Макаренко, Өзгөн району

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Макаренко, Өзгөн районуОш областынын Өзгөн районундагы кыштак. Төрткүл айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 905 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 8 км түндүк тарапта. Кара-Суу темир жол станциясынан 58 км. Калкы 2185 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал багат. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]