Кыргызстан, Өзгөн району
Көрүнүш
Отурукташкан жай
Кыргызстан
|
Кыргызстан (кырг. Кыргызстан), Чапкынды — Кыргыз Республикасынын Ош облусун Өзгөн районундагы айыл. Ийри-Суу айыл округу составына кирет. Жыланды-Суу суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1220 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 18 км түндүк тарапта. Ош темир жол станциясынан 6 км.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы - 3 122 киши[1]; негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары, базарчалар иштейт.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9