Виши өкмөтү

Википедия дан

Виши өкмөтү (1940-44) – 2-дүйнөлүк согуштун учурундагы француз өкмөтү. Виши шаарынын атынан аталып калган.

Виши Франциясы
Flag of Philippe Pétain, Chief of State of Vichy France.svg

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Париж менен бирге Франциянын түндүк бөлүгү фашисттер тарабынан оккупацияланышы менен 1940-ж. 22-июнда жарашууга кол коюлган жана Виши шаары мамлекеттин борборуна айланган. 10-июлда парламент бийликти маршал А. Ф. Петенге берген. Ошентип Үчүнчү республика өз жашоосун токтоткон. Франция территориясынын 1/3 бөлүгү Виши өкмөтүн карамагында болгон. Петен өлкөнүн кыйрашынын негизги себеби катары демократиялык түзүлүштү күнөөлөп, өлкөнүн аталышындагы республика сөзүн колдонбой, өзүн «Француз мамлекетинин башчысы» деп жарыялаган. Тышкы саясатында Петен Германия менен кызматташууну колдоп, бардык саясий партиялар таркатылган жана профсоюз уюмдарына тыюу салынган. Үчүнчү республиканын көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлери сот жообуна тартылып, 75 миң чет элдик еврейлер нацисттерге берилген. 1944-ж. өлкө аймагынан германиялык аскерлердин чегинүүсү менен Виши өкмөтү жоюлган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]