Кеңеш Жусупов

Википедия дан
Жусупов, Кеңеш‎»‎ барагынан багытталды)
Кеңеш Жусупов
Жарандыгы:

 ССРС
 Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

Жазуучу

Сыйлыктары:

Экинчи даражадагы "Манас" ордени (2016)

Кеңеш Жусупов Акылбекович 1937-жылы 14-апрелде Кыргызстандын Нарын облусундагы Нарын районуна (мурдагы Тянь-Шань районуна) караштуу Он-Арча айыл өкмөтүнө кирген Эчки-Башы айылында туулган. Кыргызстандын заманбап жазуучусу жана публицисти, Кыргыз эл жазуучусу, коомдук ишмер, экинчи сот. Экинчи даражадагы "Манас" орденинин ээси (2016).

Кыскача өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жазуучу Кеңеш Жусупов 1937-жылы 14-апрелде Кыргызстандын Нарын облусундагы Нарын районуна (мурдагы Тянь-Шань районун) караштуу Он-Арча айыл өкмөтүнө кирген Эчки-Башы айылында туулган.

Өз атасы - Сыдыкбек Иманаалы уулу. Энеси Турдубүбү Молдогазы кызы атасына он алты жашында эле чыгып, андан он үч бала төрөгөн.

Кеңеш алардын туну болгон.

Бирок Сыдыкбектин агасы Жусуп менен анын биринчи аялы Турумбүбү балалуу болбой жүргөндө, алар Кеңешти асырап алышкан. Мындай окуялар кыргыздарда бир туугандардын арасында кадыресе окуя болгон.

Кийинчерээк Жусуп аялы Турумбүбү менен ажырашат. Кеңешти чоң энеси Уулбала бапестеп, эрке кылып чоңойтот.

Жусуп ата Сүйүнгө үйлөнөт, андан Мукаш, Жумабек, Кубан, Турат, Мурат, Марат деген уулдуу жана Дамира деген кыздуу болот.

Бирок Жусуп ата менен Сүйүн апа Кеңешти улуу баласындай көрүп, мыкты тарбиялайт.

Жусуп Иманалиев айылдагы көрүнүктүү агартуучулардан жана жетекчи кызматкерлерден болгон.

1937-жылы Жусуп жалган жалаа менен "контр-революционер" катары айдалып, Нарын шаарында жана Бишкекте (ал кездеги Боронзодо) абактарда отурат. Тээ Архангельск шаарына чейин ар кыл абактарда отуруп, эки жылдан соң абактан бошонуп кайтат.

Чоң эненин тагдыры

Кеңешти бала чагында тарбиялаган башкы киши - чоң энеси Уулбала болгон. Уулбала апа коңшу Миң-Булак айылындагы Эши деген мундуз уруусунан чыккан кишинин кызы болгон. Чоң атасы Иманаалыга турмушка чыгып, эки уул төрөп берген. Улуусу - Жусуп, кичүүсү - Сыдыкбек.

Иманаалы менен Уулбала 1916-жылы Үркүндө Кытайга качканда, Жусуп 14тө, Сыдыкбек 12де болгон экен.

Иманаалы Кытайга жетпей, Бедел ашуусунда каза табат.

Салтка ылайык, жесир Уулбаланы кайниси Курманаалыга башын байлап коюшат.

Эки жылдан соң гана Уулбала менен Курманаалы эл-жерине балдары менен кайтып келет.

Кеңештин мектептеги жылдары

Беш жашынан Эчки-Башы айылында үйдө жүрүп кат тааныган.

Кыргыз эл жазуучусу, публицист Кеңеш Жусупов Эчки-Башы суусунун боюнда. Эчки-Башы кыштагы, Он-Арча айыл аймагы. 2012-жылдын 4-октябры.

Кеңеш баштапкы класстарды (жети жылдык мектепти) өз айылында окуган.

Жети жашында мектепке бара баштап, үч айдан кийин 1-классты аяктап, 2-класска көчкөн.

Ал кезде атасы Жусуп мектептин деректири болчу.

Жусуптун жубайы Сүйүн да мектепте мугалим болчу.

Бала чагы согуш жылдарына туш келди.

Ал ойноп-өскөн жайлоолордун арасында Солтон-Сары, Терс-Суу, Жакшына, Тепши, Көк-Торпок сыяктуу кооз жерлер болду.

7-класста окуп жүргөндө алгачкы чыгармасы "Ленинчил жаш" гезитине чыккан (ал эки куплет ыр болчу).

Өз айылында орто мектеп 1970-жылдары гана ачылгандыктан, эчки-башылыктар орто мектепти бүтүрүү үчүн 8-класстан тартып коңшу Оттук айылына барышчу.

Эчки-башылыктар Оттуктагы интернатта жатышчу. Совет доорунун кийинки кезеңинде бул эки айыл биригип "Коммунизм" колхозу деп аталчу.

1953-жылы, Кеңеш Оттукта окуп жүргөндө, Иосиф Сталин өлгөнүн угушкан.

К.Жусупов 1954-жылы Оттук орто мектебин бүткөн.

Жетилген курак

Оболу, 1954-жылы, Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинин юридика (укук) факультетине тапшырып, өтпөй калат.

Эки жыл «Коммунизм» колхозунда колхозчу, китепканачы, комсомолдук уюмдун катчысы болуп иштеген.

Кайра КМУга (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине) келип, укук факультетине дагы өтпөй калып, анан 1956-жылы мыкты жат жазуу жазганынын аркасы менен КМУнун кыргыз тил жана адабият факультетине кабыл алынган.

1958-жылы бир аңгемеси "Ленинчил жашка чыгып" ошондон тартып прозалык чыгармалары мезгилдүү басма сөздө ырааттуу жарыялана баштаган.

1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тил жана адабият факультетин бүткөн.


Кийинки эмгек жолу

Эчки-башылыктардын өздүк көркөм чыгармачылык тобу. Жетекчиси - Сайыргазы Түркмөнов. 1960-жыл.

1961–1963-жж. Нарын шаарындагы Тянь-Шань облустук гезитинде иштеди.

Нарын облусу (ал кездеги Тянь-Шань облусу) жоюлган соң, Бишкекке кайтып келди.

1964-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы «Басма сөздө мамлекеттик жашыруун сырларды сактоочу башкы башкармалыкта» (Главлитте) иштеген.

1966–1968-жж. «Кыргызстан» басмасында редактор болду.

1968–1973-жж. «Кыргызфильм» киностудиясындагы сценарий бөлүмүндө редакторлук кызматты аткарды.

1973-жылдан «Ала-Тоо» журналында иштеди.

1978-жылдан Нарын облусу боюнча Жазуучулар союзунда адабий консультант болуп иштеди.

1984-жылдан «Манас» эпосун көркөм чыгаруу секторунда иштеди.

1987-жылдан «Ала-Тоо» журналында башкы редактор болуп иштеп келет.

Эчки-башылыктар (оңдон солго): Күмүш Суранова, Кеңеш Жусупов, Жумамүдүн Кадырмамбетов, Тынчтык Иманалиев. Бишкек шаары, Кыргызстан. 2007-жылдын 14-апрели.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кеңеш Эчки-Башы айылында 7-класста окуп жүргөндө алгачкы ыры гезитке чыгат.

1958-жылы биринчи «Түш» деген аңгемеси «Ленинчил жаш» гезитине басылган.

К.Жусуповдун 1965-жылы «Жашоо кумары» деген китеби чыккан.

1975-жылы «Ыр сабындагы өмүр» аттуу китеби Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон.

Ошондой эле Эл аралык «Түгөлбай Ата» коомунун, Асанбек Табалдиев атындагы адабий сыйлыктардын ээси.

Жазуучунун айрым аңгеме, повесттери түрк, украин, өзбек, чех, орус, казак, татар, араб, француз тилдерине которулган.

К.Жусуповдун «Лесорубы» («Карагайчылар») деген аңгеме, повесттер жыйнагы 1975-жылы Москвадан (орусча) жарык көргөн.

Жазуучу Ашым Жакыпбеков менен бирдикте «Манас» эпосун проза түрүндө жазган.

Проза түрүндө балдар үчүн жазылган «Манас» эпосунун автору.

1991–2012-жж. «Кыргыздар» аттуу 5 томдук түзгөн, аны кийинчерээк 10 томго жана 14 томдукка жеткирген.

Жаңычылдыгы. Темалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кеңеш Жусупов Теңир-Тоо койнундагы Он-Арча кыштагында (аны "Эчки-Башы" айылы деп да аташат) бала чагын өткөрүп жатканда, айыл турмушун астейдил үйрөнгөн. Ала-Тоодогу согуш доорундагы жана андан кийинки кыйчалыш турмушту, пост-сталиндик айылдыктардын тагдырын жаңыча баяндаган кыргыз карасөз өнөрүнүн өкүлү.

Ал жазган согуш ардагери, көзү көрбөй калган Аянкул, өмүрүн жаңы төрөлүп жаткан бала үчүн багыштаган Акылбек жана анын аты менен аталып калган кыя, тагдыр ириминен туура нук табууга умтулган карапайым карагайчылар тууралуу чыгармалар 1960-80-жылдардагы Теңир-Тоо турмушун чагылдырат.

Кеңеш Жусуповдун совет доорундагы публицисттик чыгармалары, асыресе, тээ Италиядан Жапонияга чейин кыдырган сапарын чагылдырган китептери кыргызстандыктарды алардын көзү жеткен теребелдин ары жагындагы турмушка, бейтааныш маданиятка үңүлүүгө чакырып турду.

Жазуучунун 1975-жылы жарык көргөн “Ыр сабындагы өмүр” китеби залкар акын Алыкулдун улуу сүйүүсүн, инсандык терең кайгысын, калемгердик эрдигин чагылдырган тарыхый-биографиялык жана ой-таанымдык чыгарма болуп калды. Бул китеп Кыргызстан Ленин Комсомолу сыйлыгына татыды.

1980-жылдары Кыргызстандын расмий бийлиги улуттун карт тарыхынын Эне-Сай доорун жерип турган чакта, Кеңеш Жусупов жетектеген “Ала-Тоо” ("Ала Тоо") журналы көөнө тарыхты көшөрө иликтеген басылмага айланды.

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов этнограф Какен Мамбеталиеванын элесине багышталган илимий жыйында. КУУ, Бишкек. 17.6.2010.

Академик В.Бартольд, этнограф С.Абрамзон, археолог Юлий Худяков, хакас окумуштуусу Астай (Виктор) Бутанаев жазган эмгектердин орчун бөлүктөрүнүн кыргызча котормосу, чыгыш таануучу Өмүркул Караев, манас таануучу Имел Молдобаев, ошондой эле Мурат Кожобеков, Кыяс Молдокасымов, Арслан Койчиев сыяктуу жаш тарыхчылар жазган нечендеген макалалар “Ала-Тоого” ырааттуу жарыяланды.

Кеңеш Жусупов өзү 1980-жылдардын этегинде тарыхчы Белек Солтонкелди уулу Солтоноевдин мурасын кайра көтөрүп чыкты. 1955-жылы тарыхчы өзү акталганына карабастан, Солтоноевдин чыгармасы советтик адабияттагы “кара тизмеде” кала берген болчу.

“Байыркынын издери” (2001) аттуу көп тарамдуу, бир чети публицистикалык, экинчи чети илимий иликтөөчүлүк усул колдонулган, үчүнчү жагынан улуу тарыхтын чоң жомокчусу катары фольклордук мурастын ширендисин жуурулткан чыгармасында Кеңеш Жусупов Кыргыз баласынын эзелтеден ХХ кылымдын башына чейинки тарыхынын урунттуу учурларын саймедирлеп жазып берет.

Жусуповдун китебинин ар сабынан жаңы муундун кыргызы өзү үчүн чоң милдетти табышы мүмкүн. Маселен, Белек Солтоноевдин чыгармалары тууралуу эскерген жеринде, Армениядагы Матенадаран кол жазма эстеликтер институту – китептер ажайыпканасы тууралуу сөз козгойт. (Караңыз: “Байыркынын издери”, 294-бет).

“Манас таануу” жаатына Кеңеш Жусупов кошкон жекече салым – “Манас” дастанынын ал өзү жазган кара сөз түрүндөгү варианты болду. Ал чыгарма түрк, казак тилдерине да жарыяланды.

Кеңеш Жусупов көп жылдык мээнет терин төгүп, кашыктап чогултуп жарыялаган, эки-үч томдуктан он томдук жана он төрт томдук басылмаларга чейин жеткирилген “Кыргыздар” жыйнагы (1990-2011) эгемен Кыргызстандын маданий турмушундагы өзгөчө бурулуш учурлардан болуп калды.

Саякаттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кеңеш Жусупов Жапонияга, Италияга, Эне-Сайга (Түштүк Сибир жана Алтайга) жасаган саякаттары тууралуу кызыктуу жолдептерлерин жана башка эсселерин жарыялаган.

1981-жылы Эне-Сайга досу Кубатбек Жусубалиев (Кердегей) менен чогуу барган. Ал жерден хакас этнографы Астай (Виктор) Бутанаев менен Хакасия жана Тываны чогуу кыдырган.

АКШда да болуп кайткан. Ал жактан Азамат Алтайга жолуккан.

Кытайга, Индияга, Монголиядагы Кыргыз-Нор (Кыргыз-Көлү) жергесине да барган.

Заманбап кыргыз адабиятында саякатнаама жанрын негиздөөчүлөрдөн болгон.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жубайы - Айгүл Эралиева.

Уулу - Медер. Неберелери бар.

Үй-бүлөсү жазуучунун чыгармачыл ишмердигине ар тараптан огожо болуп келет.

Сыйлыктары жана наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

К.Жусупов 1966-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

1975-жылы Алыкул Осмонов тууралуу "Ыр сабындагы өмүр" китеби үчүн Кыргызстан Ленин комсомолунун сыйлыгын алган.

«Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

1990-жылы Асанбек Табалдиев атындагы сыйлыкты алган.

1991-жылы «Көркөм өнөргө (искусствого) эмгек сиңирген ишмер» деген наам алган.

1995-жылы "Түгөлбай Ата" эл аралык сыйлыгын алган.

1999-жылы «Кыргыз Эл жазуучусу» деген наам алган.

2004-жылы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

Эшеналы Арабай уулу атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университеттин профессору.

2016-жылы 30-декабрда президенттик жарлыкка ылайык Экинчи даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды. Бул сыйлык ага Президент А.Атамбаев тарабынан 2017-жылы 5-мартта тапшырылды.

20-кылымдын башындагы ата уулдары(жеткиликсиз шилтеме) тууралуу ою[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын УИАсынын президентинин милдетин аткаруучу, академик Абдыганы Эркебаев жазуучу Кеңеш Жусуповдун 75 жылдык мааракесине жана анын жаңы китебинин бетачарына арналган салтанаттуу жыйында. Кыргыз улуттук китепканасы. Бишкек шаары. 2012-жылдын бештин айынын (декабрынын) 1и.

"ХХ кылымдын башынан санай келсек, кыргыз рухий маданиятына зор салым кошкон инсандар Белек Солтоноев, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахмановду биринчи ата уулдары дээр элем. Азыр бул ысымдар улуттук тарыхта белгилүү болуп калды. Алар отуз жаштын ичинде, кыркка жетпей атылып кетишти. Белек Солтоноев кыргыздын алгачкы тарыхчысы, маданият изилдөөчү (культуролог) инсаны. Өзүн өзү тарбиялап, орусча мыкты үйрөнүп, дүйнөлүк адабият, маданият, тарых китептерин окуп, билимин өстүрүп, кыргыздын атамзамандан берки тарыхын алгач жазды. Кыргыздын маданиятын, салтын, тилин ооз эки чыгармаларын изилдеп ыр, санжыра жазды. Анын миң беттен ашуун жазган этнографиялык эмгеги илимдер академиясынын архивинен уурдалып жоголду. Өзү жалган жерден элди сүйгөндүгү үчүн эл душманы болуп атылып кетти. Алма-Атадагы Казакстан Илимдер Академиясынын архивине аманат калтырган кол жазмасы акыры жазуучу Мухтар Ауэзовдун жардамы менен кызынын колуна тийип, сакталып калды. Сексенинчи жылы Белек Солтоноевдин кол жазмасын таап, “Ала-Тоо” журналына биринчи жолу жарыяладык. Ошого дейре кыргыз окумуштуулары, изилдөөчүлөрү, тарыхчылары илипоздун кол жазмасынан коркушуп, изилдешкен эмес. Мына советтик идеологиянын каргашасы.

Ушундай эле жалган жалаага К. Тыныстанов, Ж. Абдырахмановдор кабылган. Экөөнүн аракетинен “Манас” эпосу басмадан жарыяланган, илимий изилдөөгө жол ачылган, дүйнө элдеринин тилдерине которула баштаган. Кыргыз тарыхын, рухий маданиятын жазууга, изилдөөгө В.В.Бартольд сыяктуу дүйнөлүк окумуштуулар, музыка изилдөөчүлөрү, сүрөтчүлөр Кыргызстанга чакырылган. 1916 – жыл жөнүндө изилдөөлөр, чындыктар жазылган.Булар эч убакта өзүлөрү жөнүндө, дүр -дүйнө, мансап туурасында ойлонгон эмес. Улуттун келечегин гана ойлонушкан, элибиздин маданияты, рухий дүйнөсү өссө экен деп Жараткандан зар тилешкен, өмүрүнө, жыргалына кайыл болушкан. Коомду алдыга жылдырып, турмушун оңдоп, элдин көзүн ачышкан, эмгегин калтырышкан. Мына ушулар ата уулдары (патриоттор)".

"Кет Бука" күүсү тууралуу К.Жусуповдун жазганы:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Мобу комуздун күүсү XIII кылымда чыккан. Күүнү кыргыздар "Кет, Бука" деп атаган. Бука деген кыргыздарды эзген монголдордун ханы болуптур. Кыргыздар ага оор салык төлөгөн. Монголдор шаарларды кара жерге теңеген, эркек аттууну аскан, аялдарына кара кийгизген. Эл азаптуу, кордукта күн кечирди. Монголдорго акарат кылган кыргыздардын башы кеткен.
Күч колдо жокто эл кантип баскынчылар менен күрөшүш керек эле. Ок менен, күч менен кыргыздар душманга теңеше албайт эле. Ошондо эл комуз менен күрөшкө чыкты. Монголдорго каршы күү чыгарды. Чыгарылган күү монголдордун аскериндеги мыкаачы жол башчысын арбаган күү, элибиздин жат душманга болгон каргышы, жек көрүүсү, күрөшү эле.
Элдик күү момундай окуяны айтат.
Бука хандын баласы аңчылыкка чыгат. Ал ойдогу-тоодогу көзгө илинген жерден кийикти калтырбай кырып салат. Акыры ачкөз, таш боор неме кайберенден мерт болгон. Эми каардуу ханга суук кабарды батынып, жандан кечкен кандай пенде угуза алмак?! Угузган адамдын башы кетери маалым эле. Акыры ким болсо да салт боюнча угузуу керек да. Эми бул ажалга ким барат деп, элдин шамы өчүп турганда, айылдын аксакалы азиз комузчуну чыгыптыр. Карыя суук кабарды кантип угузду дебейсизби?
Ошондо карыя комузун алып эл жыйынында, хан алдында отуруп күү чертет. Сиз дагы комуз күүсүн бирпаска угуп туруңузчу, мейманым.
…Бейпил жашоого магдыраган талаага бүлүк түштү. Кара ниет киши сулуулукту, тирүүлүктү башкаларга ыраа көргүсү жок. Ал өзүнүн күчүнө дөөгүрсүйт. Көзү эч нерсеге тойбойт, баарын сором, тыптыйпыл кылам деп оолугат. Акыры кара ниет ойлогондой болбоду. Тирүүлүк менен сулуулук кара ниет адамдын өзүн мерт кылды… Элдин муң-зарын капар албаган мерез, зулум хан ушу саам комуз күүсүнө түшүнгөн экен. Күү менен элдин кайгысын, муң-зарын айткан. Комуз аркылуу баласынын өлүмүн угузган, элдин каргышын айткан комузчуну хан кечирбеди. Ал ого бетер жинденди. Хан эң оболу комузга, андан соң комузчунун кулагына эритип туруп коргошун куйдурган.
Ошону менен комуздун сайраганы жоголмок беле?! Комуздун күүсүн кандай хан акими токтото алат дейсиз!
Запкы чегип, дүлөй болгон азиз комузчу жетелетип айылдан-айыл кыдырып, белден-бел ашып, жер безип, күү тагдырын улам неберелерине чертип берип жүргөн. Комузчунун армандуу күүлөрү чагылган үнүндөй ой-тоого тараган эле.
Ошондо дүлөй комузчу комуз черткенде асмандан учкан куш комузга келип кончу дешет. Соолуган гүл тирилген дешет. Дүлөйдүн коргошун куюлган комузу ого бетер күүгө келип, дагы эле эл ичинде колдон колго өтүп жүрөт дешет".

Жарык көргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кеңеш Жусупов эне тилинде (кыргызча) жазат.

Анын бир катар чыгармалары дүйнөнүн ар кыл (орус, украин, казак, түрк, француз, чех, арап, татар ж.б.) тилдерине которулган.

Андан тышкары, Жусупов түзүп, жарыялаган кыргыз тарыхына, этнографиясына, маданиятына жана жалпы эле ой мурасына арналган кыргыз жана орус тилдериндеги баалуу жыйнактар пост-советтик Кыргызстандын орто мектептеринде жана жогорку окуу жайларында хрестоматия милдетин аткарып келет.


Замандаштары. Достору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кеңештин мыкты устаттары - Түгөлбай Сыдыкбек уулу менен Чыңгыз Айтматов, журналист Капар Алиев болгон.

Түгөлбай Сыдыкбеков тууралуу Кеңеш мындай деп жазганы бар:

"Устатыбыз чындыкты жалтанбай бетке айткан киши эле. Борбордогу шовинисттик саясатты, (коммунисттик) партиянын кемчилигин жана жергиликтүү өкмөт жетекчилерин катуу сынга алды. Кыргыз жазуучуларынан мындай эрдикке эч ким баралбады". ("Кыргыз туусу", 2002-жыл).

Ал эми анын мыкты досторунун арасында Салижан Жигитов, Мурза Гапаров, Кубатбек Жусубалиев, Ашым Жакыпбеков, Саадабай Сырдыбаев, Өскөн Даникеев, Дайырбек Казакбаев, ж.б. аталат.

Kыргыз тилинде жарыяланган эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жашоо кумары
  • Каралдым, тоолор
  • Микеланджело мекенинде
  • Жүрөгүм менин тоолордо
  • Ыр сабындагы өмүр
  • Ата журт: Публицистикалык ой толгоо жана повесть
  • Күлгүн курак
  • Ыр сабындагы өмүр: Акын А.Осмонов жөнүндө документалдуу баян
  • Кан жолдогу ойлор: Жол очерктери
  • Тоолуктар баяны
  • Тулпар: Ой толгоо.
  • Сапар китеп: Повесттер
  • Манас: Балдар үчүн.
  • Байыркынын издери.
  • Кыргыздардын байыркы маданияты
  • Жан шерик: Жыйнак / Жыйнакты түзгөн Айгүл Эралиева.

К.Жусупов түзгөн жыйнактар (кыргыз тилинде)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыpгыздаp: Санжыpа. Таpых. Муpас. Салт / Түзгөн К.Жусупов. — Бишкек: Кыpгызстан, 1991. — 2-том. — 576 б.
  • Кыpгыздаp: Санжыpа. Таpых. Муpас. Өнөp. / Түзгөн К. Жусупов. — Бишкек: «Соpос—Кыpгызстан» фонду, 1995. — 3-том. — 639 б.
  • Кыргыздар. Он томдук жыйнак / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев. - Бишкек: Учкун, 2004. - Т. 1-10. - ISBN 9967-413-89-1.
  • Кыргыздар. Он төрт томдук жыйнак / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев. - Бишкек: Бийиктик, 2011. - Т. 1-14. - ISBN 978-9967-13-792-9. (Китептин жарыкка чыгышына демөөрчү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Карганбек Самаков.
  • Кыргыздар. Жыйырма томдук / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев; редакторлору Т.Асанов, Р.Жолдошов. - Бишкек: Бийиктик плюс, 2019. - Т. 1-20. - ISBN 978-9967-13-792-9.
  • Кыргыздардын улуттук маданияты: Тарых. Маданият. Мурас. Салт-нарк. Боордоштордун маданияты / Түз.: К.Жусупов, Ж.Бакашова, К.Иманалиев, М.К.Өмүрбай уулу; Редактору академик Абдыганы Эркебаев. - Б.: 2012. - 972 б. - ISBN 978-9967-26-570-7.

Орус тилинде (Произведения в переводе на русском языке)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Лесорубы: Повести и рассказы. – М.: Сов. писатель, 1975. – 309 с.


  • Сабыр и дедушка: Повесть. – М.: Детская литература, 1980. – 95 с.
  • Манас: Для детей. – Б.: Фонд Мээрим, 1995. – 191 б.

Украин тилиндеги котормолор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сабыр и дедушка: Повесть. – Киев: Вэсэлка, 1983. – 104 б;. – укр.


Орусча түзгөн жыйнактары (К.Джусупов как составитель сводов на русском языке)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыpгызы: Источники. Истоpия. Этногpафия / Сост.: Омуркул Каpаев, Кенеш Жусупов. — Бишкек: Шам, 1996. — 620 с. (Фонд «Соpос—Кыpгызстан»). ISBN 5-7499-0042-8.
  • Кыргызы: 14-ти томник. 11-й том. Источники, история, этнография, культура, фольклор / Составители: Кенеш Жусупов, Каныбек Иманалиев; редакторы Темир Асанов, Рыскул Жолдошов. – Бишкек: Бийиктик, 2011. – ISBN 978-9967-13-792-9.


Түрк тилинде:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Yusupov, Keneş (Nesir Halinde Yazan), Manas Destanı, (Türkiye Türkçesine Aktaranlar: Fikret Türkmen-Alimcan İnayet), Atatürk Kültür, Dil ve Tarih Yüksek Kurumu Atatürk Kültür Merkezi Yay., Ankara, 1995, 274 s.
  • Yusuf, Keneş. Manas Destanı / Çev. Fikret Türkmen ve Alimcan İnayet. –– Ankara: Bengü Yayınları, 2017.

Ал тууралуу чыгармалар жана китеп макалалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Өмүров, Бактыяр Жанышбекович. Кеңеш Жусуповдун чыгармачыл изденүүлөрү. 10.01.01 - Кыргыз адабияты. Филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын авторефераты. - Бишкек, 2014. - 30 бет. - КР УИАсы: Жусуп Баласагын атныдагы КУУ. - (2014-жылы 28-ноябрда Бишкекте УИАда корголду. Илимий жетекчиси академик А.Акматалиев).
  • Өмүров, Бактыяр Жанышбекович. Улуттук баалуулук К.Жусуповдун калеминде // И.Арабаев атындагы КМУнун Жарчысы. - 2013. -= № 2. - Б. 140-142.
  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. – (Мында: 216-бетте). - ISBN 5-89750-100-9.
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – (Мында: 138-бетте). – ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Писатели Советского Киргизстана: Справочник / Авторы-составители К.Ботояров, Р.Момунбаева; сост. А.Макеева; Редколл.: Барпы Рыспаев (глав. ред.) и другие. - Фрунзе: "Адабият", 1989. - 656 стр. - (здесь: С. 246-247). - ISBN 5-660-00084-3.
  • Айтматов академиясынын академиктери / Жыйнакты түзгөн Дилдебек Андашев; Жооптуу редактору Четин Жумагулов. Китепти каржылаган Темирбек Асанбеков. – Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 2011. – 104 бет, сүрөттөр. – (Мында: 50-бетте). – ISBN 978-9967-14-087-5.
  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]