Шоро-Башат
Айыл
Шоро-Башат
|
Шоро-Башат («шор суунун башаты» деген маанини камтыйт) — Кыргызстандын Ош облусунун Өзгөн районундагы айыл. Төрт-Көл айыл аймагынын административдик борбору.
Өзгөн шаарынан 10 км түштүк-батышта Жазы дарыясынын оң өйүзүндө жайгашкан. Ош—Бишкек жолунун 600-километринде, Өзгөн менен Жалал-Абад шаарларынын арасында жайгашкан.
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шоро-Башат айылында Шоробашат маданияты табылган. Шоробашат маданияты биздин заманга чейин 4—1-кылымдарга таандык археологиялык эстелик.
Калк
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы — 4764 киши (2009-жылы), негизинен айыл чарбасы жана мал чарбачылык менен алектенишет[1]. Көптөгөн Акжуаз дыйкандардын кызматында.
Инфратүзүм
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Айылда Эрназар атындагы мечит, Тагай Асранов атындагы орто мектеп жана Караханид лицейи жана спорттук зал иштеп келет. Айылдын атактуу кишилери жазуучу жана публицист
Атактуу инсандар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Пазылов Абибилла — Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.