Мазмунга өтүү

Көлдүк айыл аймагы

Отурукташкан жай
Көлдүк
Өлкө Кыргызстан
Облус Ош облусу
Район Өзгөн району
Координаттар 39°59,28′ с. ш. 73°29,37′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Борборунун бийиктиги 1400 м
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Расмий тили Кыргыз тили
Калкы 5 285 адам (2014)
Улуттук курамы Кыргыз
Диний курамы Ислам
Этнохороним Көлдүк, Көлдүктөр
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996
Автоунаа коду Z
Көлдүк айыл аймагы (Кыргызстан)

КөлдүкКыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы айыл.

Айылдын аталышы тууралуу жергиликтүү калк арасында 2 уламыш айтылат. Кээ бир айтылып жүргөн маалыматтар боюнча, айыл мындан 3 кылым мурда пайда болгон. Көлдүк айылынын эң жогорку жагын камтыган Тоо-Дыйкан кыштагында жар көчкөн. Көчкү 3 ай бою сууну тосуп, көлгө айланып турган. Ошондон көл пайда болгон жер деп айтылып жүрүп, Көлдүк аталып калган. Экинчи уламыш боюнча, мындан 2-3 кылым мурда кыргыз урууларынын өз ара жер жана бийлик үчүн күрөшү башталган. Ошондо Ысык-Көлдө жашап жүргөн кашка уруусун Бугу уруусундагылар "Биз менен кошо кырылып калбай, өзүңөрдүн аймагыңарга - Ошко кеткиле", - деп жөнөтүшкөн экен. Ысык-Көлдөн кайра кайтып келген кашка уруусунун элин жергиликтүүлөр көлдүктөр деп аташкан. Ошондон улам айыл Көлдүк деп аталып калган дешет.

Айылда эл эгин айдап, дыйканчылык менен алектенет. Мындан тышкары тоодо да айыл ичинде да бадам , ит мурун, долоно, кымыздык өсөт. Аларды терип сатыкка чыгарышат. Ошондой эле айылдагы элдин үчтөн бир бөлүгү жаңгактын түшүмүн алып, сатуу менен киреше табат. Айылда чөп кенен болгондуктан, тургундар үчүн мал чарбачылыгы кирешенин бир бөлүгү болуп эсептелет. Жылкы, уй саагандар андан түрдүү азыктарды даярдашат.

Чыгаан инсандары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]