Кайрат, Өзгөн району
Jump to navigation
Jump to search
Айыл
Кайрат
Кайрат
|
Кайрат (кырг. Кайрат) — Кыргыз Республикасынын Ош облусун Өзгөн районундагы айыл. Заргер айыл округу составына кирет. Зергер суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1180 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 18 км түштүк-чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 68 км. Калкы 1445 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, дарыкана, оорукана, үй-бүлөлүк врачтар тобу, тегирмен иштейт.
Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]
Калкы - 1 444 киши (2009).[1]
Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 Август (Баш оона) 2011.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5