Догдур

Википедия дан
Догдур - неонатологВ. Апгар

Врач (эмчи, сагын. Диван Лугат Ат-Түрк)медициналык жогорку билими бар адис. Адистиги боюнча Догдур: саламаттык сактоону уюштуруучу, терапевт, педиатр, хирург, санврач, гинеколог, офтальмолог, рентгенолог, невропатолог, психиатр, дерматовенеролог, стоматолог, оториноларинголог, фтизиатр жана башка болуп бөлүнөт. Догдур — эң байыркы адистиктин бири. Байыркы Египет, Кытай, Индия, Греция жана Римдеги атактуу адис-врачтардын (Гиппократ, Асклепиад жана башка) билими жана өнөрү замандаштарынын өмүрүн жана ден соолугун гана сактап калбастан, медицинанын өнүгүшүнө түрткү болгон. Догдурдун адистигинин мүнөзү, анын милдетинин аткарылышы ар бир өлкөнүн коомдук саясий түзүлүшүнө жараша болот. Буржуазиялык коомдук түзүлүштө ден соолукту коргоо ар бир адамдын өз кызыкчылыгы катары каралат. Советтик Врачтын эң негизги көздөгөн максаты — адамдын ден соолугу. Бул максат Советтер Союзунун врачынын антында так баяндалган.

Мамлекет догдурга зор ишеним, чоң роль жана жоопкерчилик жүктөйт. Врачтын оор жана ардактуу милдетин аткаруу атайын билимди, талбай эмгектенүүнү, жабыркагандарга кайсы мезгилде болбосун медициналык жардам көрсөтүүгө даяр болууну, жан аябастыкты жана патриотизмди талап кылат. Советтик Врачтын бул сапаттары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ачык көрүнгөн. Азыркы күндөрдө да Советтик догдурлар элдин ден соолугу жана жашоосу үчүн күрөшүүдө эмгек эрдиктерин көрсөтүүдө. Ошондуктан биздин өлкөдө догдурлук кесип сыйлоого жана ардактоого татыктуу. Он миңдеген догдурлар Советтер Союзунун ордендери жана медалдары менен сыйланган, союздаш жана автономия республикалардын эмгек сиңирген врачы жана Социалисстик Эмгектин Баатыры деген ардактуу наамга татыктуу болушкан. 1977-жылдан «СССР эл врачы» деген ардактуу наам берүү киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8