качкынга айланган. Эки миллиондон ашык ачехтик борбор Бендерачеге чогулуп, 1999-жылдын 8-ноябрында Индонезиянын көз карандысыздыгы же лоялдуулугу боюнча референдум өткөрүүнү каалашарын билдиришкен. 2004-жылдын 26-декабрында болгон цунами апааты менен биринчи планга чыгып, "Кызыл Жарым Ай уюму" тарабынан шашылыш түрдө 8 жүк ташуучу жардам материалы жеткирилген. Калкынын 98%ы мусулмандар жана анын желеги түрк желегинен шыктандырылган.
Ачех желеги жана түрк желеги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2004-жылы чоң цунами кырсыгынан улам аймакка барган Би-Би-Синин кабарчысы Жорж Алагия алгачкы таасирлерин төмөнкүчө баяндады:
"Ачехке конгондо мен Түркиядамын деп ойлогом. Жок, бардык жерде шашлык саткан дүкөндөр болгондуктан эмес... Балдардын мага открытка сатканы үчүн эмес... Жок, жок, бут кийим тазалоочулардын кыйкырыгынан эмес... Балким ишенбейттирсиз, бирок мен бул ойго баары түрк желеги түшүрүлгөн калпак кийгизип жүргөндүктөн, мен жолдо бир жаш ачехтиктен "эмнеге алардын калпагында Түркиянын желеги бар" деп сураганымда, аты Режеп болгон бул балакайдын жообу абдан кызыктуу болду. "Өз байрагыбыз сүрөттөлгөн калпакты кийип жүрсөк, алты ай камакта отурабыз, Түркиянын желегине эч ким эч нерсе дей албайт... Чынында, түрктөр биздин ата-бабаларыбыз деп эсептелинет жана биз байрагыбызды 500 жыл мурун алардан алганбыз. Ошон үчүн матч болгон сайын Түркиянын улуттук футбол командасынын футболкасын кийип, үйүбүзгө түрк желегин илип коёбуз". "Оо, кудайым, бул түрктөр кайда жок дейсиң? - деп таң калдым[6].
Ачех цунами табигый кырсыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ачех 2004-жылдын 26-декабрында цунамиден олуттуу жабыр тарткан.
Райондор жана шаарлар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]4 ири шаар бар: Бендераче, Лангса, Лхоксеумаве жана Сабанг.
Аймактар: Ачехбесар, Ачехбанда (Борбордук Ачех), Чыгыш Ачех, Ачехжайя, Түндүк Ачех, Ачех Синкил, Түштүк Ачех, Түштүк-Чыгыш Ачех, Түштүк-Батыш Ачех, Ачех Тамианг, Батыш Ачех, Бенер Мерия, Биреуен, Гайо Луес, Наган Рая, Пиди жана Симеулу.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ G.W.L.Drewes ve P. Voorhoeve, Adat Atjeh, Reproduced in facsmilie from a manuscript in the İndia Office Library, S,Gravenhage-Martinus Nijhoff, 1958, 9 б.
- ↑ Holly S. Smith, Aceh-Art and Culture-,Kuala Lumpur, Oxford University Press, Oxford, 1997, 14 б.
- ↑ İsmail Hakkı Göksoy, Güneydoğu Asya'da Osmanlı Türk Tesirler, Fakülte Yayınları, Isparta, 2004, 38 б.
- ↑ Dada Meuraxa, Sejarah Kebudayaan Sumatera, Medan, 1975, 5 б.
- ↑ Abdullah Taufik, History of People of Indonesia İslam, Ed, Jakarta: Ceremony of Moslem Scholar Indonesia, 1991, 34 б.
- ↑ Özgür Açe ye yeniden hoş geldin Tunku!. milligazete.com.tr (10.10.2018).