Кызыл-Тоо, Өзгөн району

Википедия дан

Кызыл-Тоо, Өзгөн районуОш облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Кызыл-Тоо айыл округуна караштуу. Жазы суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээли 1160 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 25 км чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 75 км. Калкы 3269 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, амбулатория бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]