Ибрайым Юсупов
| Ибрайым Юсупов | |
| | |
| Кайман аты: |
Аязий, Ачык Аяз |
|---|---|
| Туулган датасы: | |
| Туулган жери: |
Азат айылы, Чымбай району, Каракалпакстан АССР, Өзбекстан ССР, СССР |
| Өлгөн датасы: | |
| Өлгөн жери: | |
| Ишмердүүлүгү: |
акын |
| Чыгармачылык жылдары: |
1946—2008 |
| Жанр: | |
| Бааланганы: |
Өзбекстан эл акыны
|
| Сыйлыктары: |
Өзбекстан Каарманы (2004) |
Ибрайым Юсупов (толук аты-жөнү Ибрайым Юсупович Юсупов, 5-май 1929, Чымбай району, Каракалпакстан АССР, Өзбекстан ССР, СССР – 24-июль 2008, Нукус, Каракалпакстан, Өзбекстан) — каракалпак поэти, ХХ кылым каракалпак адабиятынын улуу өкүлү, котормочу , драматург жана педагог. Каракалпакстан жана Өзбекстан эл акыны, Өзбекстан Каарманы (2004). Каракалпакстан Республикасы Мамлекеттик Гимнинин сөзүн жазган.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ибрайым Юсупович Юсупов 1929-жылы 5-майда Каракалпакстан Республикасы Чымбай районунын Азат айылында туулган. Атасы Юсуп (дин кызматкери) Сайекеев (1875-1931) ошол кездеги диний ишмер болгон, 1931-жылы сүргүн башталып, совет өкмөтү тарабынан Түркмөнстанга сүргүнгө айдалган, ошол боюнча туулган жерине кайра кайтып барган эмес. Айрым далилденбеген маалыматтарга караганда, Юсуп Сайекеев «Дашогуз» түрмөсүнөн качып, Төрткөл шаарынын жанында орус аскерлерине каршы согушта курман болгон. Энеси Ханбийби эки уул, төрт карындашты чоңойткон. Ыбрайым үй-бүлөсүн багуу үчүн 13 жашынан тарта иштей баштайт. Улуу агасы Маденбай Юсупов II дүйнөлүк согушка катышкан. Ал Беларусь чек арасында жарадар болуп, согуштан кийин өз өлкөсүнө жөнөтүлгөндөн кийин каза болгон.
Каракалпак мамлекеттик педагогикалык институтунда окуган. 1949-жылы институтту аяктагандан кийин ошол жерде адабият мугалими болуп иштей баштаган. 1961-1962-жылдары «Амударыя» журналынын редактору, андан кийинки үч жыл СССР Академиясынын Каракалпакстан филиалынын Н.Давкараев атындагы Тил, адабият жана тарых институтунда илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 1965-1980-жылдары Каракалпакстан АССР Жазуучулар союзунун баштыгы болгон. И. Юсуповдун жетекчилиги менен Каракалпак маданият күндөрү Советтер Союзунун көптөгөн өлкөлөрүндө, анын ичинде Москва, Киев, Алматы, Вильнюс жана башка шаарларда көп жолу өткөрүлгөн. 1980-1988-жылдары «Совет Каракалпакстаны» (азыркы «Эркин Каракалпакстан») гезитинин башкы редактору болгон. 1988-1994-жылдары Каракалпакстан тынчтык комитетинин төрагасы болуп иштеген. 1994-2000-жылдары «Руханият жана чеберчилик» борборунун жетекчиси болгон.
Каракалпак калкынын 20 кылымдагы улуу инсаны И. Юсупов 2008-жылы 24-июлда каза болгон. Өзбекстан Республикасынын Биринчи Президенти Ислам Каримов акындын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айткан: «Ал кайда иштебесин, бардык жерде өзүнүн уюштуруучулук жөндөмү, илим-билимдүүлүгү менен элдин сүймөнчүлүгүнө, урмат-сыйына ээ болгон». Акындын сөөгү Нукус шаарындагы «Шорчо баба» көрүстөнүнө коюлган.
Саясий иштер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]И. Юсупов 1952-жылы буржуазиялык-улутчул топтор менен кызматташкан деп шектелип, айыпталган. Бирок далили жок болгондуктан акталып чыккан. Жогорку Кеңешке бир нече жолу депутат болуп шайланган. 1990-жылы М. Горбачёвко каршы критика айткан: «Көрсөткөн күнүң ушулбу?» деген ыры үчүн сүргүн болот. 1990-94-жылдары КАССР жана Өзбекстан Жогорку Кеңешине, депутат болуп шайланган. Бир канча жолу Өзбекстан Республикасынын Президенттин шайлоодо Каримовдун ишенимдүү өкүлү катары анын талапкерлигин активдүү колдогон.
Чыгармачылыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Поэтикалык чыгармалар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акындын алгачкы ырлары 1946-жылы («Мекеним» ыры) жарыялана баштаган. «Жолдош мугалим» (1949), «Акация гүлдөгөн жерде» (1952) «Килемчи аял жөнүндө чындык» (1955), «Эски фонтан жомок» (1957), «Актрисанын тагдыры» (1958), «Талаа армандары» (1964) ), «Томрис» (1970), «Каракалпак жөнүндө сөз» (1977), «Булбул уясы» (1987) аттуу поэмаларды жазган.
«Бакыт лирикасы» (1987), «Чыгыш саякатчысына» (1959), «Ойлор» (1960), «Жети адыр» (1962), «Талаа армандары» (1966), «Заман агымы» (1968), «Жүрөк жүрөктөн суу ичет» (1971), «Томрис» (1974), «Илхам» (1977), «Доор шамалы» (1982) сыяктуу поэтикалык китептери жарык көргөн.
Жетишкендиктери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Өзбекстан Каарманы (2004)[1]
- «Эл-калк урматы» медалы (1999)
- «Достук» значогу
- «Эмгек Кызыл Туу» медалы (04.05.1979)
- Өзбекстан эл акыны
- Каракалпакстан эл акыны
Эстелиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ташкенттеги жазуучулар аллеясында Ибрайым Юсуповдун айкели тургузулган. Нукус шаарында каракалпак тили жана адабияты адистиги боюнча чыгармачылык мектеби бар. Каракалпакстан Республикасы райондорунун жана шаарларынын негизги көчөлөрүнүн аталыштары акындын жаркын элесине коюлган.
Ч. Айтматов жана И. Юсупов
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Ибрайым Юсупов өз ырында мындай жазат:
«Эки Чыңгыз басып алды элимди,
Бирөөсүн мен жек көрөмүн өлгүчө.
Экинчисин, - ачып жүрөк төрүмдү,
Сагынамын, шашыламын көргөнчө.»
Мен Ибрайым Юсуповдун ырларын котормо түрүндө гана окугам. Котормодо да бул киши бизди таң калтырат жана суктантат. Түп нускада окубай калганыма өкүнүчтүүмүн. Ибрайым Юсупов прозада багын сынап көрсө, бул адамдын эмнеге жөндөмдүү экенин бир гана Кудай билет... Эгер качандыр бир убакта ушундай кылайын десе, бийиктикке көтөрүлөт. Эрнест Хемингуэй жана Рабиндранат Тагор сыяктуу генийлердин деңгээлинде. - деп жазат Чыңгыз Айтматов «Правда востока» гезитинин 1991-жылкы санында.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кичи адабият энциклопедиясы
- Сүрөттөр — Ибрайым Юсупов Чыңгыз Айтматовка кийим кийгизип жаткан учурда