Кызыл-Дыйкан (Өзгөн району)
Айыл
Кызыл-Дыйкан
|
Кызыл-Дыйкан — Кыргызстандын Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Жазы айыл аймагына караштуу. Жазы суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээли 1050 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 11 км түндүк-чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 57 км. Калкы 2862 (2009); негизинен дыйкан жана мал чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар. Турмуштиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тегирмен, мончо иштейт.
Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Калкы ― 2862 киши (2009-жылы)[1].
Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9