Мазмунга өтүү

Жээренчи, Өзгөн району

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Жээренчи
РайонКыргызстан
Координаттар40°47′39″ с. ш. 73°20′23″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1930
Мурунку аталышыЛенин-Жол
Борборунун бийиктиги1010 м
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы4 061 [1] адам (2023)
Сандык идентификаторлор
Жээренчи, Өзгөн району (Кыргызстан)

Жээренчи (кырг. Жээренчи) — (2004-жылы чейин Ленин-Жол) Кыргыз Республикасынын Ош облусун Өзгөн районундагы айыл. Жазы айыл округу составына кирет. Деңиз деңгээлинен 1010 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 15 км чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 60 км. Кыштак 1930-жылы негизделген.

Калкы - 4 061 киши[1]; негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, клуб бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, мончо иштейт. Кыштакта Социалистик Эмгектин Баатыры Ж. Мойдунов туулган.